Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:05

ЧЕТТЕН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЧҮЛӨР ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИ КЕРЕК?


Мирзахалим Каримов, Бишкек Чет мамлекеттерден тарыхый мекенине кайтып келүүнү каалаган кыргыздар эмнелерден кабардар болуп, кандай милдеттерди аткарыш керек? Мындай маалыматтарды билбей көчүп келип алып, түрдүү кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткан кыргыздардын саны улам көбөйүп жатат азыр. Кабарчыбыз Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу иммиграциялык фонддун алдындагы улуттук борбордун юристи Аман уулу Бакытбекке ушул маселе боюнча айрым суроолор менен кайрылган.

- Бакытбек мырза, Кыргызстанга келээр алдында четте жүргөндөр кандай даярдыктарды көрүшү зарыл?

- 2002-жылы президенттин жарлыгы жарыялангандан кийин Тажикстандан, Өзбекстандан жана башка өлкөлөрдөн кыргыздар көчүп келе башташты. Азыр өз жумуруяттарынын жарандыгынан чыгып, эми Кыргызстандын паспортун алышы керек. Бул - эң кыйын маселе болуп жатат азыр. Ушуга байланыштуу иммиграциялык фонддун алдында атайын укуктук борбор ачылган. Көчүп келген кыргыздар бизге дайыма кайрылып жатышат. Биз алардын паспорт алуу жана башка маселелери боюнча суроолоруна акы албастан кеңеш берип турабыз. Тажикстандан жана Өзбекстандан келген кыргыздар өз өлкөлөрүнүн граждандыгынан чыгыш үчүн адегенде паспортторун каттоодон чыгарып келиши зарыл. Мына ошондо гана Кыргызстандын граждандыгын алууга жол ачылат. Бирок бул маселе алар үчүн абдан татаал болуп турат азыр. Себеби алардын кыргыз паспорту болбогондон кийин укуктук, социалдык жана башка жаатардан көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык берүү тууралуу мыйзам долбоору тилекке каршы, көптөн бери кабыл алынбай келатат.

- Анын себеби эмнеде?

- Кыргыздарга жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте паспорт берүү тууралуу президенттин жарлыгы чыккан. Депутаттар дагы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык берүү боюнча өзүнчө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгышты. Эми мына ушул долбоор кабыл алынып, президент ага тез арада кол койсо эле иштин түйүнү чечилип кетет.

- Чет өлкөдөн келген кыргыздар сиздерге дагы кандай маселелер боюнча көбүрөөк кайрылышууда?

- Азыр негизинен паспорт алуу боюнча абдан көп кайрылып жатышат. Жарандыгы жок болгону үчүн сатып алган үйлөрүн, техникалык каражаттарын өз наамдарына каттатуу, медициналык жардам алуу, жер үлүшү, пенсия, пособие жана башка көптөгөн маселелер боюнча укуктары чектелип жатат. Булардын чечилишине жарандык алалбай жатышканы чоң тоскоол болууда.

- Чет өлкөдөн Кыргызстанга келгендер адегенде кимге кайрылып, эмнелерди аткарууга милдеттүү?

- Алар адегенде эле Чүй аймактык миграция департаментине кайрылып, каттоодон өтүшү керек. Дал мына ошол департамент тарабынан алардын ар бирине качкын болсо качкын, мигрант болсо мигрант деген статус ыйгарылат. Андан соң убактылуу жашаган жерлериндеги бийлик органдарынан кат алып, ички иштер органдарына кайрылышат. Ички иштер органдары алар тууралуу берилген маалыматтарды миграция департаментине өткөрөт. Мына ошондон кийин гана жыйналган документтердин баары миграция департаменти тарабынан граждандык берүү боюнча комиссияга тапшырылат. Биз ушул жана бащка маселелерге байланыштуу милдеттерди аткаруунун жол-жоболорун түшүндүрүп турабыз. Зарыл болгон учурларда тигил же бул органдарга кат менен да кайрылып, алардын укуктарын коргоого көмөктөшөбүз. Бирок бул жааттагы иштер көчүп келгендердин суроо-талаптарын толук канааттандыра бербейт. Түрдүү тоскоолдуктарга, түшүнбөстүктөргө кабылган учурлар да болуп жатат.

XS
SM
MD
LG