Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:39

Жерге-Тал - Oш: Жалгыз учак жана студенттер


Ош - Жерге-Тал багытында учуп жүргөн АН-28 учагы.
Ош - Жерге-Тал багытында учуп жүргөн АН-28 учагы.

1988-жылы кышында Тажикстандан Кыргызстанга үй-бүлөм менен биротоло көчүп келгенден кийин киндик кан тамган ата журтум, кадим замандардан бери тоолору асман тиреген жаратылышы ажайып Жерге-Талды байырлап келаткан бир ууч карапайым кыргыз боорлорум, чыгармачылыгыма кызыгып калган окурмандарым менен байланышымды үзгөн жокмун.

Тескерисинче, алыстан туруп кызмат кыла берүүнү жүрөккө түйдүм. Кыргыз жана тажик тилдеринде чыгуучу райондук гезитте (ал кезде "Коммунист" деп аталган) иштеп жүргөн төрт жыл аралыгында беш колдой белгилүү болуп калган жашоо турмушу, тийиштүү органдар көп жылдардан бери астейдил көңүл бурулбай келаткан көйгөйлүү маселелери, айрыкча билим берүү жаатындагы муктаждыктары, тарыхый мекен менен ар тараптуу алака катыштары жөнүндө жазган макалаларымды республикалык басма сөз каражаттарына байма-бай жарыялап турдум.

Жерге-Талдагы коммунисттик бийликтин эмес, карапайым элдин кызыкчылыгына багытталган бул ишмердүүлүгүм ошол учурда белгилүү даражада жемишин берген. Бирок бул иштерим жергиликтүү бийликке жаккан эмес. "Көчүп кеткенден кийин биз менен эмне иши бар?" деген сыяктуу кептер айтылды.

70-жылдарга чейин Оштон Жерге-Талга "АН-28" учагы күн сайын каттап турган. Бул авиакаттам жергеталдык кыргыздар үчүн чоң жетишкендик болгон. Кыргыздар каалаган күнү Ошко учуп келип, каалаган күнү кайра учуп кетишчү. Тилекке каршы, мына ошондой жакшы күндөрдүн биринде Жерге-Талдан учуп чыккан учак бийик тоого урунуп кырсыкка учурагандан кийин бул авиакаттам токтоп калган. Кыргыздар ушул кырсыктын айынан 300 чакырым аралыктагы Дүйшөмбү калаасы аркылуу Кыргызстанга каттап калган.

Бул түйшүктү жеңилдетүү ал учурда эч кимдин оюна келген эмес. Маселени чечүү үчүн бел байлап, көп аракет кылып көрдүм. "Советтик Кыргызстан" гезитинин кабарчысы катары бир нече жыл илгери токтотулган Ош-Жерге-Тал авиакаттамын кайрадан ачуу зарылчылыгы эчак бышып жетилгени тууралуу Ош облусунун башчыларына, Жерге-Талдын жетекчилигине жана Тажикстан менен Кыргызстандын жарандык авиация мекемелерине бир нече жолу кат жазып кайрылганмын.

Аракет текке кетпеди. Көптөгөн жылдардан бери элди зарыктырган Ош - Жерге-Тал авиакаттамы куттуу күндөрдүн биринде кайрадан ачылды. Эки кыймылдаткычтуу "АН-28" учагы уча баштады. Анын алгачкы каттамынын биринчи жүргүнчүсү болуп мен өзүм Жерге-Талдан Ошко учуп келгенмин.

Ырас, бул авиакаттамдын кайрадан ачылышы кыргыздар үчүн чоң кубаныч болуп, төбөлөрү көккө жетти. Тилекке каршы, бул кубаныч деле көпкө узабады. Союз тарагандан кийин пайда болгон ар кандай таңкыстыктардан жана саясий өзгөрүүлөрдөн улам авиакаттам биротоло токтоп калды.

Атактуу окумуштуу Жээнбай Мукамбаевдин жергеталдык шакирти Абдулхак Махмануров.
Атактуу окумуштуу Жээнбай Мукамбаевдин жергеталдык шакирти Абдулхак Махмануров.

1990-жылдарда Тажикстанда саясий кырдаал курчугандан курчуп баратты. Элдин жашоо турмушу оорлоду. Жерге-Тал, Мургап, Шаартуз, Исфара райондорунда отурукташкан кыргыздардын деле тиричилиги күндөн-күнгө начарлай баштады. Ошол учурда Фрунзедеги жогорку окуу жайларында билим алып жаткан жүздөн ашуун тажикстандык студенттер ата-энелеринен акчалай жардам ала албай калышты. Кыйынчылыкка кабылган студенттер жогорку окуу жайларын таштап кете турган абалга туш келгенде, бул маселени да чечүүнүн жолдорун издей баштадым.

Фрунзе калаасында мурдатан бери жашап келаткан жергеталдык интеллигенттер - Кыргыз илимдер академиясынын илимий кызматкери Абдулхак Махмануров, келечегинен көптү үмүттөндүргөн болочок илимпоз Гүлбара Орозова ж.б. жардамы менен "Боордоштор" деп аталган кайрымдуулук коомун кыска аралыкта уюштуруп, Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүүгө жетиштик. Коомду өзүм жетектей баштадым. Жерге-Талдагы кыргыз кыздардын арасынан өсүп чыккан кызыбыз Гүлбара Орозова ошондо коомдун төрагасынын орун басары катары абдан жакшы кызмат кылды. Ишмердүүлүктү арттырууга активдүү катышкан студенттер да болгон катарыбызда.

Канчалаган мээнет менен алыскы Жерге-Тал ж.б. райондордон тандалып келинген студенттердин материалдык жактан пайда болгон кыйынчылыктарын жеңилдетүү, аларды окуп жаткан жогорку окуу жайларында сактап калуу үчүн кандай гана жол менен болбосун тез арада каражат издеп табуу орчундуу маселеге айланды. Муну жөнгө салуу үчүн коомдун атынан коомчулуктан жардам сурап кайрылуудан бөтөн арга калган жок.

Жумурияттын вице-президенти Феликс Кулов менен Чүй облусунун губернатору Апас Жумагуловго, Асан Ормушев, Табылды Эгембердиев сыяктуу элге таанымал ишкерлерге, базар башчыларына ж.б. атайын кат жазып, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чоң залында өткөрүлө турган кайрымдуулук жыйынына чакырдык.

Жыйынга улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы Роза Айтматова да катышты. Ал Тажикстандагы кыргыз райондору жогорку билимдүү мугалимдерге муктаж болуп турганда, ал жактан үмүт менен жөнөтүлгөн студенттер кандай гана кыйынчылык болбосун окууларын улантуусу зарыл экенин, бул үчүн аларга ар тараптан жардам берилиши керектигин баса белгилеп айткан. Кайрымдуулук жыйынына катышып олтурган бийлик өкүлдөрү маселенин чындыгында эле олуттуу экенин сезип билгенден кийин, материалдык жардам берилерин моюнга алышты.

Ал эми ишкерлер болсо кандаштарына ыраа көргөн акчаларын ала келишиптир. Залдын ортосуна коюлган чоң столдун үстүнө миңдеген рубль акча үйүлдү. Ал акчаны чогулуштун аягында студенттер башка эч кимди кол тийгиздирбей эсептеп, өзүлөрү бөлүп алышты. Мындан тышкары студент кыздарга ай сайын стипендия берип турууну жана каалагандарына бош убактыларында иштеп көбүрөөк акча табууну убада кылгандар да болду. Айтор, ушул кайрымдуулук иш-чарасынан кийин окууну таштап кетүүгө аргасыз болуп турган студенттердин көпчүлүгү окууларын улантышкан. Ал эми кыйынчылыкка чыдабаган, окугусу келбей шылтоо издегендери келген жагына кетип жатышты.

Тагдыр таржымалынын уландысы бар.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG