Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

ДЕМОКРАТ ЖОН КЕРРИ АК ҮЙ ҮЧҮН КҮРӨШТӨ ЖОН ЭДВАРДСТЫ ШЕРИК КЫЛАТ


Бүгүн АКШнын президенттигине талапкер демократ Жон Керри вице-президенттикке талапкер катары сенатор Жон Эдвардсты сунуш этти. Бул жөнүндө сенатор Керри бүгүн түндүк-чыгыштагы Питтсбург шаарындагы колдоочулары менен жолугушуусунда жарыялады. Бул эки демократ саясатчы эми азыркы президент Жорж Буш жана вице-президент Дик Чейни менен быйылкы ноябр айында өтүүчү президенттик шайлоодо атаандашмакчы.

Демократиялык партия тарабынан президенттикке талапкер катары чыгып жаткан саясатчы Жон Керри (John Kerry) “кайсы саясатчыны вице-президенттикке талапкер катары өзүнө шерик кылаар экен?” деген бир нече айдан бери жүргөн айың кептерге бүгүн чекит коюп, бул кызматка талапкер катары сенатор Жон Эдвардсты (John Edwards) тандаганын билдирди:

- Мен төмөнкү кабарды ыракаттануу менен жарыялайм: Сиздердин жардамыңыздар менен түндүк каролиналык сенатор Жон Эдвардс Америка Кошмо штаттарынын келээрки вице-президенти болуп калмакчы.

Эдвардс мырза - кесиби боюнча юрист, эр ортону элүү жаштан былтыр гана өткөн. Сенатор катары алгачкы жолу кызмат өтөөдө. Атасы түштүктүн жакыр аймагындагы тегирменде жумушчу болуп иштеген. Жон Эдвардс жакында өзү жана өз мекени жөнүндө мындай деп айтканы бар:

- Менин үмүтүмдө, Сиздер мага макул болоорсуздар, бул өлкө - дагы эле тегирменде иштеген кишинин уулу Кошмо Штаттардын президентинин уулу менен бетме-бет күч сынаша алган өлкө бойдон кала берүүдө.

Бүгүн шериги Эдвардсты Керри мырза өз киндигин өзү кесип, ортоңку катмардан азыркы бийиктикке суурулуп чыккан инсан катары жогору баалады.

Жон Эдвардс партиянын президенттикке талапкер тандоодогу баштапкы өнөктүгү (Democratic primaries) маалында Жон Керринин башкы атаандаштарынан болгон. Демократтардын чөйрөсүндө анын оптимисттик маанайда жүргүзгөн шайлоо өнөктүгү жогору бааланган.

Эдвардстын инсандык бейнеси демократтардын шайлоо өнөктүгүнө кыйла жан киргизет ко деп үмүттөнгөндөр арбын.

Эдвардс мырза азыркы президент Буштун экономикалык саясатын курч сынга алып келген саясатчылардан. Анын адатта республикачыларды колдоп келген аймактан - өлкөнүн түштүгүнөн экендиги да Керриге кыйла өбөлгө болмокчу.

Үстүбүздөгү айдын соңунда Бостон шаарында Демократиялык партиянын курултайында бул эки саясатчыны күздөгү шайлоого президенттикке жана вице-президенттикке талапкерлер катары колдоо тууралуу расмий чечим кабыл алынаары күтүлүүдө.

Ошентип, түндүктөгү Массачусетс штатынан шайланган сенатор, Вьетнам согушунун ардагери, 60 жаштагы Керри жана өлкөнүн түштүгүнөн - Түндүк Каролина штатынан шайланган сенатор, 51 жаштагы Эдвардс 2-ноябрдагы президенттик шайлоодо Ак-Үйдүн азыркы кожоюну Жорж Буш менен вице-президент Дик Чейнинин негизги атаандаштарынан болоору ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG