Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:25

Кыргызстанда эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү кармалды


Кармалган адам жана анын жанынан табылган баңгизат. УКМК тараткан сүрөт.
Кармалган адам жана анын жанынан табылган баңгизат. УКМК тараткан сүрөт.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси – "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү, сактоо, ташуу, жөнөтүү" боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү, К.у.А. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Ал Чүй облусунун Пригородное жана Достук калктуу конуштарынын ортосунда, “Манас” аэропортуна кеткен жолдо колго түшүп, жанынан 2 килограммдык "Мефедрон" синтетикалык баңги каражаты табылды.

Атайын кызмат билдиргендей, аталган заттын 1 граммы базар баасында 6000 сомду түзөт. Бул деген табылган нерсенин наркы 12 000 000 сомго жетерин түшүндүрөт.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызмат ушул тапта синтетикалык бангизаттардын жаңы түрлөрүн, белгилүү бир акчалай сый акы үчүн таратууга жана сатууну уюштурууга жаштар көп азгырылып жаткенин эскертет. Маалыматта баңгизат сатуучулар аларды интернет мессенжерлер жана социалдык тармактар аркылуу өзүнө имерип жатканы айтылат. Буга байланыштуу УКМК ата-энелерди өз балдарына сак болууга, алардын убактысын жана айлана-чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, аталган кылмыш үчүн жашы 14 жаштан ашкан адамдар 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Муну менен кошо мүлкү конфискацияланат.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-апрелдеги билдирүүсүндө Кыргызстанда баңгизатын жасагандарга жана саткандарга каршы күрөш күчөтүлө турганын билдирген. Ал былтыр жана быйыл жыл башынан бери 12 милиция кызматкери баңгизат соодасына байланыштуу кармалып, жоопко тартылганын тактаган.

2020-2021-жылдары укук коргоо органдары издөө-иликтөө иштеринин аркасында 28 кг синтетикалык баңгизат табышкан. Ал эми 2022-жылы 89 кг, 2023-жылы болсо 150 килограмм каражат алынган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG