Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Тополоң курмандыгы: Жазыксыз окко учкан Ерназар


Мал караганы чыгып окко учкан Ерназар Кырыкбаев.
Мал караганы чыгып окко учкан Ерназар Кырыкбаев.

Алматыда кандуу январь окуялары маалында камалгандардан 11 киши "ден соолугуна байланыштуу" 1-февралда эркиндикке чыкты. Бирок аларга карата тергөө уланууда. Ал арада шаардык прокуратуранын алдында камактагы жакындарын бошотууну талап кылып чыккандардын аягы суюла элек. HRW казак бийлигин кыйноолор тууралуу билдирүүлөрдү дыкат иликтеп, январда кармалган активисттерди басмырлоону токтотууга чакырды. Бийлик каза болгондордун аты-жөнүн ушул күнгө чейин жарыялай элек.

Мал караганы чыгып окко учкан

Ерназар Кырыкбаев 5-январдын таңында Талды-Коргондогу аскердик бөлүктүн жанында жайылып жүргөн малын караганы чыккан бойдон дайынсыз жоголгон.

Аны менен кошо минип кеткен аты да табылбай калган. Кийинчерээк 24 жаштагы жигитти аты менен кошо аскерлер атып өлтүргөнү маалым болду. Маркумдун сөөгүн бир аптадан кийин гана үй-бүлөсүнө беришкен.

Ерназар Кырыкбаев январдын башында Талды-Коргондо болгон нааразылык акцияларга жана андан кийинки тополоңго катышкан эмес. Үч баланын атасы башаламандыктан алыс болууну чечкен. Келинчеги экөө төртүнчү баласын күтүп жаткан. Ерназар "Жетысу" мал фермасында чабан болчу.

Чарбанын кожоюну Сундетбай Есжановдун айтымында, чабанды таламандын чак түшүндө атып кеткен.

"Ерназар бир топ убакытка жок болгонунан башка жумушчулар аны машине менен издеп чыккан. Аскерлер аларды абага ок атып, чакырышкан. Ошондо алар "чакырса токтобой койгон атчан жигитти" атып салышканын айтышкан. Албетте 120 метрлик аралыктан адам укпай калышы мүмкүн. Баары бир атабы?", - дейт ал.

Ерназар Кырыкбаев Талды-Коргондогу башаламандыктар маалында окко учкан жалгыз адам эмес.

8-январда ушул эле калаада Нурболот Сейткулов менен Алтынай Етаева кызы Нурай болуп жөн гана машинеде баратканда аскерлер аткылап салган. Үчөө тең ошол жерден мүрт кеткен.

Туугандарынын кайрылуусуна Ички иштер министрлиги "аскерлердин аракети кылмышка барабар" деген жооп кайтарган.

Казакстан бийлиги январь окуялары маалында 227 киши көз жумганын билдирген. Бирок ушул күнгө чейин алардын аты-жөнүн жарыялай элек.

Кармалгандардын айрымдары бошотулууда, жүздөгөн киши абакта

Алматыда кандуу январь окуялары маалында камалгандардан 11 киши "ден соолугуна байланыштуу" 1-февралда эркиндикке чыкты. Бири балдак таянып, бири аксап, колу-буту таңылып чыгып келаткандарды жакындары көзгө жаш алып тосуп алды. Булардын баары кандуу январь окуяларында алган жараатына карабай камалгандар. Алардын кээ бирин полиция ооруканада жаткан жеринен алып кеткен.

"Ден соолуктун абалы. Дагы бир аз дарылануу керек. Үч аптадан кийин кайра ооруканага барам. Мага жакшы эле карашты. Маанайым жакшы", - деди Алматынын тургуну Талгат Бауржан.

Ал журналисттин "ичинде сиз сыяктуулар көппү?" деген суроосуна жооп берүүдөн баш тартты. Абактан чыккандар азырынча башынан өткөргөнүн айтуудан карманып турушат.

Камакта дагы жүздөгөн жаран жатат. Алардын туугандары күн сайын Алматы прокуратурасынын алдына нааразылык акциясына чыгууда. Айрымдары жакындарына медициналык жардам көрсөтүлүшүн, тергөөнүн адилеттүү жүрүшүн талап кылса, башкалары маркумдардын сөөктөрүн эксгумациялоого каршы.

"Баары мыйзамга ылайык чечилет. Кылмыш-процессуалдык кодекси бар. Мына азыр бул киши арыз таштады. Аны карайбыз", - деди прокурор Даурен Балгымбаев.

HRW казак бийлигин кыйноолорду иликтөөгө чакырды

Камалгандар абактан кыйноого, ур-токмокко кабылып жатканы тууралуу маалыматтар да байма-бай чыгууда.

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин кыйноолор тууралуу билдирүүлөрдүн баарын тыкыр иликтеп, январда кармалган активисттерге кысым көрсөтүүнү токтотууга чакырды.

Эл аралык уюм 1-февралда тараткан билдирүүдө полициячылар "тынч демонстранттарды себепсиз кармаган" ондогон окуялар тууралуу маалымат түшкөнү жазылат. Ошондой эле кармалгандар ур-токмок жеп, кыйноого кабылганы белгиленген.

"Казак бийлиги кыянатчылыкты тез арада токтотуп, кармалган ар бир адамдын укугунун сакталышын камсыздап, ур-токмокко алгандарды жоопкерчиликке тартууга тийиш", - деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Расмий маалыматка ылайык, коңшу өлкөдө кандуу январь окуясы боюнча 2000ден ашуун кылмыш иши козголуп, жүздөгөн адам кармалган. Укук коргоочулар бул сан алда канча көп болушу мүмкүн экенин боолгойт. Казак бийлиги январдагы тополоңду өз алдынча иликтей турганын билдирип, эл аралык комиссия түзүүдөн баш тартты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG