Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

"Ысыкта тумчугуп калышкан". Мигранттардын трагедиялуу өлүмү


Мигранттардын сөөгү табылган жүк ташуучу машине. 28-июнь, 2022-жыл.
Мигранттардын сөөгү табылган жүк ташуучу машине. 28-июнь, 2022-жыл.

Американын Техас штатында жүк ташуучу машинеден 50 мигранттын сөөгү табылды. Маалыматка караганда, аларга кондиционери жок, жүк ташуучу машинеде аба жетпей, ысыкта тумчугуп калышкан. Бул аймакта дүйшөмбүдө абанын температурасы 40 градуска чамалаган.

Техастагы трагедия

Каза тапкандар жакшы жашоо издеп Кошмо Штаттарга мыйзамсыз жол менен барган мигранттар болгон. Алардын сөөгү Сант-Антонио шаарынын чекесинен табылган. Бул калаа АКШ менен Мексиканын чек арасына жакын жайгашкан жана адам аткезчилиги менен алектенгендердин транзиттик борбору катары саналат.

Жергиликтүү полиция бөлүмүнүн башчысы Уильям Макманустун айтымында, алгач трейлерден 46 адамдын сөөгү аныкталган.

"Бул жактагы имараттардын биринде иштеп жаткан жумушчулардын бири жардам сураган адамдардын үнүн уккан. Ал эки жакты карап, эшиги чала ачылган машиненин ичинен адам сөөктөрүн көргөн. Азыр биз бул боюнча үч кишини кармадык. Алардын бул ишке түз тиешеси азырынча белгисиз. Иш федералдык деңгээлде иликтенет",-деди Макманус.

Аман калгандар ооруканага жеткирилди. Арасында балдар дагы бар. Мындай окуя Cан-Антонио шаарында 2017-жылы дагы болгон. Анда дүкөндүн жанындагы жүк ташуучу машиненин ичинде мигранттардын он чактысы аба жетпей көз жумган. Калаанын мэри Рон Ниренберг окуяны трагедия деп атап, аткезчилер мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыларына үмүттөнөрүн кошумчалады.

2019-жылы 23-октябрда Англиянын Эссекс аймагында токтоп турган жүк ташуучу автоунаанын контейнеринин ичинен 39 кишинин өлүгү табылган. Алар мыйзамсыз жол менен Британияга өтүүнү көздөгөн вьетнамдык мигранттар экени белгилүү болгон. Жылына миңдеген адам иш издеп Вьетнамдан сырт жакка кетишери, көбү аткезчилердин жардамы менен жакшы жумуш издеп алыскы Европа өлкөлөрүнө сапар алышары ачыкка чыккан. Бул үрөй учурган окуядан кийин мыйзамсыз жолдор аркылуу киши ташыган аткезчилер тууралуу маселе дүйнөдө курч талкууларды жараткан эле. Бирок ошого карабастан мындай кооптуу жана тобокел жолду тандап алгандар аягы үзүлбөй келет.

Ушул жылдын май айында эле Мексика аркылуу Американын аймагына мыйзамсыз жолдор менен кирүүгө аракет кылган 239 миң мигрант кармалган. Алардын көбү Борбордук Америкадагы Гондурас, Гватемала, Сальвадор сыяктуу мамлекеттердеги жакырчылыктан жана кылмыштуулуктан качкандар. Өмүрүн тобокелге салып жолго чыккан мигранттар эптеп Американын аймагына өтүп алуу үчүн адам аткезчилерине болуп көрбөгөндөй акча төлөшөт. Алардын арасында кыргызстандыктар да кездешет.

Мыйзамсыз жолду тандагандар

Соңку жылдары Мексика аркылуу АКШга кирүүнүн амалын издеген кыргызстандыктардын саны өстү. “Америка кыялына” жетеленген мекендештердин айрымдары максатына жеткени менен дээрлик көпчүлүгү миңдеген доллардан кол жууп, кайра Бишкекке келгендери да бар. Алар ар кандай жолдор менен эптеп Түштүк Америкадагы өлкөлкөлөрдүн бирине барышат.

Жаныбек Эквадордон Мексикага кеме менен жолго чыккан. Аны менен байланышканыбызда негизинен латын америкалыктар менен Мексиканы көздөй сүзүп баратканын, бирок жанында 30дай өзбек жана тажик жарандары бар экенин айтып берди:

"Кыргыздардан мен жалгыз баратам. Баарыбыз Шенген виза менен Италия аркылуу Эквадорго келгенбиз. Эми кеме менен Мексикага жетели деп турабыз. Ар ким ар кандай сумма төлөптүр. Мен өзүм эки миң доллар санап бердим. Мексикага жетип алсам, андан ары АКШга мыйзамсыз токойду аралап эле өткөндөр бар деп уктум. Бул жол абдан оор, бирок айла жок. Жолго чыкканыма эки жума болду. Дагы жарым айда балким, кирип калам", - деп Жылдызбек кыскача айтып калганга үлгүргөн.

Жакында эле Телеграмдагы каналдардын биринде Юма тилкесинен Американы көздөй бараткан болжол менен улуту өзбек төрт адамдын видеосу чыкты. Ал видеону ким жана качан тартканы белгисиз.

"Азаттыктын" өзбек кызматы жазгандай, алар чек араны мыйзамсыз кесип бараткан жеринен америкалык чек арачылар токтоткон. Андан ары ал төрт адамдын тагдыры белгисиз. Өзбекстандын АКШдагы элчилиги бул боюнча суроого жооп берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG