Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:45

Баткен: ок атуучу куралдан тестиер жараат алды


Ак-Сай айылындагы чек ара заставасы. Архивдик сүрөт
Ак-Сай айылындагы чек ара заставасы. Архивдик сүрөт

Баткен районунун Миң-Өрүк айылына жакын жерде ок атуучу куралдан сегиз жаштагы бала жараат алды. Ал оор абалда ооруканада жатат.

Окуя тууралуу алгач 8-августта Чек ара кызматы маалымат таркатып, тестиерди жоокер атып алганын билдирсе, прокуратура жергиликтүү жеткинчектер чек арачынын куралын алып, бири-бирин атып алганын кабарлады.

Чек ара кызматы кийинчерээк "жоокердин куралынан жергиликтүүлөр бири-бири атып алды" деген кабар таратты.

Ал маалыматка караганда, окуя 7-августта кечке жуук болгон.

"Тажикстан менен чек арадагы Миң-Өрүк айылынын четинде кызмат өтөп жаткан жоокер К.Ж.у., чек ара кезметинин курамында болуп, Куралдуу Күчтөрдүн уставынын талаптарын бузуу менен, жакын жерде ойноп жаткан балдарга билбестен курал алууга уруксат берген. Алардын бири кокусунан куралдын курогун тартып, ок чыгарган. Ок 2014-жылы туулган А.С.га тийген", - деп жазылган анда.

Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалганы айтылды.

Ок баланын жамбашына тийип, омурткасын да жабыркаткан. Учурда ал облустук биргелешкен оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ага дароо операция жасалып, алдыда дагы бир операцияны баштан кечиргени турат.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, 7-августта чек арачылар нөөмөттө турган жерге жергиликтүү бир курактагы үч бала келген. Тестиерлердин бири куралды жоокер алаксый түшкөндө кармай калып атылып кеткен:

«Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан жоокердин аракеттерине карата текшерүү жүргүзүүдө».

Буга чейин да ушул эле райондун аймагындагы чек арачылар бири-бирин кокустан атып алган учурлар катталган.

Максатбек аттуу тургун жоокерлер жергиликтүү жашоочулар менен жакын болуп, аскердик жобону сактабай калган учурлар кезигерин айтты:

«Биздин аймакта чек арачылар ар бир айылда бар. Алардын бар экенине ишенип биз тынч жашап жатабыз. Балдар чек арачыларды көрүп, ушулардай болсом деп жанына барып сүйлөшүп, достошкусу келет. Бирок аскердик устав деген бар да. Ошону сакташ керек. Кээде жоокерлер аны унутуп калып, эрежелерди сактабай калат. Тартипти сактап, баары мыйзам чегинде, эрежедегидей болсо, мындай жаман окуялар катталмак эмес. Жетекчилик тарабынан дайыма катуу көзөмөл болушу керек».

Баткендеги аскер бөлүктүн мурдагы кол башчысы Куралбек мындай ою менен бөлүштү:

«Азырынча окуянын себептерин так билбей туруп бир нерсе деп айткандан карманган жакшы. Анткени коомдук пикир аркылуу кимдир бирөөнүн тагдырына таасир берип коюшубуз мүмкүн. Негизи ар бир жоокерге күн сайын өзүнүн куралына жоопкерчилиги, мамилеси тийиштүү жетекчилик тараптан эскертилип турат. Курал менен чыгарда дагы эскертилет. Жоокерлердин топ жетекчиси да көзөмөлдөп турат. Атайын эрежелер бар. Аны ар бир жоокер так сактайт. Эгер тартипти, талапты сактабаса, жоопкерчиликке тартыларын билет. Эрежени баары билет. Ошондуктан көрбөй, иликтебей туруп кимдир бирөөнү күнөөлөгөн туура эмес болуп калат».

Аталган факт Баткен облустук ички иштер башкармалыгында да каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

Жабыркаган өспүрүм чоң энесинин колунда экени белгилүү болду. Азырынча анын жакындары менен байланышууга мүмкүн боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG