Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

Жер мунапысы: Бишкек мэри кызыл китеп берүүнү тездетүүнү тапшырды


Бишкектин чети. Иллюстрация
Бишкектин чети. Иллюстрация

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 25-октябрда жер мунапысын ишке ашырууга байланыштуу түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу топтун кеңешмесин өткөрдү. Анда бул маселени иликтеген комиссия буга чейинки жасалган иштин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

"Жыйында Абдыкадыров Бишкектин аймагында буга чейин мыйзамсыз делген, бирок ошол жер тилкесинде жашап жана ээлик кылып жаткан бардык жарандардын жер тилкелери тезинен мыйзамдаштырылып, алар жер укугуна ээ болушу керектигин белгиледи",- деп жазылган маалыматта.

"Бул багыттагы иштер "карап жатабыз" деген куру сөз менен созулуп кетип жатат. Эгер башкы план шылтоо болуп, анда башка жолдорун карай турган болсок, анда мунапыстын деле кереги жок эле. Мунапыс, мына ошол элдин мыйзамдуу жер укугуна ээ болуусу үчүн чыгарылып жатат. Салынган үйлөрдү буза албайбыз. Башкы планга шылтабай, кандай болсо ошондой жолу менен карап туруп, маселени чечип, кызыл китептерин берип, анан башкы планды бир жылбы, эки жылбы жасай берсек болбойбу?",- деген мэр.

Кыргызстанда миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө там салынып, ондогон жаңы конуштар пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2005-2010-жылдары бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган.

Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG