Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Бегалы Наргозуев: Сактыкта кордук жок


Жарандык авиация департаменти Кыргызстандагы авиакомпанияларга тиешелүү Боинг-737 200 үлгүсүндөгү учактарга абага учууга тыюу салуу тууралуу буйругун чыгарды. Бул темада “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев маек куруп берди.

“Азаттык”: Кечээ күнү Жарандык авиация департаменти Кыргызстандагы авиакомпанияларга тиешелүү Боинг-737 200 үлгүсүндөгү учактарга абага учууга тыюу салуу тууралуу буйругун чыгарды. Бул эмне себептен чыкты, сиз авиацияны жакшы билген инсан катары ушунун айланасында сөз кылып берсеңиз?

Бегалы Наргозуев: Өзүңүздөр уккандай, дем алыш күндөрү Пакистанда “Исток” авиакомпаниясынын Боинг-737 200 учагы асманга учуп чыккандан кийин бир кыймылдаткычы чачырап кеткен. Азырынча кыймылдаткычы иштебей калган деп айтып атышат. Бирок биз уккан маалыматка караганда, кыймылдаткычы чачырап кеткен.

Өрт өчүрүүчү системалары жакшы иштегендиктен өрт чыкпай, жарылбай калган. Ошон үчүн бул өтө олуттуу инцидент. Өзүңүздөр билесиздер, ай сайын “Итек эйр” авиакомпаниясы менен “Исток” авиакомпаниясынын ушул маркадагы учактары кайра-кайра кыймылдаткычтары иштебей калгандыктан, бул жөнүндө коомчулук да жакшы билет, парламентте аябай катуу сөз болгон. Бирок ошого карабай Транспорт министрлиги менен Жарандык аба департаменти моюн толгоп, бул учактарды токтотуунун ордуна учуруп келген болчу. Ошонун натыйжасы мына ушундай абалга келди.

Кыймылдаткычы асманда чачырап кеткенден кийин гана өзүн өзү сактоо инстинкти иштеп гана токтотуп атышат муну. Болбосо мындай окуя болоорун жакында эле парламентте кайра-кайра айтылган болчу. Себеби бизде кыймылдаткычтарын формалдуу түрдө, кагаз жүзүндө гана атайын кароолордон өткөрүү аябай көбөйүп кеткендигинен мындай инциденттер тез-тез каттала баштаган.

“Азаттык”: Ушул Боинг-737 200 үлгүсүндөгү биздин Кыргызстан аба компанияларында канча учак бар?

Бегалы Наргозуев: Бул үч авиакомпанияда бар “Итек эйр”, “Исток авиа”, кечээ жаңылышып Кыргызстанда деп атышат, Кыргызстанда жок, ошол учак “Кыргызстан” авиакомпаниясыныкы эмес, алар “Исток авиадан” ижарага алышкан. Андан башка “Эсен эйр” деген авиакомпанияда бар. Бирок “Эсен эйрдин” учактары эч качан мындай инциденттерге туш болгон эмес, Кудай сактасын.

Бул “Итек эйр” менен “Исток” авиакомпаниянын учактары ушул маркадагы дайыма ушундай инциденттерге туш болуп келет. Мунун негизи учактардын техникалык абалынын сакталгандыгынан, техникалык алдын алуу иш чараларды убагында өткөрүп, коопсуздукту сактабагынан болуп атат. Азыркы департаменттин бул типтеги учактардын баарын токтоттук деген бул туура эмес. Себеби 30 жылдан бери миңден ашык учак учурулган. Эч кандай кыймылдаткычы боюнча эч жерде токтотулган эмес.

Азыр да көп өлкөлөрдө учуп жүрөт. Бул өздөрүн сакташ үчүн гана жасап аткан жантал базары экен. Бул мурунтан эле “Итек эйр” менен “Исток” авиакомпаниялардын ушул учактары жетишсиз деңгээлде коопсуздук эрежени сактабагынан ушундай абалга келгени айтылып келген. Бирок бул маркадагы учактар азыр башка өлкөлөрдө учуп жүрөт эч кандай инцидентсиз эле.

“Азаттык”: Ушуга байланыштуу “Эсен эйр” компаниясынын Боинг учактары да учпай калабы?

Бегалы Наргозуев: Албетте учпай калат. Себеби азыр бул типтеги учактардын баарына токтотуу жарыяланып атат. Бирок бул “бөрк ал десе баш алгандык”. Кайсы учакта эмне жетишпегендиги болсо, кайсы учакта кемчиликтер болсо ошолорго карата чара көрүлүш керек деп ойлойм мен.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG