Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:18

Олигарх күйөө баланын 2 млн долларлык саатынын сыры


Отабек Умаров
Отабек Умаров

Коңшу өлкөдө социалдык тармакты колдонгондор президент Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаровдун колундагы кымбат баалуу саатты кызуу талкуулап жаткан чак. Өзбекстанда Умаров саясий жана экономикалык жогорку чөйрөнүн көмүскөдөгү таасирдүү кишиси экени жалпыга маалым.

Блогер Санжар Хожа чыгарган сүрөттө Өзбекстандын мамлекет башчысынын күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары, президент Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласынын колунда Richard Mille RM UP-01 Ferrari деген маркадагы саатты көрүүгө болот. Бул сааттын баасы 2 млн долларды чапчыйт.

"Мамлекеттик кызматкер, карапайым салык төлөөчүлөрдүн эсебинен айлык алган Отабек Умаровдун сааты. Анын баасы 1 миллион 880 миң доллар турат. Бул эптеп жан баккан 32 932 кишинин пенсиясы. Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен берилүүчү айлыкка жашаган мамлекеттик кызматкер мындай саатты кантип алды?” - деп суроо салат блогер.

Richard Mille UP-01 FERRARI маркасындагы саат саналуу эле нускада - 150 даана чыгарылган.

Отабек Умаров өзү да, президенттик администрациянын башка расмий өкүлдөрү да блогердин постуна реакция жасашкан жок.

Анткен менен аны бөлүшүп, комментарий жазгандардын саны күндөн күнгө арбып баратат.

39 жаштагы Отабек Умаров - Шавкат Мирзиёевдин кичүү кызы Шахнозахондун күйөөсү.

Анын кымбат баалуу автоунааларга кызыгып, түнкү жарыштарда кумарга батканды жактырары көпчүлүккө маалым.

Отабек 2019-жылы жайында Ташкенде машинесин саатына 200 чакырым ылдамдыкта айдап бараткан тасма интернетке жарыялангандан кийин көпчүлүктүн көзүнө түшкөн.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын жаңылыгынан кийин президенттин күйөө баласы бул жоругу үчүн 200 доллар айып төлөп кутулганы билинген.

Кийин мотоцикл минип, шамал менен жарышып баратып кырсыкка кабылып, Германияда жана Түштүк Кореяда операция жасалганы маалым болгон.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен. Ташкент. 9-июль, 2023-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен. Ташкент. 9-июль, 2023-жыл.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын мурунку иликтөөлөрү Умаровдун тегерегиндеги адамдар, анын ичинен агасы да Мирзиёевдин өкмөтүнө жамынып, көбүнчө баш айланткан корпоративдик схемаларды колдонуп, пайдага туйтунганынын бетин ачкан.

37 млн калкы бар өлкөдө Умаровду саясий жана экономикалык элитада көмүскөдөгү таасирдүү фигура деп сыпатташат.

“Өзбекстан коррупциянын деңгээли жогору, тууган-туушкандар бийликке аралашкан, авторитардык өлкө бойдон калууда”, - деп сыпатталат жемкорлукка каршы байкоо салган Transparency International уюмунун соңку баяндамасында.

Ошол эле учурда Мирзиёевдин доорунда “саясий жана экономикалык реформаларда кандайдыр бир прогресс” болуп жатканы белгиленет.

Умаров расмий орто деңгээлдеги аткаминер болсо да, соңку бир нече жылда Өзбекстандагы таасирдүү фигурага айланды. Ал чет өлкөлүк кадыр-барктуу адамдар, падышалык үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү менен сүйлөшүп, өзүн өзбекстандык спортчулардын тиреги катары даңазалап жүрөт.

Умаровдун ысымын жарнамалаган негизги элемент - өлкөнүн олимпиадачыларынын формасын кооздогон 7Saber аттуу жеке бренди. 2021-жылы пайда болгон бул бренд Умаровду Ultimo Groupтун компаниялар тармагы жана өнөктөштөрү менен түздөн-түз байланыштырат. Ultimo Group үч жыл мурда Өзбекстанда газ сатуу боюнча келишимдерде кайдан-жайдан ортомчу болуп чыга келген.

Күтүүсүздөн чыга калып, пайдага туйтунганына карабай, Ultimo Group көмүскөдө ишкердик кылат. Анын иштеген веб-сайты же ачык профили жок. Азыр кагаздагы анын ээлеринин бири - мурда-кийин ишкердик кылбаган ардагер.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Умаровго жана Өзбекстандагы башка бир катар мамлекеттик органдар менен компанияларга кайрылып, газ саткан ортомчу фирма түзүлө калып эле он миллиондогон мамлекеттик келишимдерди кантип алганы тууралуу түшүндүрмө сураган. Иликтөө жарыяланып жатканда алардын эч биринен жооп келген жок.

Ultimo Group фирмасынын 50% акциясынын ээлеринин бири Тухфат Анвархужаев Умаровго байланышы жоктугун айтып, Камилов менен мамилесин "достук" мүнөздө деп сыпаттады. Ал Умаров менен Камиловдун Ultimo Group фирмасына "эч кандай тиешеси жоктугун" кошумчалады.

Мирзиёевдин үй-бүлөсүнүн көмүскө олигархы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:29 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG