Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:34

Мектептеги рэкеттин күч алганы үчүн ким жооптуу?


Акыркы маалыматтар боюнча мектептерде рэкетчиликке кыздар да тартылып жатат. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты, Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Гүлжамал Султаналиева “Азаттыкка” маек курду.

- Жакында Таластагы №1 жана 2-орто мектептерде окуган кыздардын ата-энелери жазган кайрылуусу сизге да тийген экен. Бул боюнча сиз кандай аракеттерди көрдүңүз?

Гүлжамал Султаналиева: Бул окуя декабрдын башында болуп, мага ушул окуядан кийин кат келген. Мен ошондо эле ата-энелер менен сүйлөшүп, бүгүнкү күнгө чейин кабарлашып турам, ал жерде тергөө иштер болуп атат.

- Жакында эле бизге да ошол ата-энелер маалымат беришти эле, алардын айтымында, ушул ишти тергөөнү башка тергөөчү колго алганы кабарланып атат.

Гүлжамал Султаналиева: Башында тергөө иши болуп аткан. Ата-энелер кайрылган кезекте ушул тергөөчүлөр бул ишти андан ары уланткысы келбей, өз ара чечип алгыла деген шылтоолор менен ишти козгогусу келген эмес. Мен телефон чалып кийлигишкенден кийин булар ошол ишти козгогонго мажбур болушкан.

Андан сырткары мен ата-энелерден булар менен кабарлашып атканда эч качан арызыңарды алып, кайра артка кетпегиле деп сурангам. Себеби бүгүнкү күндө биз мындай маселелерди коомчулукка чыгарып, элди, коомчулукту, балдарды тарбиялабасак, мындай көрүнүштөр өтө көп болуп атат.

- Өткөн жылы Таласта, андан мурдараак Чүйдө мектептеги тоноочулук ур-токмокко алуунун натыйжасында эки бала каза таппадыбы. Мисалы, Бакай-Ата районундагы Саадабай уулу Нуракты ур-токмокко алып жүрүшкөнүн 11-класстын окуучулары сотто мойнуна алышпадыбы. Эми ушул окуялардын улам-улам улана бериши мектептерде “бармак басты көз кысты” саясаты менен белгисиз бойдон калтырылып жатышы да мектептеги рэкетчиликтин күчөп жатышына демилге болуп аткансыйт. Мисалы, мугалимдердин өздөрүн, мектептеги жетекчилерди ишине шалаакы мамиле кылганы үчүн жоопко тартууга болобу?

Гүлжамал Султаналиева: Албетте жоопко тартса жакшы эле болот. Көп учурларда чынында мектеп директорлору, администрация күнөөлүү экени көрүнүп турат. Бирок ошол нерсе далилденип, логикалык жыйынтыгына жетпей атат. Бүгүнкү күндө балдардын бири-бирине болгон зордук-зомбулугу күчөп атканы - бул жалпы элдин, улуу муундун бири-бирине болгон мамилеси начарлагандыктан балдар да улууларды көрүп, бири-бирине ушундай мамиле жасап атабы дейм да.

Мен Таласка барып тегерек үстөл өткөргөндө Нурактын ата-энеси, дос балдары менен жолуккам. Ошолор айтышты, бизде эки рэкет бар: бирөө расмий, башкасы расмий эмес. “Расмий рэкеттер - мына мектеп директору отурбайбы, ушулар эле бизге кандай мамиле жасайт, канча акчаны бизден чогултуп атат” дешти.

- Демек “балык башынан сасыйт” дегендей маселени бир нукта чечиш керек окшойт?

Гүлжамал Султаналиева: Ооба. Нурактын соту болуп атканда, алты баланы соттободубу, ошол алты баланын ата-энеси колунда бар ата-эненин балдары экен. Ал эми Нурактын ата-энеси болгону бир мектептин мугалими болуп атат. Булардын сотко жетиш үчүн ата-энесине, дос балдарына канча кысым көрсөтүлүп, араң сотко жетти да.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG