Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

ЧЕРНОБЫЛЬ – МИЛЛИОНДОГОН АДАМДАР ҮЧҮН ДАЛЕ ТРАГЕДИЯ


Бүгүн - 26-апрелде Чернобыль атом электр станциясында болгон жарылууга 20 жыл толду. Бул алааматтын каскагын жоюуга Кыргызстандан үч миңге жакын адам катышкан. Бирок ушул күндөрү ошол алардын бир миң сегиз жүзү гана жашап жатат. Бүгүн Бишкектеги Фучик гүлбагында Чернобыль алааматынын кесепетинен каза болгондорду эскерүү жыйыны өттү.

Азыркы жаш муундун көбү 1986-жылы 26-апрелде эмне болгондугунан кабардар эмес. Чернобыль - бул миллиондогон адамдар үчүн трагедия, көз жаш, жоготуулар.

Ар бир жылдын 26-апрелинде Фучик гүлбагына Чернобыль атом электр станциясындагы жарылуунун кесепеттерин жоюу ишине катышып, радиациянын нур-залалынын кесепетинен ар кандай дарттарга кабылып, көз жумгандарды эскеришет, гүл коюшат.

Митингде Орусиянын, Украинанын жана Белорусиянын элчилери сөз сүйлөшүп, 20-кылымдын техногендик кыйраканы - Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин толук жоюу үчүн жүздөгөн жылдар талап кылынаарын, бул алааматтын кесепети чернобылчылар гана эмес, алардын балдарына да каскагын тийгизээрин баса белгилешти.

Мамлекет тарабынан Чернобылга баргандарды социалдык жактан коргоо боюнча бир катар мыйзамдар иштелип чыкканы менен анын көбү кагаз бетинде гана кала берүүдө. «Чернобылчылар» жадагалса ден-соолугун чыңдап алганга мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз экенин айтышууда.

Чернобыл алааматыны жоюу иштерине катышкан Мэлис Кулуев жаш кезинде бир да жолу ооруган эмес. Ал радиациянын кесепетинен көптөгөн ооруларга кийин дуушар болгонун айтты: Ден-соолугум жок десем болот. Бизди 2 саат гана иштетиши керк эле, бирок радиацияныны так очогунда биз 4 саатттан иштеп жаттык. Ал эми өлгөнгө аз калгандарды үйлөрүнө жибере башташты. Алар өздөрү билет экен да канча радиация алганда адам өлөөрүн.

Киийнки маектешибиз Бузурманкул Исаков Чернобыль алааматынын кесепеттирин жоюу иштерине 1989-жылы барган экен. Ал да чернобылчылардын оор абалына токтолду:Мына дарыгерлерди айтсам, алар бизге кайдыгер мамиле жасап калды. Жакында эле ооруканага жатып чыктым, укол сайдырыш үчүн артынан чуркап жүрдүм. Акчамды өз чөнтөгүмөн бердим.

Чернобыль кыйраканынын кесепеттерин жоюу иштерине атайылап ден-соолугу чың, радиацияныны нуруна туруштук бере турган адамдарды жиберчү. Маселен Иличбек Батыркуловго аны Чернобылга жиберип жатып ал жердеги радиация тууралуу эч кандай маалымат берилбептир:Мени Чернобылга Ысыккөлдөн алып кеттишкен. Мен биринчи эч нерсе билгеним жок. Алар эч нерсе айтышкан жок да. Жөн эле Москвага курулуш иштерине деп айтып коюшкан.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча, радиациянын залакасы 3-4 муунга чейин тиет.

XS
SM
MD
LG