Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Зордукталып, өз жанын кыйган секелектин иши тергеле баштады


Кыз-келиндердин тең укуктуулугу боюнча жүрүштөн алынган сүрөт. 8-март, 2023-жыл.
Кыз-келиндердин тең укуктуулугу боюнча жүрүштөн алынган сүрөт. 8-март, 2023-жыл.

Бишкекте 2021-жылы 13 жаштагы кыз зордукталгандан беш айдан кийин жанын кыйганы ачыкка чыкты. Бул боюнча кылмыш иши токтотулуп, тергөө жүрбөгөнү маалым болду. Башкы прокуратура ишти бир жылдан кийин кайра карап, зордуктоо фактысын жетиштүү тергебей, ишти жапкан эки милиция, соттук-медициналык экспертизанын бир кызматкерин, ошондой эле зордуктоого шектүү адамды камакка алды.

Бишкекте 2021-жылдын ноябрь айында 13 жаштагы кыздын бир тууган агасы милицияга кайрылып, дайынсыз жоголгон карындашын таап берүүнү суранган. "Азаттык" радиосунун ишенимдүү булактары кабарлагандай, өспүрүм кыз табылганда ал өзүн 21 жаштагы жигит зордуктаганын айткан.

"Социалдык кызматкерлердин көмөгү менен милицияга анын агасы зордуктоо фактысы боюнча арыз жазган. Себеби кыздын ата-энеси жок, томолой жетим болгон, агасы менен чогуу турчу. Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү жабырлануучунун арызын Ленин районунун ички иштер бөлүмүнө жөнөткөн. Ал жерде милиция кызды бир гана жолу суракка алып, кылмыш ишин козгогон, бирок шектүүнүн тек-жайы белгилүү болсо да, убактылуу кармоочу жайга киргизген эмес. Ленин райондук милиция кызматкерлери сурак протоколунда кыз шектүү менен өз ара макулдашып алып жыныстык катнашта болгон, соттук-медициналык эксперт секелек 17-18 жаштай көрүнөт деген корутундусун берген", - деди ал.

Маалыматтарда окуя боюнча козголгон кылмыш иши кыздын агасынын тосмо арызынын негизинде токтотулган, бирок ал качан жана кандай шартта тосмо арыз жазганы белгисиз. Зордуктоо фактысынан беш ай өткөндөн кийин өспүрүм кыз өз жанын кыйган.

Иш бир жыл өткөндөн кийин кайра тергеле баштады

Башкы прокуратура 13 жаштагы өспүрүмдүн зордукталышы жана өлүмүнө байланыштуу ишти бир жыл өткөндөн кийин кайра козгоду.

Буга Ленин райондук милиция кызматкерлери зордуктоо фактысы боюнча документтердеги коюлган колдорду бурмалап, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген себеп негиз болгон. Иштин алкагында эки тергөөчү, бир соттук- медициналык эксперт камакка алынды.

"Башкы прокуратура тарабынан кыздын зордукталышы жана өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн эки тергөөчүсүнө жана соттук-медициналык экспертке Жазык кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 361-беренесинин 2-бөлүмүндө (Далилдерди бурмалоо) негизинде кылмыш иштери козголгон. Ага ылайык быйыл январь айында Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы медициналык экспертти кармап, камакка алды. 10-февралда эки тергөөчү, кызды зордуктоого шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Бойго жете электерди кордоо күч алды

9-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева өспүрүмдөргө карата зомбулук фактыларына кайрылып, милиция көз жуумп, жетиштүү тергелбей калган окуялардын чоо-жайын ички иштер министринин орун басарынан сурады.

"Бойго жете электерге карата кылмыш иштер боюнча чуулгандуу окуялар болуп жатат. Сокулуктагы 11 жаштагы бала зордукталгандан кийин ата-энеси эки жылдан бери акыйкаттык таппай жүрөт. Алты жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөтүлдү. Бул иштерди тергеген адамдар этиканы билбегенин кандай түшүнсө болот? Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратында зордукталган 13 жаштагы кыз, зордукталгандан кийин кылмыш иши токтоп калып, өзүн өлтүргөн секелектин иши бар. Ушул иштер боюнча түшүндүрмө берип коесуздарбы?".

Суроолорго министрдин орун басары Эркебек Аширходжаев жооп берип, депутат айткан иштер социалдык медиага чыгып, жетекчилик буга реакция жасаганын айтты. Бирок иштин канчасы толук тергелгени тууралуу маалымат берген жок.

"Кайдыгер милициянын бетин ачмайын кылмыш токтобойт"

Ички иштер министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Ялкун Давутовдун айтымында, милициянын өспүрүмдөргө карата иштерди бурмалап, жаап-жашырган окуясы коомчулукта ачык талкууга коюлуп, алардын ким экенин эл билиши керек. Ошондо гана ички иштер органдарындагы коррупция, кылмыш иштерин бурмалоо азайышы мүмкүн:

"Менимче, балдар жана өспүрүмдөр менен иш алып барган милиция кызматкерлерин, балдардын укугун коргоого багытталган мыйзамдардын аткарылышын катуу көзөмөлдөп, окуялар катталганда коомдун тыкыр байкоосунда турушу керек. Ишине шалаакы мамиле кылган милиция кызматкерлеринин ким экени коомго ачык айтылса, блогерлер, журналисттер аны көзөмөлгө алып, кайдыгер болбосо, тергөө ордунан жылат. Керек болсо прокуратурада ушул балдар менен өспүрүмдөргө байланыштуу кылмыштарды иликтеген бир орган болушу керек. Анткени акыркы мезгилде жеткинчектерге карата кылмыш иштери аябай көбөйүп кетти. Маселен, Европада, АКШда кичинекей балага кыйкырып эле койсо кылмыш болуп саналат, ал эми бизде өлтүрүп жатса да аны жаап-жашырып келебиз".

Буга чейин Бишкекте дагы бир 13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган милиция кызматкерлеринин жаза мөөнөтүн азайткан соттун чечими кызуу талкууланууда. Алгач райондук сотто шектүү катары өтүп жаткан эки милиция кызматкерине 15 жылдан жаза мөөнөт берилген. Бишкек шаардык соту алардын жаза мөөнөтүн алты жылга кыскарткан. 13-мартта бул иш Жогорку Сотто каралганы турат.

Кесипкөй социалдык кызматкерлер жок

Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова өспүрүмдөргө, балдарга карата зомбулукту токтотуунун жолдорун сунуштады:

"Кыргызстанда балдардын укугун коргой турган, кесипкөй, атайын окуудан өткөн миңдей социалдык кызматкер жетишпейт. Мындай кызматкерлерди жер-жерлерге иштетмейинче абал азыркыдан да курчуп, күчөй турган көйгөй болгону калды. Балдарга карата зомбулук пандемияга айланып баратат. Социалдык кызматкерлерди киргизүү үчүн аз эле акча сарпталат. Болжол менен 20 миллион сомдой эле болсо жетиштүү. Бийлик, президент балдардын коопсуздугунан каражат аябай, жакшылап көңүл бурса ата-энеси жок, миграцияга кеткен же дагы укугу бузулуп жаткан балдардын абалы оңолмок. Алар зордук-зомбулукка учурамак эмес".

Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 иш тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда.

Зордукталгандан кийин өз жанын кыйган өспүрүмдүн иши боюнча президенттин балдар укугу боюнча атайын ыйгарымдуу өкүлү Асел Чынбаевага, кылмышка шектүүлөр иштеген милиция бөлүмдөрүнө кайрылып, жооп ала албадык.

"Азаттык" экинчи тараптын да пикирин бергенге даяр.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG