Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

"338 жер тилкеси эки ирет сатылган". Сокулукта тогуз киши жемкорлукка айыпталууда


Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушу. Февраль, 2023-жыл. Сүрөттүн макалага тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушу. Февраль, 2023-жыл. Сүрөттүн макалага тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Чүйдүн Сокулук районунда жер тилкелерин бөлүштүрүүдө, кайра каттоодо коррупциялык иштерге барган деген шек менен жергиликтүү кеңештин төрт депутаты, айыл аймагынын кызматкерлери - жалпы тогуз киши кармалды. Алардын адвокаттары, жакындары комментарий бере элек.

Буга чейин Чүй облусунун аймагында ондогон гектар жерди мыйзамсыз бөлүштүрүп сатууга шектүү 26 адамга козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөнү айтылган. Алардын арасында “Кадастрдын”, архитектуранын жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери бар. Аларга дагы “Коррупция” беренеси менен иш козголгон эле.

"Жер тилкелерин эки жолудан сатып жиберишкен"

Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, шектүүлөрдүн арасында Новопавловка айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары да бар. Облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматынын жетекчиси Үмүт Арыкованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 2022-жылы аталган айыл аймактын жооптуу кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары "Семетей-Интер" коомдук фондунун адамдары менен сүйлөшүп, жер комиссиясын түзүшкөн.

Үмүт Арыкова
Үмүт Арыкова

"Жер комиссиясы тургундарга турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүү боюнча жалган тизме түзүп, Семетей конушунан 338 жаранга жер тилкелери берилген. Бул жер тилкелер Новопавловка айыл округунун 2011-жылдагы токтомуна ылайык, мурда эле башка жарандарга бөлүнүп берилгендиктен, ортодо талаш-тартыш жараткан. Жамааттык арыздын негизинде Сокулук райондук милициясы сотко чейинки териштирүү жүргүзүп, Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгон", - деп билдирди Арыкова.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүүлөрдүн үй-жайларын, иш ордуларын тинтүү учурунда мурда кабыл алган чечимдер жана башка документтер алынган. Кылмышка шек саналып Новопавловка айыл аймагынын башчысынын орун басары Т.Н., ушул аймактын жер боюнча адиси С.А., айылдык кеңештин мурдагы төрт депутаты, "Семетей-Интер" фондунун үч мүчөсү кармалган.

Бул иште жабырлануучу катары өтүп жаткан Нуркул Сулайманов Семетей жаңы конушунан жерди 2011-жылы алган. Анын айтуусунда, буларга айыл өкмөт тарабынан атайын үй куруу үчүн бөлүнүп берилген жерди "Жер мунапысы" жарыялангандан кийин айыл өкмөтүндөгү кишилер аралашып, 338 адамга үстүнөн дагы чечим чыгарып берип салышкан.

"Бизге ал жер тилкелери айыл аймактын тургундары катары турак жай куруу үчүн 2011-жылы эле берилген. Бирок 2021-23-жылдары булар дагы 338 адамга үстүнөн чечим чыгарып беришкен. Ошондон кийин биз - Семетей жаңы конушунун тургундары сотко, милицияга, колубуз жеткен жердин баарына кайрылып, бул маселени чечип берүүсүн өтүнгөнбүз. Жакында эле Чүй облустук милициясы териштирип, айрым жооптуу кызматкерлерди кармаптыр деген маалымат уктук", - деди жабырлануучулардын бири.

Кыргызстанда жер басып алуу учурундагы жазуу. 2010-жыл
Кыргызстанда жер басып алуу учурундагы жазуу. 2010-жыл


Милицияга арыз жазгандардын бири "Семетей-Интер" фондунун мүчөсү Ынакгүл Мураталиеванын "Азаттыкка" маалымдашынча, Новопавловка айыл аймагынын тургундарына үй курууга алгач "Манас" аэропортуна жакын жерден 489 гектар жер бөлүнүп, 3600 адамга жер тилкеси берилген.

"Бизге жерди 2011-жылы бөлүштүрүп берген. Биз ал жерди Семетей жаңы конушу деп атаганбыз. Кийинчерээк ал жер аэропортко таандык болгондуктан, бизге Лесное айылынан 335 гектер жер бөлүп берилген. Ал жерге 4500 тилке жайгашкан. Бирок айрым адамдар Новопавловкадагы элди, айыл өкмөттөгү айрым кызматкерлерди, жергиликтүү кеңештин депутаттарын алдап көндүрүп, комиссия түзүп, 2022-жылы 15-мартта бекитип, 338 адамга номур коюп жер тилкесин берип салышкан. Аларга берилген тилкелердин баары мурда берилген, ээлери бар. Алар "колубузда "кызыл китеп" турса эмнеге беребиз" деп нааразы болуп атышат. Бул аз келгенсип, алар Баткен, Кызыл-Кыядан документ жасап келишип, жалган "кызыл китеп" кылып, сатып жиберишкен".

Сокулук райондук соту 27-январда бул иш боюнча тогуз адамдын бөгөт чарасы каралып, сот чечими менен үч адам үй камагына, алты адам эки айлык мөөнөт менен тергөө абагына камалганын "Азаттыкка" ырастады.

Шектүү тараптын жакындары жана адвокаттарынан маалымат алууга азырынча мүмкүн боло элек. Алар өздөрү да кандайдыр бир кайрылуу менен чыга элек.

"Ак-Ордодо 15 миңдей жер тилкенин 5 миңи гана мыйзамдаштырылды"

Чүй облусунда буга чейин да ондогон гектар жерди мыйзамсыз бөлүштүрүп, сатылганы айтылып, шектүү катары 26 адамга кылмыш иши козголгон эле. Бул иш тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөн. Сокулук районунда эле мурдараак “Кадастр” мекемесинин аймактык бөлүмүнүн, архитектура мекемесинин жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери кармалып, жалпысынан 26 адамга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголгон. Ушундай эле коррупциялык аракеттери үчүн Аламүдүн районунда да аткаминерлер кармалып, камалышкан.


Президенттик аппараттын алдындагы жер мунапысы боюнча комиссиянын мурдагы мүчөсү, коомдук активист Мирбек Осмонов 2021-жыл мунапыс жарыялангандан кийин мурда берилген жерлерди кайрадан башка документ "жасап", сатуу мафиясы күч алганын айтып жатат:

Мирбек Осмонов
Мирбек Осмонов

"Булар топ-топко биригип, мафия түзүп алып, жерден акча жасоого шымаланып киришкен. Алардын кылган иштери жер тилкесинин колунда документи бар ээлери аны мыйзамдаштыруу өтүнүчү менен мунапыс комиссиясына кайрылганда, алар бир эле тилкени 3-4 кишиге берип салганы аныкталган учурлар бар. Ушундайлардын айынан жер тилке талаш дагы деле уланып жатат. Мисалы, биздин Ак-Ордо жаңы конушунда 15 миңдей жер тилкенин ушуга чейин болгону беш миңдейи гана мыйзамдаштырылып, ээлерине "кызыл китеп" берилди".

Мирбек Осмоновдун айтымында, жер мунапысы эки этап менен жүрүүдө. Учурда биринчи этабы - үй тургузулган жана пайдубалы куюлган жер тилкелерине уруксат берүү жүрүп жатат. Кийинкисинде бош жаткан жер тилкесин мыйзамдаштыруу болот.

"Менимче бош жаткан жер тилкесин мыйзамдаштыруу даана "Көкөтөйдүн ашы - көп чырдын башы" дегендей эле болчудай. Анткени, мындай жерлердин чыныгы ээсин аныктоо оңой эмес. Мындай бош тилкелердин "ээлери" аябай көбөйдү. Бир тилкеге ээлик кылууга 4-5тен, айрымдары ондой адамдан арыз түшкөн учурлар бар".

Жер мунапысы боюнча кампания башталгандан бери өлкө боюнча турак үйлөр салынган жерди мыйзамдаштырып берүү тууралуу 140 миң 889 арыз жазылган. 26 700 техникалык паспорт берилген. Жер тилкелерине 39 103 кызыл китеп берилген.

Жер мунапысы боюнча жобо иштей баштаган 2024-жылдын 8-январына чейин 8 536 гектар жердин багыты калктуу конуш болуп которулду.

Жыл жаңырар алдында - 25-декабрда президент Жапаровдун жарлыгы менен Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Аталган агенттик жер мунапысын жүргүзүү боюнча маселелердин баарын өзүнө алып, арыз жазган 140 миңден ашуун үй ээсинин маселеси менен алектенет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG