Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:24

БОРБОР АЗИЯ НАРКОЗАТ ӨНДҮРБӨЙТ,БИРОК КАН ЖОЛ БОЙДОН КАЛУУДА


Наркозаттарды көзөмөлдөө боюнча эл аралык кеңеш жакында жарыяланган жылдык отчетунда Борбор Азия өлкөлөрүн апийим өндүргөндөрдүн тизмесине киргизген жок. Бирок,документте Борбор Азия Ооганстанда өндүрүлгөн наркозаттарды Европага ташуудагы кан жол экени белгиленген.

Наркозаттарды көзөмөлдөө боюнча эл аралык кеңеш - БУУнун көз карандысыз органы.Баш кеңсеси Вена шаарында жайгашкан бул мекеме БУУнун тийиштүү Конвенциясынын талаптарын аткаруунун үстүндө иштеп, наркозаттар боюнча дүйнөдөгү кырдаалга байкоо салып турат. Уюмдун өткөн аптада жарыялаган жаңы отчетунда дүйнөдө наркозаттарды мыйзамсыз соодалоодон түшкөн кирешенин басымдуу бөлүгү өнүккөн өлкөлөрдүн эсебинен алынаары айтылган. Бирок, Эл аралык кеңештин төрагасы Филип Эмафонун билдиргенине караганда, акыр аягында керектөөчүлөр наркозаттарды сатып алуу үчүн коротконун акчанын 1% гана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү дыйкан чарбалардын үлүшүнө туура келет:

- Мыйзамсыз наркосоодадан түшкөн кирешенин 99% аны менен алектенген топторго тиешелүү.Наркозаттарды мыйзамсыз жолдор менен ташуудан табылган кирешенин басымдуу бөлүгү - ал наркозатты өндүргөн же иштеткен өлкөдөн тышкаары жактарда.

Жогорудагы цифлар кайсыл бир өлкө наркозаттарды мыйзамсыз өндүрүү жолу менен өз жарандарынын кирешесин арбыта алат деген ой жаңылыш жана кооптуу экенин каңкуулап турат.

Отчетто айтылгандай, апийимди эң көп өндүргөн өлкө - Ооганстандын тарткан кесепеттери мунун ачык-айкын далили. Ооганстандын коңшулары Пакистан менен Иранда болсо апийим өндүрүшү бир топко кыскарган. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү наркозатты түздөн-түз өндүрбөгөнү менен аны ташуунун жана соодалоонун кан жолу бойдон калууда. Маселен, расмий маалыматтар боюнча чөлкөмдөгү өлкөлөрдө 2001-жылы укук коргоо органдары тарабынан алынган наркозаттардын өлчөмү эле 10 тоннадан ашкан. Булардын 80% Тажикстандын үлүшүнө туура келет. Эл аралык кеңештин катчысы Херберт Шепенин айтымында, Борбор Азияда наркозаттарды иштеткен лабороториялар жок экенине карабай, көзөмөл күчөтүлүшү керек:

- Борбор Азияда да наркозат өндүрүлүп жатканын көргөзгөн белгилер бизде жок. Балким, тигил же бул жерде героин лабороториялары болушу мүмкүн, бирок кайра эле апийим Ооганстандан келет. Героинди химикаттарсыз өндүрүү мүмкүн эмес. Ал химикаттарды Ооганстанга жеткирүү талап кылынат. Мында бир жол Борбор Азия, балким экинчиси Пакистан аркылуу өтүшү мүмкүн.

Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн Өзбекстан гана "Топаз" деп аталган операцияга катышууда. Анын алкагында героин өндүрүүдө талап кылынган химикаттардын соодасын бекем көзөмөлдөөгө багытталган иш-чараларды жүргүзүү каралган. Америкалык эксперт, Мерилэнд университетинин профессору Петер Ройтер Өзбекстанды наркосоодага каршы күрөшүү ишине олуттуу мамиле кылган өлкө деп эсептейт:

- Албетте, Өзбекстан буга өлкөдө коррупциянын деңгээли жогору болгонунан улам да тынчызданууда. Бирок, бул жерде борбордук өкмөт мындан такай пайда алып жатканын көргөзгөн көрүнүштөр жок. Эгер ушинтип айтууга мүмкүндүк берген белгилер болсо, ага ички деңгээлде олуттуу мамиле жасалышы абзел. Алар Ооганстан менен болгон чек араларына арбын ресурс жумшады. Өзбек өкмөтү наркозаттардын ташылышын көзөмөлдөө ишин калган эки өлкө: Казакстан менен Тажикстанга караганда дурусураак алып барууда.

Наркозаттарды көзөмөлдөө боюнча эл аралык кеңеш Борбор Азия өлкөлөрүн, өзгөчө химиялык заттарды арбын чыгарган Казакстаны алар героин өндүргөндөрдүн колуна өтүп кетишине жол бербөөгө чакырган. Түркмөнстандын бийликтери болсо, өлкөдө соңку жылдары канча өлчөмдө наркозат алынганын ачыкташкан эмес. Эл аралык эксперттер мындай жагдайды Түркмөнстан жабык коом өкүм сүргөн өлкө экенине, жергиликтүү бийликтердин маалымат берүүгө келгендеги салтка айланган сараңдыгына байланыштырышат. Өз отчетунда Наркозаттарды көзөмөлдөө боюнча эл аралык кеңеш бул багыттагы кызматташтыкты чыңдоо максатында, Кыргызстан менен Таджикстандын, Иран менен Азербайжан, Грузиянын ортосундагыдай эки тараптуу жаңы келишимдердин кабыл алынышын кубаттаарын да белгилеген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG