Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:12

Январь окуялары: курмандыктардын расмий тизмеси суроо жаратты


Казакстандагы быйыл январда чыккан нааразылык акциялары. Алматы шаары, Казакстан. 5-январь, 2022-жыл.
Казакстандагы быйыл январда чыккан нааразылык акциялары. Алматы шаары, Казакстан. 5-январь, 2022-жыл.

Казакстандын Башкы прокуратурасы жети айдан кийин Январь окуяларында каза болгондордун тизмесин жарыялады. Анда 238 кишинин гана аты-жөнү, инициалы жазылган. Деталдар толук эмес. Мурдараак “Азаттыктын” казак кызматы курмандыктардын тизмесин өз алдынча аныктап, коомчулукка сунуштаган.

Кечиккен жана так эмес тизме

Казакстандын Башкы прокуратурасынын сайтында коюлган тизмеде буга чейин каза болгону айтылган 238 адамдын фамилиялары келтирилди. Алардын ысымдары кыскартылып, баш тамгасы менен гана берилген. Жынысы жана жаш курагы белгиленген эмес.

Башкы прокуратуранын биринчи кызматынын башчысынын орун басары Елдос Килымжанов атайын брифингде тизмени мындайча комментарийледи:

“Январь окуяларынын учурунда 238 адам мерт болду. Алардын ичинде кылмышкерлер жана бейкүнөө адамдар да бар. Биз ар бир фактыны тыкыр иликтеп жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин биз 176 адамдын каза болгон жагдайларын аныктадык. Тергөө уланып жатат”.

Деген менен көзөмөл мекемеси чыгарган тизмеде адамдардын каза болгон жагдайлары көрсөтүлгөн эмес. Алардын кимисин күч кызматкерлери “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө өлтүрүшкөнү да белгисиз. Бийлик бул окуя учурунда өлкөгө “террорчулар” кол салганын билдиргени менен аны ырастаган ынанымдуу далилдерди келтирген эмес.

Укук коргоо органы кошумча маалыматтар Кылмыш-жаза жана Жаза-процессуалдык кодекстерине ылайык берилбей турганын кабарлоодо. Буга ошондой эле каза болгондордун жакындарынын өтүнүчү себеп болгону айтылды.

Январь окуяларында каза болгондордун жагдайын изилдеп келген укук коргоочу Бакытжан Төрегожина бийлик жарыялаган тизме менен ал тапкан маалыматтарда дал келбестиктер бар экенин билдирди.

“Биз расмий тизмени өзүбүз түзгөн тизме менен салыштырдык, 187 адамдын аты-жөнү дал келди. Алардын тизмесиндеги 51 адам биздин маалыматтарда жок экен. Бирок ошол эле маалда биз таап аныктаган курмандыктардын 21инин аты-жөнү Башкы прокуратуранын тизмесинен чыкпай калды. Анын ичинде Израилдин жараны Леван Когеашвили да жок экен. Биз эми ушул 21 адамдын январдагы окуяларда каза болгонун ырастаган далилдери менен чогуу жарыялайбыз. Прокуратурадан алар эмне үчүн тизмеге киргизилбей калганына жооп беришин талап кылабыз”, - деди ал.

Израилдин жараны, соңку жылдары Казакстанда жашаган 22 жаштагы Леван Когеашвили январдын башында Алматыдагы баш аламандыктар учурунда атып өлтүрүлгөн. Анын сөөгүн Израилдин бийлиги мекенине чыгарып кеткен.

Укук коргоочулардын Когеашвили тууралуу билдирүүсүнө Башкы прокуратура реакция жасай элек.

“Азаттыктын” тизмеси жана башка жагдайлар

1-июнда “Азаттыктын” казак кызматы Январь окуяларында каза болгондордун аты-жөнү жана сүрөттөрү келтирилген мини-сайтты презентация кылган. Редакция маалыматтарды укук коргоочулар менен биргеликте чогулткан. Бул долбоордун алкагында журналисттер окуя учурунда жана андан кийин каза болгон 202 адамдын ысымын, фамилиясын, курагын, жынысын тактап чыгарган. Алардын жакындарынын билдирүүсүнө таянуу менен маркумдардын кайсы жерде өлгөнү тууралуу да маалыматтар берилген.

Редакциянын тизмесинде жогоруда кеп болгон Израилдин жараны Леван Когеашвилинин аты-жөнү киргизилген. “Азаттыктын” казак кызматынын редактору Дархан Умирбек бул жөнүндө мындай деди:

"Леван Когеашвилинин өлүмү бир нече булактардан алынган маалыматтар жана далилдер менен ырасталган. Биринчиден, бул маалыматты Израилдин жалпыга маалымдоо каражаттары өздөрүнүн Тышкы иштер министрлигине таянып жарыялады. Казак медиалары Казакстандын раввинине таянуу менен кабар таратышкан. Ага карабай тизмеге кирбептир. Эгер чет элдиктерди тизмеге кошкон эмес окшойт десек, анда кайтыш болгон Орусиянын бир жараны, Кыргызстандын эки жараны жана Өзбекстандын бир жараны киргизилиптир. Анда “эмнеге Израилдин жараны кирбей калды?” деген суроо ачык калды".

Прокуратуранын тизмесинде кимдер кокустан атылган октон, кимдер башка каражаттарды колдонуудан өлгөнү жана кимдер кыйноо учурунда каза болгону жазылган жок. Мурдараак президент Токаев түзгөн фонд кокустан өлүп калган 19 адамдын үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөп бергени кабарланган. Ал эми прокурорлор өздөрү 6 адам тергөө изоляторунда кыйноодон улам мерт болгонун такташкан.

Кайрадан “Азаттыктын” казак кызматынын редактору Дархан Умирбектин сөзүн ортого салалы.

"Айдарбеков Бауржан Ауезулы деген киши бар. Бир катар басылмалар аны тирүү деп да чыгышкан, бирок ал кишинин атасынын аты башкача болуп чыккан. Бул кишинин дайын дарегин биз таптык, бир нече булактардан ырастадык. Анын үй-бүлө мүчөлөрү менен да сүйлөштүк. Алар аны тополоң учурунда көздөн жаш агызуучу газ ууланып, үйүнө келген учурда жан бергенин айтышты. Чамасы бийлик тек гана октон каза болгон адамдардын аты-жөнүн тизмеге кошкон сыяктуу".

Быйыл январдын башында Казакстанда суюлтулган газдын кымбатташына каршы нааразылык акциялары массалык тополоңго алып келип, кан төгүү менен коштолгон. Бийлик аны “сырттан даярдалган террордук күчтөр уюштурганын” билдиргени менен аны ырастаган далилдерди келтире алган эмес.

Миңдеген киши терроризмге, жапырт тополоң, курал-жаракты уурдоого шек саналып кармалган. Июлдагы маалыматка ылайык, 429 кылмыш иши сотко өтүп, алардын алкагында 545 адам соттолгон.

Казак бийлиги бул окуяларда кеминде 238 киши каза тапканын буга чейин эле билдирген. Мунун алтоо кармалгандан кийин изолятордо кыйноодон көз жумганы да мурдараак кабарланган. Бирок толук тизменин жарыяланбай келгени сын-пикирлер менен коштолуп жаткан.

“Азаттыктын” казак кызматынын тизмеси жарыялангандан беш күндөн кийин – 5-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев референдумга байланыштуу добушканадагы билдирүүсүндө, Январь окуяларында каза болгондордун тизмесин жарыялоого убада кылган. Бирок убактысын тактаган эмес эле.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG