Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:41

«КАРА КЕЧЕ КОЖОЮНУ» СОТ АЛДЫНДА


27-февралда Бишкектеги Биринчи май райсоту Нурлан Мотуевдин жана аны менен кылмышка катыштыгы бар делген он кишинин ишин карай баштады. Соттолуп жаткандар өздөрүнүн айыптарын моюндарына алышкан жок. Каракечеден көмүр казуучу “Шарбон” фирмасынын жетекчиси Кумар Исабаев мамлекеттик айыптоочунун Мотуевге жана анын жанындагыларга коюп жаткан айыптарды туура деп эсептейт. Ал эми Мотуевди коомдук жактоочу Жоробек Осмонов болсо бул иштин артында чоң саясат жатат деген пикирде.

Биринчи май райондук сот залына күзөтчүлөрдүн кайтаруусунда кирип келген Нурлан Мотуев сот жараянына күбө болушканы келген журналисттерге: “Менден кандай саясий билдирүүнү күтүп жатасыңар. Бакиев тууралуу мен эч нерсе айтпайм. Адылбек Бакиев Каракеченин мыйзамдуулугу үчүн күрөшкөн. Мурдагы Акаевчи Тилек Сабыров уялбастан, мыйзамсыз Абдырахман Бабасиевдин млн. долларлык техникасын тартып алган”,- деди. Сот жараянына төрагалык кылуучу Кубанычбек Сулайманов залга келгенде Нурлан Мотуев сөзүн аягына чыкпай калды. Мотуев менен кошо кылмышка катыштыгы бар делип сотко чакыртылган он кишинин катышуусунда сот жараяны башталып, мамлекеттик айыптоочу ар бирине коюлуп жаткан айыптарды угузду. Нурлан Мотуевге он төрт кылмыш иши боюнча айып тагылса, калгандарына кылмышка катыштыгы бар, бухгалтердик эсеп-кысапты туура эмес колдонуп, мыйзам бузууга барган, мамлекеттик казынага 70 млн. сомдон ашуун каражат зыян келтиргенге катыштыгы бар делип айып тагылууда. Айыпталуучулардын айыбын угузганда алар, күнөөлөрү жок экендигин билдиришти.

“Шарбон” фирмасынын жетекчиси Кумар Исабаев март окуясынан кийин Мотуев баш болгон “Жоомарт” кыймылынан жана Каракечеге Мотуев дайындаган көмүр казууга тиешеси жок адамдардын кесепетинен фирма 27 млн. сомго жабыр тартканын билдирди.

-Мотуевге Прокуратуранын коюп жаткан айыптар туура. Мен укук коргоо кызматтарын колдойм. Бардык он бир кишиге чогуу айып тагып жатканы туура. Ар ким мыйзам алдында жооп бериши керек,- деди Кумар Исабаев.

Айыпталып жаткан Нурлан Мотуевди коомдук жактоочу Жоробек Осмонов болсо бул иш саясатка байланыштуу деген көз карашта.

-Нурлан Мотуев болбосо Нурландай болуп башка киши деле чыкмак. Бул саясий иш болуп жатат. Коррупциялашкан катмарлар уюштуруп, элге сез кылайын деген нерсе. Ал эми бул маселе мурдатан келаткан көмүр казып алуучулар менен жергиликтүү элдин ортосундагы тымызын тирешүүнүн жыйынтыгы. Жанагы Каракечедеги көмүрдү казып жаткан фирмалар Жумгал районунун социалдык абалына карабай, эл менен эсептешпей калган. Экинчиден жанагы 24-марттагы окуянын шарданы менен болуп кеткен иш, деп эсептейм.

Сот жараянына “Беш сары”, “Акулак”, “Шарбон” фирмаларынын да өкүлдөрү катышты. Алар Нурлан Мотуев баш болгон “Жоомарт” кыймылы мыйзамсыз менчиктерди басып алгандыгын сотто далилдеп берүү үчүн келишкен. Бүгүнкү сот жараянында айыпталып жаткандардын айыптары угузулуп, он бир адам суралды. Кийинки сот жараянында бул ишке байланышы бар күбөлөр жана жабырлануучулар көрсөтмө бериши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG