Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:19

Келинине кол көтөргөн кайната кармалды. Зомбулук коштогон мүлк талаш


Талашка түшкөн үй.
Талашка түшкөн үй.

37 жаштагы келин кайнатасы кол көтөрүп, ортодо үй талаш да болуп жатканын айтып чыкты. Акыркы маалымат боюнча кайнатасын милиция 48 саатка камакка алган. 

Аламүдүн районунда келинине кол көтөргөнү айтылган адам 20-апрель күнү кармалып, эки суткага камалганы белгилүү болду. Жабырлануучу кайнатасын кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылууда:

"20-апрелде милиция экөөбүздү тең суракка чакырган. Кечке чейин суракта болуп, кечинде мени коё беришкен. Эртеси мага тергөөчү телефон чалып, ал "48 саатка камалды" деп айтты. Демек, кармоо мөөнөтү бүгүн бүтөт. Эгер чыгарып жиберишсе, ал мага кайрадан кол көтөрөт деп коркуп атам. Аны чыгарбай, кылмыш жоопкерчилигине тартуусун суранам жана талап кылам", - деди жабырлануучу Жазгүл.

Чүй облустук милициясынын маалыматка ылайык, бул окуя боюнча Аламүдүн райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 214-берене ("Өзүм билемдик") жана 216-беренеси ("Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу") менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

"Мени өлтүрүп салабы, кыздарым эмне болот деген ой келди"

37 жаштагы Жазгүл Бишкекке чектеш Лебединовка айылында жарым-жартылай бүткөн үйдө чиедей төрт кызы менен жашайт. Кайната менен келиндин пикир келишпестиги башталганына эки жылдай болгон.

Күйөөсү менен Казакстанда, Өзбекстанда иштеп чогулткан акчага кайнатасынын атына катталган жер тилкесине 2020-жылы там тургузушканын, каражатты үнөмдөө үчүн курулушка төркүнү ашар жолу менен жардам бергенин айтып берди. Жазгүлдүн айтымында, эми ошол үйү талашка түшүп, кайнатасы аларды бала-чакасы менен чыгып кетүүсүн талап кылууда. Талапты аткарбаганы үчүн ага кол көтөрүп, коркуткан учурлары болгонун билдирүүдө:

"Биздин бир аз чогулткан акчабыз бар экенин уккандан кийин бул жакка там салгыла, силер жер тилкесин алып, анан там салганча качан деп болбой туруп алды. Мен кайнатамдын кыялын билгендиктен башында эле каршы чыгып, андан көрө өзүбүз эле жер алалы дегем. Анткени кайнатам мага башынан эле асылчу. Менин атам ичимдик иччү, ошондон эле "алкаштын кызы, сени адам катары көрбөйм, ажыраштырам, баламды үйү бар аялдын үстүнө киргизип берем" деп көп сөздөрдү айтчу. Жолдошум дагы атам ушул жерге там сал деп жатат деп болбой койду. Жер кайнатамдын наамында. Ошентип, 2020-жылы баштап, жылуу болот деп сокмо кылып салдык. Карантин учурунда туугандарым дагы бош болуп калып, курулушуна жардам беришти. Туугандарыма түшүндүрүп айтсам, кайнатаң бир деме десе биз турабыз го деп мени жаман көрүшкөн".

Кайната-келиндин келишпестиги алар чогуу жашап калган учурдан башталган. Жазгүлдүн айтымында, чоң атасы неберелеринин жүрүм-турумун жактырбай, баскан-турганына көп киришет:

"Үй курулуп бүткөнчө кайнатам Москвага барып келген. Бул жакка киргенде биз менен чогуу жашап калды. Ал буга чейин жалгыз жашап көнүп калган да. Үч ай жашагандан кийин кыздарымдын кылык-жоругу жакпай койду. Тетиги эмне ордунда турбайт, дубалды эмне чийип жатасыңар, мен силерге көргөзөм деп эле уруш чыгара баштады, анан мага асыла баштады. Ошентип катуу уруш чыкты. Кайнагамдар аны жаныбыздагы кичине үйгө бөлүштү. Ошону менен жармашып эле урушканын койбоду, сөгүп-сагып, кыйкырып... 2022-жылдан башталды. Эки жылдан бери ушинтип алышып жатабыз".

Талашка түшкөн мүлк.
Талашка түшкөн мүлк.

Учурда Жазгүлдүн жолдошу Марат Москвада экен.

"Таластан келсек, жарыкты үзүп салыптыр. Кызым ооруп жаткан, ага улам жылуу суу берип турушум керек. Билгениңди кылып ал дегенде, катуу ачуум келип сенсиреп, машинаңды талкалап салам деп айтканым чын. Эмнеге бул жерге үй салдырасың дедим. Жолдошумдун ооруп калганы жана уул балабыздын жоктугу себеп болуп жатат. Балам өлүп калса мунун мураскору жок дейт. Сөгүп-сагып, кыздарымдын психикасын бузду. Милицияга дагы кайрылганбыз. Мага эки жолу кол көтөргөн. Ушунчалык жаман акыбалда болдум. Ата-энем мени жакшынакай кылып өстүрүп койсо, ушуларга келин болуп, ушунча бала төрөгөндөн кийин анан ушундай акыбалга келип калдымбы деп аябай намыстандым. Адам өлгөндөн кийин буга чейин милицияга кайрылбаптыр деген сөз чыгат экен, ошондуктан мен азыр маек берүүнү туура көрдүм. Рахиманын өлүмүнөн кийин ушундай чечимге келдим. Анткени милицияга кайрылгам, бирок менин ишим каралбай жатат. Чын эле мени өлтүрүп салабы, кыздарым эмне болот деген ой келди. Өзүбүз жер алып, үй салганча жашап туралы дедик. Ушунча окуядан кийин чарчап калдым, батир издесем, төрт балаң менен албайбыз дешти. Мен төрт кызым менен каякка барам?.."

Биздин маектешибиз айтып жаткан 34 жаштагы Рахима Айкымбаева - жакында эле күйөөсүнөн колунан ажал тапкан келин. Ал Жазгүлгө жакын тууган экен.

"Бул менин келиним эмес"

Келиндин кайнатасы Тыныбек (аты өзгөртүлдү) камала электе журналисттердин суроолоруна жооп берген.

Ал "Настоящее времянын" журналисти менен сүйлөшкөн учурда "Жазгүлдү тааныбайм, бул жерге үй салган өз уулум эмес, бакма балам, булар ижарачылар" деди. Ал жердин ээси экенин жана сотко кайрылып жатканын кошумчалады:

"Бул бакма балам. Ал кетип калган, мени уруп-согуп, психикалык ооруканага мыйзамсыз жаткырып, Орусияга качып кеткен. Менин ден соолугу чың деген кагазым бар. Мен буларды тааныбайм, келишим боюнча жердин кожоюну менмин, башка келишим, тил кат жок. Бул тууралуу мен сотко берип жатам. Бул келинди күзүндө келип чыккыла десем, машинемдин айнегин сындырып койгон. Урган болсом, бул жерим көгөрдү, бул жерим сынды, сыйрылып кетти деген далил керек да".

Тыныбек бул талашка Жазгүлдү жана анын туугандарын күнөөлөп жатат:

"Мен булар менен байланышпайм. Чертип дагы койбойм. Менде мунун жана энесинин үйүңдү өрттөйм, өлтүрүп кетем деп каршылык көрсөткөн видеосу бар. Дагы бир агасы келип коркутуп кеткен. Бул менин балам эмес, качан, кимге үйлөнгөн, ишим жок. Үйлөнүптүр деп бир уккам. Менин аялым төрөт үйүндө иштеп жүргөндө багып алган. Ал сыр кемпирим менен кошо кеткен. Аламүдүн милициясы, прокуратура - баары билет. Баладан баш тартып, балам эмессиң, чыгып кет дегем".

Бул талаштуу маселени тартып жүргөн учурда журналисттин көзүнчө кайнатасы келинине кол көтөрүүгө аракет кылып, Жазгүлдүн колундагы телефонду тартып алып, сындырып ыргытып жиберди. Жазгүл бул учурда кайнатасынын кол көтөргөнү тартылган видео, сүрөттөрдү көрсөтөм деп жаткан.


Ушундан кийин милиция чакырылып, арыз берилди. Келинге жакындабоо тууралуу ордер да тапшырылган.

"Атамдын айтканы калп"


Биз Жазгүлдүн Москвада экени айтылган жолдошу Марат (аты өзгөртүлдү) менен байланышууга аракет кылдык. Ал атасы өзүн актоо үчүн жалган маалымат таратып жатканын белгилөөдө:

"Атам өзүн акташ үчүн ушундай жалгандарды айтып жатат. Өзүнүн эле баласымын. Текшерсеңер туура эле чыгат. Мунун баары 100 пайыз калп. Москва кетип жатканда атам менен учурашып, мен кетип атам, иштеп келейин, өзүм дагы ооруп жаткандыктан абасы жакса бир аз иштеп келем, тийишпей туруңуз, суранам деп кеткем. Тийишпейм, куубайм деп сөз берген. Кеткенден кийин эле жарыкты өчүрүп, кыркып салып... Ошентип эле келатат".

Биздин каарман Жазгүл зомбулукка кабылганы тууралуу буга чейин "Балдардын укугун коргоо" лигасына дагы жардам сурап кайрылган. Аталган уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекова аялдар арасында өз укуктарын билбей, көчөдө калган учурлар арбын экенин белгилөөдө. Ал аялдардын мүлккө болгон укугу жакшы корголбойт деп эсептейт:

"Бул келин бизге бир нече жолу кайрылган. Биз юридикалык кеп-кеңеш бергенбиз. Милиция жардам бере албай, бул келин дагы деле зомбулукка кабылганын айтып берген. Мүлк маселеси абдан көйгөйлүү болуп жатат. Биздин байкообузга караганда, ажырашкан учурда же башка жагдайларда мүлкүнөн ажырап көчөдө калган энелер көп. Бул абдан көйгөйлүү маселе. Жаштар үй-бүлө курганда өз укуктарын жакшы тариздебей, келишим болгон учурда деле энени балдары менен көчөдө калтырып койгон учурлар көп кездешип жатат. Кыргызстанда аялдардын мүлккө болгон укугу жакшы корголбойт. Кээде үй аялына берилбеши үчун балдарын дагы бербей коюшат, ошентип талаш-тартыштын үстүндө жашай беришет. Ушул маселени чечиш үчун мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. Бизде зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтүү системасы да начар. Аялдарды жана балдарды коргой турган социалдык кызматкерлердин санын көбөйтүп, социалдык кызматтарды түзүү зарыл".

Кыргызстандык аялдардын менчикке болгон укугун коргоо кыйын. Үйлөрдүн көбү эркекке катталган. Өзгөчө жубайлар ажырашканда аял үй-жайсыз калган, мунун айынан соттошкон учурлар көп эле кездешет. Мамкаттоо кызматынын буга чейинки иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанда аялдардын турак-жай менчигине болгон укугу толук корголбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG