Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Кыргызстан аркылуу маңзат ташуу күчөдү


Ооганстанда өндүрүлгөн маңзаттын 20 тоннасы Кыргызстан аркылуу ташылат.
Ооганстанда өндүрүлгөн маңзаттын 20 тоннасы Кыргызстан аркылуу ташылат.

27-февралда АКШ Мамлекеттик департаментинин Баңгизатка каршы күрөш боюнча эл аралык бюросунун жылдык баяндамасы жарык көрүп, анда Кыргызстанда маңзаттарга каршы күрөш солгундап кеткени айтылган.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Баңгизатка каршы күрөш жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу иштери боюнча эл аралык бюросунун жылдык баяндамасында белгиленгендей, өткөн жылы Ооганстанда апийим өндүрүү 19 пайызга кыскарганы менен дүйнөдө апийим өстүрүү боюнча ири өлкө болуп калууда. Ооганстандан мыйзамсыз ташылып өткөн маңзаттары Кыргызастан аркылуу Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Батыш өлкөлөрүнө тымызын ташылып кетип жатканы, эксперттердин баамында, жыл сайын Кыргызстан аркылуу 20 тонна баңгизаттары мыйзамсыз жолдор менен тымызын алынып өтөөрү жазылган.

2007-жылы Кыргызстандын маңзаттарды көзөмөлдөө агенттиги жана АКШ өкмөтүнүн UNODC программасынын алкагында түзүлгөн Баңгизаттарды токтотуу боюнча ыкчам тобу (MOBITS) тарабынан 117 кг. героин, 26 кг.апийим, 673 кг. марихуана, 33 кг. нашаа алынып жок кылынган. Ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 50 пайызга төмөндөп, болгону 55 кг. героин 27 кг. апийим, 184 кг. нашаа, 754 кг. марихуана жок кылынган.

Баяндамада Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчилиги натыйжалуу иш алып бара албаганынан улам кызматтык алмаштыруулар болгондугу көрсөтүлгөн. Кыргызстанда коррупция орчундуу көйгөй боюнча калып, укук коргоо органдары натыйжалуу иш алып бара албай жаткандыгы, ИИМдин Маңзат сатууга каршы күрөш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Анвар Алиевдин былтыр киши колдуу болуп көзү тазаланганы маалымдалган.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча иштерге абдан туура баа берген деп эсептейт. Анын айтымында, өлкөдө коррупциянын гүлдөп өсүшүнөн, маңзаттарына каршы күрөш ачык-айкын жүргүзүлбөгөндүгүнөн, тиешелүү кызматтардын жоопкерчиликсиз мамилесинен улам өлкө аймагынан мыйзамсыз ташылып өткөн маңзаттарды жок кылуу иш чарасы өтө начар жүргүзүлүүдө.

- Бул биздин ыкчам чалгындоо, контрчалгындоо кызматтарыбыздын кесипчилик деңгээлиненби, же кандайдыр бир шектүү иштин деңгээлиненби маң заттарына каршы ири иштердин бетин ача албай жатат.

Токтогул Какчекеев жылына Кыргызстандын аймагы менен алынып өткөн мыйзамсыз маңзаттардын баасы 2 миллиард доллардан ашарын, баңгичиликке берилген жана ВИЧ-СПИД илдетине чалдыккан жаштардын көбөйгөнүн, айрыкча алардын саны Ош шаарында өскөнү тууралуу Орусиянын эксперттери маалымат таратканын айтты. Анын көз карашында, Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигин кайрадан Ички иштер министрлигинин көзөмөлүнө берип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин, Чегара кызматын дасыккан мыкты адисттер менен камсыз кылып, материалдык-техникалык базасын жакшыртуу зарыл.

- Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлердин көпчүлүгү бул иш эмне экенин билбейт. Ошондуктан ишти билбеген адам акчанын артынан кубалайт. Бу дагы бир четинен себеп болуп жатат деп ойлоп атам.

Токтогул Качекеев маңзаттарды өндүрүү, Ооганстан аркылуу баңгизат аткезчилиги мамлекеттин коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурарын кошумчалады.

Бул маселе боюнча Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин жана тиешелүү кызматтардын пикирин алууга эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок.

Жогорку Кеңештеги «Ак жол» фракциясынан депутат Ибрагим Жунусовдун айтымында дагы Ош шаарында баңги заттарына байланыштуу көйгөй оор бойдон калууда.

- Чындыгында Ошто булар өздөрүнчө жол ачып алып жатат да. Адамдар каалайбы-каалабайбы башка мамлекетке кете турган жолду Ош аркылуу кесип өтүп жатпайбы. Бул жерде эми күрөшүү болуп жатат токтобой эле. Бирок кандай деңгээлде жүргүзүлүп жатат, бул эми экинчи суроо.

Жунусов бул маселени терең иликтеп чыгып, жакын арада фракцияда карап, анан парламент отурумуна алып чыгууга аракет жасарын билдирди.

XS
SM
MD
LG