Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Издөөдөгү Имамидин Ташов кайра кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

УКМК “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп шек саналып, издөөдө жүргөн Имамидин Ташов кармалганын кабарлады. Ал Панфилов районунун Кайыңды айылына баратканда кармалган.

Атайын кызмат ишкер “бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган” деп маалымдады.

Көп кабаттуу үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып кармалып, былтыркы жылдын этегинде үй камагына чыккан ишкер бийликтин аракеттерин кескин сындап, атайын кызмат андан 100 миллион сомду мыйзамсыз доолаганын айтып кайрылуу жасаган. Бирок анын кайда жүргөнү белгисиз болчу.

Алгач ишкерлик менен алектенип, кийин саясий кампанияларга аралашкан Ташов ким?

"Ташов чек арадан мыйзамсыз өтүп келе жаткан"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деп шектелип, үч айдан бери издөөдө жүргөн Имамидин Ташов кармалганын 22-апрелде кабарлады. Мекеменин кабарлашынча, Ташов Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. УКМК ишкерди кармоо учурундагы сүрөт, видео тасманы таратты.

"И.Ташов Кыргызстан жана Казакстандын Республикасынын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды. Издөөдө жүргөн Ташов бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган”, - деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө.

Учурда тергөө жүрүп жатат. Ташовдун адвокаты жана жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Имамидин Ташовдун сыны, Камчыбек Ташиевдин жообу

"KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде былтыр октябрда кармалып, 52 миллион сом төлөп бергенден кийин 8-декабрда үй камагына чыккан. Ушундан кийин ал видео билдирүү жасап, бийликти кескин сындаган. Анда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, атайын кызматтын өкүлдөрү андан 100 миллион сом опузалап алышканын айтып чыккан. Ал кармалгандан кийин акча төлөп, " кусуп" чыккандар расмий жарыяланган суммадан үч эсе көп каражат берише турганын белгилеген.

Ташов ал видеодо мамлекеттик тууну өзгөртүү, ишкерлерди куугунтуктоо боюнча бийликтин аракеттерин сындап, мындан ары саясатка аралашуу ниетин дагы айткан.

“Ошол маалда тууну алмаштырууга каршы флешмобдор, тынч митингдер уюштурулуп жаткан. Мен дагы ошого өз салымымды кошсом деген ниетим үчүн мени кармап жатышты. Муну менен эле токтоп калбай, ар кандай нерселер менен коркутушту. Компанияга кол салып, бардык мүлкүн камакка алабыз, жакындарыңа залака тийип калышы мүмкүн деп коркутуп көрүштү. 52 миллион сом төктүрүп, ал аз келгенсип “сол чөнтөккө 100 миллион бересиң” деп араң чыгарышты. Өзүңүздөр билгендей, биздин канчалаган кесиптештер, куруучулар камалып, “кусуп” чыгышты”, - деген Ташов.

Ишкердин билдирүүсүнөн көп өтпөй, 10-январда УКМК "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Атайын кызмат Имамидин Ташов тергөө абагында отурганда издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган. Андан тышкары ишкерге алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Ташовдун айткандарын четке кагып, ишкер 52 миллион сомду УКМКга эмес, Бишкек шаарына келтирилген зыян үчүн төгүп бергенин билдирген.

“Ал 52 миллион сомду бизге эмес, Бишкек шаарына төлөп берди. Ал кайрылуусунда "100 миллион сомду атайын кызматтын кызматкерлери сурады" деп жатат. Биз соттун чечими менен анын башкалар менен сүйлөшкөнүн жаздырып алганбыз. Ташов тергөө абагында отуруп алып Тилекмат Куренов менен сүйлөшүп, Кыргызстанда төңкөрүш кылууну пландап жатышат. Бир канча күн сүйлөштү. Ага карабай 52 млн сом төлөгөндөн кийин Ташовду чыгарып, байкап жаттык. Кийин ушул видеосу жарыяланып жатат. Биздин кызматкерлер сүйлөшүүнү жаздырып алган экен, ал жерде Куренов “100 миллион деп коё бер, эл ишене берет” деп жатат”.

Көп өтпөй президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине маек берип, бийликти күч менен алмаштырууга кызыкдар бир ууч топ бар экенин айткан. Ал саясий туруксуздук жаратууга кызыкдар кишилердин арасында ишкер Имамидин Ташов менен чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайбергенов да бар экенин белгилеген.

УКМК Ташовго издөө жарыялагандан кийин Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев “Биринчи радиодогу” маегинде KG Group курулуш компаниясынын лицензиясын алуу маселеси каралып жатканын айтып чыккан. Анын сөзүнө караганда, Бишкекте KG Group ишканасы курган тогуз объект бар. Анын ичинен көп кабаттуу үч үй пайдаланууга берилген. Калган үйлөрдө адамдар жашап жатканына карабай, документтери туура эмес болгондуктан дагы деле кабыл алына элек.

"Ташовдун аракети түшүнүксүз болууда"

Анткен менен саясий серепчилер Имамидин Ташовду ириде курулушчу жана ишкер катары таанымал экенин айтып, чоң масштабдагы митинг уюштуруп, бийликти басып ала тургандай саясий фигура болгон эмес деп эсептешет. Саясатчы Мавлян Аскарбеков анын мындай иштерге саясий тажрыйбасы жок экенин белгилеп жатат.

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

"Имамидин Ташов ири, чоң саясий фигура эмес. Биз аны ишкер, куруучу катары, ошол эле учурда үлушчүлөрү менен көптөгөн маселелери бар адам экенин билебиз. Бирок Кыргызстанга келип, ири митинг уюштуруп, бийликти басып алгыдай чоң фигура эмес. Ал бир убакта президенттикке талапкер болгон, шайлоого катышкан. Депутат дагы болгон эмес. Бирок андай масштабдагы акция өткөрүүгө анын саясий тажрыйбасы дагы, саясаттагы салмагы дагы жол бермек эмес".

Ушундай эле пикирин Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору, саясий серепчи Бакытбек Жумагулов дагы белгиледи. Анын пикиринде, Ташовдун буга чейинки билдирүүлөрү боюнча коомчулукта суроо жаралбашы үчүн Башкы прокуратура реакция жасашы керек болчу деп эсептейт.

Бакытбек Жумагулов
Бакытбек Жумагулов

"Имамидин Ташов тигил же бул маселени айтып, элди ээрчитин кете тургандай саясатчы эмес. Ал ишкерлик жагында жүрүп, айрым шайлоолорго катышып келген инсан эле. Акыркы күндөрү анын ушундай окуяларга аралашып, катышып калганы эксперттерди таң калтырып жатат. Себеби азыркы саясий акыбал деле мурункудай, революциялык деңгээлге жеткен жок. Экинчиден, талдоочу катары айтсам революцияларды тигил же бул саясий лидер кылчу эмес. Көбүнчө эл өзү чогулуп, бийликтин кылып жаткан иш-аракеттерине, ашып-ташып кетип жатканда нааразы болуп чыгып, ошонун арты менен саясий лидерлер келип калчу. Үч учурда тең эле ошондой болгон. Ошондуктан Ташовдун аракеттерине түшүнө албай жатабыз же саясий тажрыйбасынын аздыгы себеп болдубу? Негизинен анын билдирүүлөрү боюнча Башкы прокуратура кандайдыр бир реакция жасаш керек эле, аны дагы көргөн жокпуз. УКМК деле эл арасында суроо жаралбашы үчүн ички тергөөнү жүргүзүш керек болчу. Ташиев айтып өзү айтып чыккан, бирок ошондой тергөөнүн жыйынтыгына таянып айттыбы же башкабы, биз билген жокпуз".

Буга чейин УКМК ишкер Имамидин Ташов менен чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайбергеновдун өлкөнүн ар кайсы аймагындагы ондогон тарапташтары аныкталып, суракка алынганын кабарлаган. Алардын көрсөтмөсүнө таянып, атайын кызмат Ташовдун бийликти басып алуу иш-чараларын уюштурууну каржылаганы боюнча маалымат ырасталганын белгилеген. Анын жыйынтыгында бийликти басып алуу планына катыштыгы бар экени тастыкталган айрым адамдар кармалганын, Ташовдун көп суммадагы акча которгон фактылары катталганын билдирген. Мындан кийин дагы өлкөдө башаламандык уюштурууга шектелип бир нече адам кармалганы белгилүү.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Ташовдун билдирүүсүндө айтылган маалыматтар тергөө учурунда дагы белгилүү болушу ыктымал экенин белгилеп жатат. Эл өкүлү өлкөдө башаламандык уюштурууга кызыктар топтор болбосо дагы, эл арасында жумушсуздук, кымбатчылык сыяктуу маселелерде нааразылар жок эмес экенин белгиледи:

Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

"Буга чейин булардын түзгөн пландары, видеодо сүйлөгөн сөздөрү чыккан да. Ошого карап ага издөө жарыяланган. Ал эми кармоо учурунда сөзсүз башынан сылабайт. Кайсыл жерде экени аныкталып, кармаган учурда сөзсүз түрдө күч колдонулат. Бул боло турган эле нерсе болгон. Аны президенттик жана парламенттик шайлоодо талапкер катары катышкан жаран катары билем. Ал эми акча талап кылды деп айткан сөздөрүнүн чын-төгүнү тергөө иши башталса такталса керек. Ташовдун буга чейин мынча акча төлөдүм, ушунча талап кылды деп айткандары бар да. Азыр башаламандык уюштуруу боюнча маанайды байкаган жокмун. Бирок бүгүнкү күндө эл арасында жумушсуздук, кымбатчылык, жарыкка тарифтин жогорулашына байланыштуу көйгөйлөр бар. Эл аралап жүргөн адам катары айтсам кымбатчылык боюнча бир топ нааразылыктар бар".

Ташовдун ишкерлик жолу

40 жаштагы Имамидин Ташов курулуш тармагындагы ишкер катары белгилүү. Osoo.kg сайтындагы маалымат боюнча, KG Group курулуш компаниясы 2012-жылы түзүлгөн. Компания 2010-жылдан соң Бишкекте көп кабаттуу турак жайларды куруп келген. Аталган үйлөрдүн айрым тургундары бул объектилерде көйгөйлөр бар экенин айтып чыгышкан.

Ишкерлик менен алектенген Ташов 2021-жылкы президенттик шайлоодо ат салышкан. Анда ал 17 талапкердин ичинен алтынчы болгон. Ага шайлоочулардын 1,17 пайызы добуш берген (16 383).

Мындан кийин коомдук турмушка көп аралашпаган Имамидин Ташов былтыр 27-октябрда Бишкектеги муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалганын, ал шаардагы бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканын УКМК билдирген. Кийин ал зыяндын ордун он батир жана 52 миллион сомдук коммерциялык жайды муниципалдык мекемеге өткөрүп берип толтурганы кабарланган. Былтыр 8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны үй камагына чыгарган.

Ал эми аты аталып жаткан "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү, активист Тилекмат Кудайберген уулу (Күрөңов) Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен 2021-жылы 1,5 жылга абакка кесилген. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Чүйдүн Молдовановка айылындагы 27-түзөтүү колониясынан жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикке чыккан.

Бийликти сындап келген активист 2022-жылы октябрда Кыргызстандан убактылуу чыгып кеткенин билдирген.

Тилекмат Кудайберген уулу өзүнө тагылган айыпты моюнуна алган эмес. Ал Нарындагы Жетим-Тоону иштетүүгө жана 2021-жылдагы Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы акцияларды уюштуруп жүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG