Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Түрк биримдиги жана Москвага кылчактаган Борбор Азия


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентке расмий сапар менен келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды тосуп алды. 29-март, 2022-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентке расмий сапар менен келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды тосуп алды. 29-март, 2022-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган марттын аягында Өзбекстанга расмий сапар менен барып кайтты. Серепчилер Анкара Москвага көз каранды Борбор Азияга жакындашууну көздөгөнүн, бирок чөлкөмдүн өлкөлөрү Орусиянын "көлөкөсүнөн" арыла албай жатканын айтышууда.

Бир тууган жана ортомчу

29-мартта Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эки күндүк расмий сапар менен Өзбекстанга барды. Сапардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү талкууланып, онго жакын документке кол коюлду.

Ага аскердик келишим да камтылган. Эрдоган документ Түркиянын коргонуу өнөр жайын өнүктүрүүдө маанилүү экенин жана аны Өзбекстан менен бөлүшүүгө даяр экенин айтты.

"Бүгүн коргонуу өнөр жайы боюнча келишимдерге кол койдук. Биз бул келишимдерге ылайык тажрыйба алмашууга даярбыз. Түркиянын бул тармактагы жетишкендиктери ачык көрүнүп турат. Биз транспорттон энергетикага, саламаттык сактоодон билим берүүгө жана маданиятка чейин кеңири чөйрөдө кызматташуубузду мындан ары өнүктүрүүгө даярбыз", - деди Эрдоган.

Эрдогандын Борбор Азияга сапары Орусия Украинага кол салып, согуш жүрүп жаткан маалга туш келди. Ташкент бул маселеде бейтарап болууга аракет кылганы менен Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдирген.

Москвага экономикалык жана саясий жактан көз каранды Борбор Азия өлкөлөрүнүн бири да Кремл "көз карандысыз" деп атаган Донбасстагы жикчил түзүмдөрдү тааныган эмес.

Ал арада НАТОго мүчө Түркия Орусияга каршы санкцияларга кошулбай турганын билдирди. Анкара Москва менен Киев ортосунда ортомчу болууга аракеттенүүдө. Эрдоган Ташкентке сапарынын алдында Стамбулда орус-украин өкүлдөрүнө кезигип, сөз сүйлөгөн.

Түрк президенти Ташкенттен тышкары түрк маданиятынын борбору деп жарыяланган Хива шаарына барып, тарыхый жерлерге зыярат кылды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу. Ташкент. 29-март, 2022-жыл
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу. Ташкент. 29-март, 2022-жыл

Түрк мамлекеттер уюму жана Түркиянын кызыкчылыгы

Анкара Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөргө түрдүү деңгээлдеги жардамды көрсөтүп келет. Буга чейин Тоолуу Карабак аймагындагы согушта Азербайжанга аскердик жардам бергени белгилүү. Анкара ошондой эле Азербайжан менен Түркмөнстандын ортосунда Каспий деңизине байланыштуу талаштын чечилишине салым кошкон.

Былтыр Кыргызстан Түркиядан "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алган.

Анкараны Түрк мамлекеттери уюмунун дагы бир мүчөсү Казакстандагы Январь окуялары өзгөчө тынчсыздандырат.

Өлкөнүн коргоо министри Хулуси Акар "эгер Нур-Султан жардам сураса, Анкара колдоо көрсөтөт" деп ишендирген. Кошумчалай кетсек, январда Түркия парламенти "Казакстанда тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр" экенин билдирген декларация кабыл алган.

12-январда Анкаранын демилгеси менен Түрк мамлекеттер уюмунун тышкы иштер министрлери видео форматтагы кезексиз жыйында Казакстандагы кырдаалды талкуулашкан.

Казакстандын президенти өлкөдөгү кырдаалды Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттер менен талкуулап, уюмдун аскерлери казак бийлигинин чакыруусу менен эки жумага өлкөгө киргизилген.

Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылдын октябрында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши катары түзүлгөн. Ага алгач Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия түптөөчү болуп кирген.

Ташкент уюмга кошулуу ниетин 2018-жылы апрель айында билдирип, 2019-жылы Бакуда өткөн жыйында мүчө болгон. Бул уюмдан тышкары Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы, Түрк маданиятынын эл аралык уюму, Түрк академиясы, Түрк маданияты жана мурасы фонду, Түрк ишкерлер кеңеши бар.

Түрк мамлекеттер уюмунун чет өлкөдөгү биринчи өкүлчүлүгү 2014-жылы Украинада ачылган. Киев бул уюм менен тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин билдирип келет.

Эгемендик алгандан кийин Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстан латын арибине өткөн. Казакстан жакынкы он жылдыкта латын алфавитине өтүүнү пландоодо. Ошондой эле Түрк биримдигин өнүктүрүү жана Туран биримдигин түзүү идеясы чөлкөмдөгү басма сөздө мезгил-мезгили менен талкууланып келет.

"Чыңалган кырдаал" кезиндеги сапар

Өзбекстандык серепчи Камолиддин Раббимов түрк президентинин бул сапары маанилүү экенин “Азаттык” радиосуна билдирди.

"Сапардын мүнөзү өзгөргөн жок, геосаясий кырдаал өзгөрдү. Постсоветтик мейкиндикте Орусия Украинага согуш ачты. Жыл башында Казакстанда кандуу Январь окуясы болду. Казакстандагы окуядан кийин Путиндин таасири күчөдү. Бул Түркияны тынчсыздандырууда. Түркиянын Түрк мамлекеттеринин уюму деген геосаясий долбоору бар. Түркия түрк тилдүү өлкөлөр менен союздаш болсо, дүйнөлүк саясатта таасири күчөй турганын жакшы түшүнөт", - деди Раббимов.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жубайы менен. 30-март, 2022-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жубайы менен. 30-март, 2022-жыл.

Ал Орусия жетектеген ЖККУга мүчө Казакстан менен Кыргызстан Түркия менен кызматташууга кызыкдар экенин кошумчалады.

"Түркия менен Орусия Кавказда, Борбор Азияда жана Сирияда абдан күчтүү геосаясий атаандаштар. Экөөнүн ортосунда саясий оюн жүрүп жатат".

Раббимов ошондой эле Ташкент менен Анкара ортосунда кол коюлган аскерий келишим коомчулукка ачык айтылбай жатканынын себебин түшүндүрдү.

"Тараптар Москванын кыжырын келтиргиси келбейт. Менимче, Казакстан менен Түркиянын ортосунда мындай деңгээлдеги мамилелер эбак эле түзүлгөн. Аскердик тармактагы казак-түрк кызматташтыгы өзбек-түрк мамилелерине караганда алда канча кеңири.

"Менталитеттин айырмачылыгы"

Камолиддин Раббимов "Туран армиясы" жана Түрк биримдиги сыяктуу ураандардын турмушка жарамдуулугун четке какпайт.

"Борбор Азия Түркия менен мамиле түзүүгө абдан кызыкдар. Анткени Түркия аскердик күч экенин далилдеди. Ошондуктан Түркиянын Борбор Азия менен алакасы өтө маанилүү. Тажикстан сыяктуу түрк тилдүү эмес мамлекеттер менен да жакшы мамиледе. Тажикстан Иран менен бир тилде сүйлөгөнү менен Дүйшөмбү-Тегеран мамилеси тажик-түрк мамилесинин деңгээлине жете элек. Ошондуктан Түрк биримдигинин келечеги бар деп эсептейм. Бирок Путин Орусияда бийликте турганда ал кечеңдейт", - деди Раббимов “Азаттыкка”.

Казакстандык аскердик эксперт Ермек Сейитбатталов Түрк биримдигинин келечегин Украинадагы кырдаалга байланыштырды.

"Казакстандагы Январь окуялары бир катар маселелерди чечүүгө тоскоол болду. Орусиянын Украинадагы аракеттеринен кийин Казакстан Орусиядан алысташы мүмкүн. Түркиянын Азербайжандын Тоолуу Карабак аймагындагы окуяларга колдоосу Түрк биримдигинин келечеги бар экенин көрсөттү. Эми алдыда Украинадагы согуш кандай аяктайт деген суроо турат".

Ал эми казакстандык саясат таануучу Мухит Асанбаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн элитасы Түркия менен жакындашууга даяр эмес деп эсептейт.

"Борбор Азия өлкөлөрү менен түрк коомунун менталитети ар башка. Түркиянын баалуулуктары көптөн бери калыптанган. Ал ортодо Борбор Азия өлкөлөрү өзүн төмөн баалоого көнүп калган. ЖККУ турганда чөлкөмдөгү өлкөлөр Орусиянын таасиринен чыга албайт. Бирок Украинадагы согуш орус армиясынын беделине доо кетирет. Кытай да, Түркия да Орусиянын алсырашына кызыкдар".

"Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Куанышбек Каринин макаласын орус тилинде бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG