Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

"Жерге-Тал" - кыял бойдон калган айыл


«Лакшы авазы» гезитинин алгачкы саны.
«Лакшы авазы» гезитинин алгачкы саны.

Тагдыр таржымалымдын мурдагы баянында 1992-жылдан кийин Тажикстанда саясий, экономикалык, социалдык абал начарлап кеткени, ошол себептен Кыргызстандын жогорку окуу жайларына келишим боюнча ажыратылган квота менен кабыл алынган этникалык кыргыз студенттердин да абалы оорлогону, “Боордоштор” коомунун ага карата уюштурган кайрымдуулук иш-чаралары айтылган эле.

Бул макалада ошол жылдары Жерге-Тал районунан Фрунзеге келип иштеп жүргөн жана жогорку окуу жайларында билим алып жаткан жаштарды калаанын чет жакасындагы жерге отурукташтыруу, алар жашай турган айылды өзгөчө айылга айландыруу максатын көздөгөн аракетим тууралуу сөз болмокчу.

1993-жылы түзүлгөн “Боордоштор” коомунун жетекчилери автивисттердин жардамы менен жаштардын башын бириктирүү максатында аларды маал-маал чогултуп, жакшы жолго үндөп турдук. Ошол учурда Фрунзе шаардык кеңешине кайрылып, Жерге-Талдын жаштарына жер алып берүүнү жана "Жерге-Тал" деп атала турган айылды түптөөнү ичимден ойлоп жүргөн элем.

Болочок айылдын түзүлүшүн, анда жашоонун эрежелерин алдын ала пландаштыргандан кийин, жаштарга сунуш кылдым. Келечекти ойлоп жасала турган бул ишимди баары колдоду. Талаптарыма макул болушту. Тажикстанда согуш чыгып, жашоо турмуш кооптуу боло баштаганда Фрунзе калаасынын жанында "Жерге-Тал" айылы түптөлөрүн, Кыргызстанда калып жашоого мүмкүнчүлүк түзүлөрүн уккан жаштар абдан сүйүнгөн.

Көздөгөн максатты ишке ашыруу үчүн тийиштүү жерлерге жазып кайрылган каттарым, жеке иштеримди жыйыштырып коюп короткон убакыттарым текке кетпегенине өзүм да сүйүнгөм ошондо. Анткени Фрунзе шаардык кеңеши тажикстандык жаштарга турак жай куруу үчүн жер берилсин деген чечим чыгарган.

Натыйжада, Орок айылына жакын шаардык мүрзөнүн этегинде айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлгөн айдоо аянттан тизмедеги 33 адамга 264 сотых (ар бирине 8 сотыхтан) участок бөлүндү. Топурагы сонун 264 сотых жерди жана андагы 33 участокту чектеп, казыктарды кактырдык.

Кыргызстан менен Тажикстандын Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн «Лакшы авазы» гезитинин күбөлүктөрү.
Кыргызстан менен Тажикстандын Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн «Лакшы авазы» гезитинин күбөлүктөрү.

Ошондо мен алыскы Жерге-Талдан терек алып келели, айылдын айланасына тегерете тигели дегем жаштарга. Жерге-Талдагы "Лакшы" агрофирмасы айылдын ортосуна жашылча, мөмө-жемиш дүкөнүн ачып, журтташтарын арзан баадагы продукциялары менен камсыздап турмай болгон. Фрунзедеги жүк ташыган автобазалардын жетекчилерине зерикпей кат жазып, жардам сураган аракетим деле текке кеткен эмес. 33 участоктун көпчүлүгүнө пайдубал үчүн бир машинеден ташты акысыз төктүрүүгө да үлгүргөм. Айтор, жаштардын оңой-олтоӊ үй салып, кыялдагы «Жерге-Тал» айылы мүмкүн болушунча тезирээк түптөлүшүн абдан самагам. Ошол кезде бул айылды жомоктогудай айылга айландырууга уюштуруучулук дараметим ашып-ташып, бардыгына көзүм жетип турган. Ниетим ак болчу. Жаштардын шылтоосу менен кандайдыр бир пайдага ээ болуу түшүмө да кирген эмес.

"Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" деп бекеринен айтылбаптыр. Турмуш-тиричилик күн өткөн сайын татаалданып, бул максатка жетүү кыйын боло баштады. Ажайып айылга айландырыла турган 264 сотых жерге, тилекке каршы, эки эле үй курулду. Калган жердин дыңы да бузулбай кала берди. Жаштар үй курууга чама-чактары жетпей мукурады. Алыстагы ата-энелери менен жакын туугандары деле аларга кол кабыш кыла албай калды. Өзүлөрүнүн жашоо турмуштары мурдагыдай болбой, ачарчылыктын сазына батып турушса, кайдагы жардам? Кыскасы, 33 үй-бүлө түтүн булата турган "Жерге-Тал" айылына бийлик тарабынан берешендик менен берилген 264 сотых жер мыйзамда белгиленген мөөнөттө пайдаланылбай калгандыктан, арадан эки жыл өткөндөн кийин мамлекеттин карамагына кайтарып алынган.

Ошол ажайып жер азыр кыялымдагы айылдан да кооз айылга айланган. Эӊ сонун үйлөр салыныптыр. Жолдору октой түптүз. Бак-дарагы арбын. Бирок айланасында мен эңсеген теректер жок. Анын жанынан өткөн сайын Жерге-Талдын асман тиреген бийик теректерин элестетем. Отуз жыл илгери арман кылган "Жерге-Тал" айылы көркүнө келип, айланасы ошол теректер менен курчалып тургандай сезиле берет энегедир. Көрсө, ошондогу ой-тилектерим каныма биротоло сиңип, унутулгус арман болуп калган экен мен үчүн.

1992-жылы Жерге-Талдагы кыргыз окурмандар үчүн "Лакшы авазы" деп аталган гезитти 2000 нускада чыгарып, Фрунзеден жеткире баштаганымды тарыхый маалымат катары айтпай коё албайм. Гезитти Кыргызстандын да, Тажикстандын да тийиштүү органдарынын каттоосунан өткөргөндөн кийин жарыкка чыгара баштагам. Алгачкы санынын бет ачар аземин "Лакшы" фирмасы басылманын ээси катары жогорку деңгээлде уюштурган. Ал күн кыргыздар үчүн өзгөчө кубаныч, унутулгус майрам болгон. Тажикстандагы саясий абал курчуп кетишинин кесепетинен, тилекке каршы, бул кубаныч деле узакка созулбады. Гезиттин үч саны окурмандарга жеткирилгенден кийин ишмердүүлүгү токтоп калган.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG