Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:18

Зеленская сексуалдык зомбулуктун 171 фактысы иликтенип жатканын айтты


Олена Зеленская.
Олена Зеленская.

Европа парламентинин төрайымы Роберта Мецола 4-мартта Украинанын Львов шаарында согуш кылмыштары тууралуу эл аралык конференцияга катышты. Анда согуш кылмыштарына күнөөлүү адамдар жоопко тартылууга тийиш деп билдирди.

Украинанын биринчи айымы Олена Зеленская бул жыйында өлкөнүн Башкы прокуратурасы орус аскерлеринин 171 сексуалдык кылмышын териштирип жатканын билдирди. Ал мындай кылмыштардын саны алда канча көп болушу ыктымалдыгын айтты.

"Башкы прокуратура украиналыктар кабылган сексуалдык зомбулуктун 171 фактысын иликтеп жатат жана бул көрсөткүч аялдарга гана тиешелүү эмес, жабыркагандардын арасында 39 эркек жана 13 жашы жете элек бала бар. Биз бул окуяларды ошол адамдар баштарынан кечиргенди айтып берүүгө күч тапкандыктан гана билебиз. Өзгөчө оккупацияланган аймактарда дагы канчасы унчукпай кыйналып жүргөнүн билбейбиз",-деди Зеленская.

Былтыр июль айында Бириккен Улуттар Уюмунун чыр-чатактардагы сексуалдык зомбулук боюнча атайын өкүлү Прамила Паттен Украинада кеминде 124 адам сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгону тастыкталганын билдирген.

2022-жылы декабрда АКШ Конгресси америкалык администрацияны орус аскерлеринин Украинада адамзатка каршы жасалган кылмыштарына далил чогултууну тапшырган. Анда тынч элге атайын жасалган чабуул, оорукана, мектеп, башкалка жайлардын бомбаланышы, элди мыйзамсыз депортациялоо, барымтага алуу, зордуктоо жана сексуалдык зомбулуктун башка түрлөрү өзгөчө белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG