Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:06

Изилдөө: Кыргызстан аялдар үчүн кооптуу өлкө


Иллюстрация
Иллюстрация

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда өзүнүн 2023-жыл үчүн даярдалган отчетун жарыялады. Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашты. Баяндама коомчулук Асел Ногойбаева туш болгон зомбулукту кескин айыптап, аялдарга карата зомбулукту токтотуу талаптары, чакырыктары тынбай айтылып жаткан учурга туш келди.

“Мен - Асел”

29-октябрда Бишкектеги “Новотел” мейманканасына чогулган укук коргоочулар, жарандык активисттер жана кайдыгер эмес жарандар мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган Асел Ногойбаеванын окуясын жана соңку кезде күч алган аялдарга карата зомбулукту кескин сынга алып, өз баштарынан өткөн окуяларын ортого салып, зомбулукту токтотуу талабын коюшту.

"Мен - Асел" иш-чарасына келгендер.
"Мен - Асел" иш-чарасына келгендер.

Жекшембиге мерчемделип калган “Мен - Асел” деп аталган иш-чарага күтүлгөндөн кыйла аз адам келди. Катышуучулардын басымдуу бөлүгү аялдар болду. Бул көрүнүш келгендердин нааразылыгын жаратты. Катышуучулардын бири, кесиби мугалим Кундуз Секишова Асел Ногойбаеванын үй-бүлөсүнө жана жакындарына тилектештик билдирип келгенин айтып, коомчулуктун буга салкын караганын сынга алды:

Кундуз Секишова.
Кундуз Секишова.

“Азыр эгер Италиядан бир чоң бренд келди десе, бул жерде адамдар абдан көп болмок. Журналисттер көп болмок. Тилекке каршы, андай болгон жок. Бул жерде адам өмүрү чечилип атса да баарыбыз кайдыгер карап отурабыз. Көргөндөр “Бул жерге феминисттер келип алыптыр, Батыштын адамдары келип алыптыр, долбоор менен иштегендер же юристтер өзүнүн макамын көтөрүп атыптыр” деши мүмкүн. Жок, андай эмес. Мен деле Аселдеймин. Анын беш ордери болсо, мен алты ордери бар кызмын. Бир жылдан бери укук коргоо органдарынан, мамлекеттен жооп ала албагандыктан, бул жерге ичимдеги күйүт менен келдим”, - деди ал.

Кундуз “ичиндеги күйүтүн” ачык айтып чыккан жалгыз аял эмес. Зордук-зомбулукка байланыштуу резонанс жараткан ар бир окуядан кийин зомбулук көйгөйү кайра козголуп, ондогон кыз-келиндер социалдык тармактарда өз окуяларын бөлүшө башташат. Бул ирет аларды “Мен - Асел” хэштеги менен өткөн флешмоб кайрадан бириктирди.

"Мен Асел" иш-чарасындагы панелдик талкуу:

“Мен - Асел” иш-чарасынын алкагында атайын зомбулук темасындагы көркөм тасма көрсөтүлүп, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү да өттү. Түшкөн каражат Асел Ногойбаеванын дарылануусуна жумшалат. Иш-чараны "CAF Келечек" жаштар бирикмеси уюштурду. CAF билим берүү фондунун негиздөөчүсү Айнура Чолпонкулованын айтымында, бул иш-чара Асел Ногойбаевага колдоо көрсөтүп, анын дарылануусуна каражат топтоого багытталган узак мөөнөттүү акциянын бир бөлүгү.

Айнура Чолпонкулова.
Айнура Чолпонкулова.

“Башында операцияга 45 миң АКШ доллары керек экени айтылган. Бул суммага жол киреси, дары-дармеги да кирет. Түркиялык микрохирург операция жасоого көнгөн. Азыр өзүбүздүн жергиликтүү микрохирург да операция жасай аларын билдирип, зарылчылык болсо Орусиядан да микрохирургтарды чакырарын айтты. Эми операция кандай жасаларын үй-бүлөсү чечет. Операциядан кийин да реабилитация процесси бар. Бул бир эле операция менен бүтүп калбайт. Биз аягында Аселге жакшы пластикалык операция жасатууну да максат кылып жатабыз. Андыктан каражат топтоо жараянын дагы бир ай бою жүргүзөбүз”.

20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон. 8 сааттык операцияны баштан кечирген Асел бир айдай ооруканада жатып, жакында үйүнө чыкты. Дарыгерлер Аселге дагы бир нече этап менен операция жасалышы керектигин айтып жатышат.

Асел: Менден кетсең, бетиңе кислота чачып, өлтүрөм дечү
please wait

No media source currently available

0:00 0:39:36 0:00

Үрөй учурган окуялар, нес кылган сандар

Соңку бир канча жылда эле ондогон зордук-зомбулук окуялары коомчулуктун үрөйүн учуруп, нааразычылыгын жаратты. Тилекке каршы, кыз-келиндердин өлүмү менен аяктаган окуялар да жок эмес. Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызы менен Айзада Канатбекованы кыргыз коомчулугу унута элек. Жыл башында уул-кызы менен кошо киши колдуу болгон аялдын өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүүлөр азыр да уланууда. Бул коомчулукка белгилүү болгон айрым гана окуялар.

Бишкектин ооруканаларына, "Тез жардам" кызматына күйөөсүнөн токмок жеген аялдар күнүгө кайрылат. Бирок алардын көбү арыз жазуудан баш тартып келет. Аялын кабыргасы сынгыча, башы жарылгыча сабагандар, сабап өлтүрүп койгондор да кездешерин дарыгерлер “Азаттыкка” айтып беришкен.

“Аялын уруп жүрүп акыры өлтүргөндөр бар”. Дарыгерлер күбө болгон зомбулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:02 0:00

Расмий маалыматтарга караганда, быйыл 8 айда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8512 факт катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1,5 миң учурга көп. Жыл башынан бери үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 7 419 ордер берилген. 785 адам коомдук ишке тартылып, 3-7 күн камакка алынган. Өлкөдө акыркы эки жылда жыйырмага жакын аял күйөөсүнүн же чогуу жашаган кишисинин колунан мерт болгону расмий айтылат. Жыл сайын он миңдей аял күйөөсүнөн же бирге жашаган эркектен зомбулук көрүп, укук коргоо органдарына кайрылат.

Буга катар эле 24-октябрда жарыяланган WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун рейтинги Кыргызстандагы зомбулук маселесин эл аралык деңгээлде ашкерелеп берди. Быйылкы рейтингде Кыргызстан 95-сапка жайгашып, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде акыркы орунду алды. Ушул эле рейтингде Өзбекстан 94-орунда, Тажикстан 90-орунда жана Казакстан 80-орунда турат. Ал эми Түркмөнстан 58-орунду ээлеп, аймактагы кыйла коопсуз өлкө катары сыпатталган.

Аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жашоосуна катышы, укуктук дискриминация, билим берүү, саламаттык сактоо, жумуш менен камсыздоо жана зомбулук тобокелдиктери сыяктуу 13 категория менен баалаган бул дүйнөлүк рейтингге 177 өлкө катышкан. Тизменин сап башында Норвегия, Дания, Финляндия, Исландия, Швеция, Швейцария, Люксембург, Австрия, Нидерланды жана Жаңы Зеландия турат. Аялдар үчүн эң кооптуу өлкө катары Түштүк Судан, Конго, Борбордук Африка жана Йемен таанылган.

“Мыйзамдар бар, бирок иштебейт”

Зомбулуктун саны барган сайын өсүп, Кыргызстан аялдар үчүн аймактагы эң кооптуу өлкө бойдон калып жатканына аялдардын укугун коргоочулар бир катар себептерди аташат. Анын ичинде укук коргоо, сот органдарынын, коомдун бул маселеге карата мамилесин, зомбулук жасаган эркектердин көп учурда жазасыз калуусун белгилешет.

Асел Ногойбаеванын юристи Индира Саутова бул жааттагы айрым укуктук ченемдик актылар өзгөртүүлөргө муктаж деген пикирде. Ошол эле учурда бар мыйзамдардын толук иштешин камсыз кылуу, азыркы мыйзамдар менен эле тергөөчүлөрдүн иш үстүндөгү жоопкерчилигин күчөтүү менен зомбулук маселесин чечүүгө жол ачса болорун айтат.

Индира Саутова.
Индира Саутова.

“2021-жылы жаңы редакция менен кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексиндеги эң чоң маселе - оор кылмыштар боюнча пробациялык көзөмөлгө алуу болчу. Пробациялык көзөмөл велосипед уурдоо, тоок уурдоо сыяктуу оор эмес кылмыштарга жакшы болгону менен оор кылмыштар үчүн колдонулбашы керек эле. Пробациялык көзөмөл сотторго коррупцияга жол ачып берген. Алар эми оор кылмыш жасагандарды кааласа пробацияга алып, кааласа 5 жылга чейин соттоого мүмкүнчүлүк алышкан. Муну укук коргоочулар ошондо эле сындап чыгышкан. Эми Аселдин окуясы муну дагы бир жолу далилдеп отурат. Муну эми айрым депутаттар өзгөртүүгө аракет кылышууда. Юрист катары айтарым, бизде мыйзамдар бар. Биз болгону аларды так аткарбайбыз. Мыйзам жоболорун ошол эле милиция кызматкерлери, көзөмөл кылып жаткан прокуратура органдары так аткарбагандыктан, Аселдин окуясы катталып отурат”.

Юрист өз сөзүндө зомбулук фактыларына көз жумуп койгон тергөөчүлөрдү айыптап, зордук көрсөткөн адамдын жана шалаакылыкка жол берген укук коргоо органдарынын жазасыз калып жатканы зомбулукту күчөтүп жаткан фактор экенин кошумчалады.

Кыргызстан 2017-жылы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Ага ылайык, зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап эмес, күбөлөр да арыз жаза алат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга "убактылуу коргонуу ордерин" жазып берет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG