Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:36

"Яндекс.Такси" Орусиянын атайын кызматына маалымат береби?


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 1-сентябрдан тарта "Яндекс.Такси" кызматынын бардык өлкөлөрдөгү бөлүмдөрүнүн маалымат базаларына кире алат. Бул жөнүндөгү токтомго Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин кол койду. Мындай маалыматты "Медуза" басылмасы жазып чыкты. "Яндекс" кызматы ушул эле басылмага бул Орусиядан башка өлкөлөргө тиешеси жок экенин айтып, маалыматты төгүндөгөн.

Кыргызстанда кызмат көрсөткөн "Яндекс.Такси.Корп" компаниясы маалыматтар базасы тууралуу соңку сөздөрдү четке какты. Анда Орусиянын мыйзамдары Кыргызстанга жана компаниянын бул жактагы кардарларына колдонулбай турганын билдирди.

"Кыргызстандык колдонуучуларга "Яндекс GO" кызматын көрсөткөн "Яндекс.Такси.Корп" компаниясы кардарлардын жеке маалыматты, бардык укуктарды өлкөнүн мыйзамдарына ылайык сактайт. Сервистин Кыргызстандагы иши тууралуу маалыматтарды чет өлкөлүк (анын ичинде орусиялык) мамлекеттик органдар расмий кайрылуу аркылуу, эл аралык жол-жобонун негизинде гана сурай алат. Биздин компания коопсуздук саясатынын эң жогорку стандарттарын карманат",- деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында "Медуза" басылмасы ушул жылдын сентябрь айынан тартып Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Яндекс.Такси" кызматынын, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү бөлүмдөрүнүн бардык маалымат базаларына күндүр-түндүр кирүүгө мүмкүнчүлүк аларын жазган. Такси кызматына байланышкан жаңылыкка "Яндекс.Такси" иш алып барган бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары түрдүү реакция кылууда.

"Азаттыктын" казак жана кыргыз кызматтары компаниянын кызматынан колдонгон жүргүнчүлөргө микрофон сунду.

Кыргызстандагы сурамжылоо:
"Кыргыз мамлекетинин өзүнүн атайын кызматтары бар. Эгер Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы өз жарандарынын жеке маалыматын чогултса мейли, бирок биздин өлкөгө кийлигишип, биздин маалыматтарды алуу үчүн "Яндексти" колдонсо - мамлекеттин ички түзүмүнө зыян келтирүү ыктымалдыгы бар".
"Мен каршымын, бул адамдын жеке жашоосу да. Ал кайда, качан, ким менен барганы, же жүк ташыганы купуя калышы керек. Өлкө ичинде каралса мейли маалымат, бирок үчүнчү өлкөлөргө эмне кереги бар".
"Аларда жеке маалыматтар анча деле көп эмес, көп болсо биздин кайда барганыбыз болот, бул өтө маанилүү деле эмес. Ошондуктан каршы эмесмин".
"Жеке чектерди бузуу деп ойлойм. Кайсы максатта бул жасалып атат? Бул жакшы эмес".

Казакстандагы сурамжылоо:
"Орусия такыр башка өлкө, биз Казакстанда жашасак Орусиянын эмне тиешеси бар эле?".
"Мен мындайды колдобойм, себеби бул жеке маалымат, аларга анын эмне кереги бар? Экинчи жагынан кандайдыр бир тобокелдиктерди болтурбоо керек".
"Чындыгында, бул ашыкча. Бирок азыркы дүйнөдө, азыркы кырдаалда, бул нерсе болушу керек. Кошумча көзөмөл болушу зарыл".

Жарандык коомдун өкүлдөрү орус өкмөтүнүн "Яндекс.Такси" кызматынын бардык өлкөлөрдөгү бөлүмдөрүнүн маалымат базаларына кире алары жөнүндө токтому кооптонууга негиз болорун, ага кыргыз бийлиги тез арада көңүл буруусу керектигин айтууда.

Буга байланыштуу өкмөт тарабынан комментарий боло элек.

“Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фондунун жетекчиси
Таттуу Мамбеталиева "Яндекстин" базасы борборлоштурулганына көңүл бурууда.

"Алар Кыргызстан же дагы башка өлкөлөр үчүн деп кардарларга тиешелүү маалыматты бөлүп чогултпайт. Экинчи жагы, азыр топ кыргыз өкмөтү тарапта, алар "бул тиркеме канчалык деңгээлде кыргыз жарандарынын укугун бузарын анализдеп туруп, чечим чыгарышы керек. Менин жеке пикиримде, "Яндекс" тиркемесин Кыргызстандын аймагында колдонууга болбойт. Ал биздин укуктарга олуттуу коркунуч жаратат. Себеби биз Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы биз тууралуу малыматты эмне максатта жана кандай колдоно турганын билбейбиз, маселенин баары ошондо. Ага ким кире алат, эмне үчүн, эмне максатта же аңдуу үчүнбү? Бул суроолорго жооп жок. Биздин маалыматтарды манипуляциялоо мүмкүнчүлүгү жаралып атпайбы. Мисалы, экономикалык же коомдук таасир этүү үчүн. Негизги көйгөй - бул маалыматтар эмне үчүн жана эмнеге керек экени, алар кандай колдонулары тууралуу бизге белгисиз".

Орусиялык ишкерлер ээлик кылган “Яндекс.Такси” Кыргызстанда адамдарды ташуудан сырткары тамак-аш, азык-түлүк жеткирүү менен да алектенет.

2017-жылдан тарта Кыргызстандын рыногуна кирген компания ушул жылдын башында гана өлкөдө каттоодон өткөнү белгилүү болгон. Өткөн айда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков бул компаниянын кызматынын баасын жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирген. Коомчулукта ишкана бааны өтө эле жогорулатып жибергени тууралуу нааразылыктар көп.

Мындан эки жыл мурда жергиликтүү такси айдоочулар Бишкекте акцияга чыгып, “Яндекс.Такси” кызматын рыноктон чыгарууну, тиркемесине бөгөт коюуну талап кылышкан эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG