Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:08

Чек ара чырынын сыры барбы?


Кыргыз-тажик "Достук" фестивалына коюлган сүрөттөр, 18-апрель, 2017-жыл.
Кыргыз-тажик "Достук" фестивалына коюлган сүрөттөр, 18-апрель, 2017-жыл.

Отуз жылдан бери көкөйгө көк таштай тийген чек ара маселеси Кыргызстан менен Тажикстандын карапайым калкы жана элдик дипломатия катышмайынча жөнгө салынышы кыйын экени, чыр-чатактар айдан-айга, жылдан-жылга улана берери коомчулукка беш колдой белгилүү.

Мисалы, мен ошондой чыр-чатактарды алдын алып, өз убагында териштирип жөнгө сала турган «Мамлекеттер аралык элдик дипломатиялык комиссия» түзүүнү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тиешелүү органдарга сунуш кылганмын.

Бул комиссияга кандай адамдар мүчө боло турганы, комиссиянын укуктары жана милдеттери, бийлик менен кандай тартипте иш жүргүзүүсү тууралуу ой-пикирлер ортого салынган. Тилекке каршы, эки тарапка теӊ пайда келтире турган сунушум тийиштүү органдардын назарына жетпедиби, айтор азыркыга чейин көӊүл бурулбай келет.

Бирок жакында ушуга байланышы бар абдан жакшы иш-чара Баткен районунда өткөрүлгөнү кабарланды. Эки тараптын теӊ ички иштер органдарынын демилгеси менен Кыргызстандын Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук, Тажикстандын Согд облусундагы Сомониён, Майский кыштактарынын абройлуу аксакалдары чек арада жолугуптур. Ынтымактын үрөнүн себе турган бул жыйынга Баткен жана Исфана-2 райондук милиция бөлүмдөрүнүн башчылары, Ворух ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси катышыптыр.

Көптөн бери күтүлүп жүргөн бул демилгени элдик дипломатияны жандандыруунун башаты катары баалоого болот. Демек, муз ордунан козголуптур. Ал жолугушууда эки тараптын теӊ аксакалдарынын кубанычы коюндарына батпай айткан сөздөрү кимди да болбосун сүйүндүрбөй койбойт. «Эй, туугандар, келгиле, чек араларыбызды ачалы. Мурдагыдай карым-катышта бололу. Бири-бирибизди сагындык. Бат-бат көрүшүп туралы» деп толкунданып турушту. Ырас, алар эч качан жаӊжалды каалабайт.

Ылайым тынчтык болсун, ынтымак болсун деп тилешет. Андай болсо бул тарыхый бир тууган коӊшулардын жүрөктөрүн ким, эмне мынча суутуп келатат? Мындай суроо кимде да болбосун пайда болбой койбойт. Муну эки тарап теӊ биргелешип ашкере кыла турган көмүскө сыр десе да болот. Ушул сыр ашкереленсе эле чек ара маселеси узакка созулбай жөнгө салына тургандай туюлат.

1992-жылы Тажикстанда саясий жаӊжалдын оту тутанганда, "Өзбекстан ислам кыймылынын" Жума Намангани башында турган согушчандары ошол өлкөгө качып өтүп, Кара-Тегин өрөөнүндө баш калкалаганы коомчулукка маалым. Бирок алар анда деле жөн турбастан Өзбекстандын "темирдей бекем президенти Ислам Каримовду бийликтен кулатуу максатында келдик" деп, Баткенге жулунуп киришкен. Согушчандар ошондо көмүскө максатты ишке ашыруу үчүн элди андан алагды кылып туруу үчүн ушундай жолго барган болуш керек деген ой жаралбай койбойт.

"Өзбекстан ислам кыймылынын" согушчандары өз бийлигин кулатыш үчүн сөзсүз түрдө Кыргызстандын Баткени аркылуу айланып барышы керек беле? Бир ууч согушкердин чоӊ өлкөнү басып алууга күчү жетиштүү беле? Тажикстандын өзүндө деле Өзбекстанга бачым өтүп бара турган жолдор бар эле. Демек, алардын бул баш айландырмасында азырга дейре ачылбай келаткан кандайдыр бир сыр бар сыяктанат.

Баткен коогасы: Ак-Таштагы кара так
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:03 0:00

Кийинки жылдарда чек араларда уланып келаткан жаӊжалдардын сыры ошол көмүскө сырга байланышы бар болуш керек деген күмөндүү ой туулат. Бул изилдениши керек. Эгер тыкыр изилденип ашкереленбесе, «бири-бирибизди сагындык, сыйлуу кошуна бололу» деп зар какшаган коӊшулаш эл мындан ары да бул азаптан арылышы кыйын деген камтамачылык бар.

Буга чейин Социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеген Улукбек Кочкоров «Азаттык» радиосунун чек ара маселеси боюнча уюштурган талкуусунда жогоруда айтылган сырга байланышы бар олуттуу ой-пикирлерин ортого салып: «Бул иштердин артында жашыруун күчтөр бар. Мен аны билем. Биздеги улам бийлик алмашуу, кадрларды улам алмаштыра берүү, оппозициялык тирешүүлөр бул иштин чечилишине терс таасирин тийгизип келди. Мындай көрүнүштөр кошуна өлкөгө жагат. Бизде чек ара боюнча туруктуу саясат жоктугунан ушундай болуп жатат», - деп айткан эле.

Чек ара көйгөйү качан чечилет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:00 0:00

Улукбек Кочкоровдун айткандарын толугу менен кубаттаса болот. Чек ара маселесин жакшы билген жана азап тартып келаткан элге чын жүрөгүнөн күйгөн инсан гана ушундай сөздү сүйлөйт. Албетте, бийлик да, кадрлар да кайра-кайра алмашып, оппозициялык тирешүүлөрдүн ызы-чуусу улам чыга берсе, коӊшулардын эле эмес дүйнөлүк коомчулуктун да алдында оӊтойсуз абалга кабыласыӊ. Намыстуу болом, ынтымак менен өркүндөп өсөм деген эл муну сөзсүз түрдө эске алат.

Эки тараптын теӊ коӊшулаш райондорундагы ички иштер органдарынын жетекчилеринин демилгеси менен элдик дипломатияны жандандыруу ар тараптан колдоого арзыйт. Бул демилгеге дем берип турбасак, элдик дипломатиянын бүлбүлдөп жана баштаган чырагын өчүрүп алышыбыз мүмкүн. Ошондой абалга туш болбош үчүн достук-ынтымак жолугушууларынын жаӊы, натыйжалуу жолдорун издеп табуу аба менен суудай зарыл болуп турат азыр.

Мирзохалим Каримов, журналист

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG