Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Кыргыз-өзбек өкмөт башчылары “Камбар-Ата-1” ГЭСи тууралуу сүйлөштү


Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери. Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов.
Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери. Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандагы жумушчу сапарында бул өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда быйыл эки өлкөнүн соода жүргүртүүсүн 2 млрд. долларга жеткирүү тууралуу сөз болду.

Абдулла Арипов Өзбекстан “Камбар-Ата-1” ГЭСин жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун тез арада ишке ашырууга аракет кыларын билдирген. Акылбек Жапаров Кыргызстандан барган делегация менен “Toshelectroapparat”, “IT Park Uzbekistan”, “Технопарк” өндүрүштүк комплекстерин кыдырды.

Кыргызстан менен Өзбекстандын делегациялары.
Кыргызстан менен Өзбекстандын делегациялары.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алышкан. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт.

Былтыр Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” багыты аркылуу өтүүгө тийиш.

“Торугарт - Арпа - Макмал - Жалал-Абад” темир жолунун узундугу 280 чакырымды түзөт. Ички долбоордун болжолдуу баасы 5 млрд. долларга барабар экени буга чейин кабарланган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG