Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Ыктыярдуу элдик кошуундар Бишкекти кайтарууда


Бишкектеги Ала-Тоо аянты. 6-октябрь, 2020-жыл.
Бишкектеги Ала-Тоо аянты. 6-октябрь, 2020-жыл.

Бишкекте ушуну менен экинчи түнү ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү борбор шаардагы муниципалдык жана мамлекеттик ишканаларды, кафе-ресторандарды, соода борборлорун кайтарууда.

Активисттер баштаган ыктыярдуу топ мамлекеттик номуру жок машинелерди текшерип өткөрүп жатышат.

Өкмөт имаратынын алдында да жүздөгөн ыктыярчылар турганы кабарланды. Кайтарууга алынган объектилердин арасында КТРК, Өкмөт Үйү, Мамлекеттик резиденция, Башкы прокуратура, мейманканалар, ири соода борборлору жана башка жайлар бар.

Кыргызстанда 5-октябрда парламент, президенттик администрация отурган имаратты жана УКМКны демонстранттар басып алышкан. 6-октябрдын түнү топтошкон шектүү адамдар ар кайсы мекемелердин, соода борборлорунун жанына барганы, бирок ыктыярдуу кошуундар талоончулук далалаттарына жол бербегени айтылган.

XS
SM
MD
LG