Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Украина: мектепке урулган сокку, "Азовсталда" калган жоокерлер


Украинанын президенти Владимир Зеленский. 8-май, Бородянка.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. 8-май, Бородянка.

Украин бийлиги билдиргендей, Луганск облусундагы Белогоровка айылындагы мектепке урулган орус армиясынын соккусу болжол менен 60 тай адамдын өмүрүн алды. Азырынча куткаруучулар урандалырдан алдынан тирүү калгандарды издеп жатышат. Мариуполдогу «Азовсталь» заводунан жайкын тургундардын баары чыгарылды. Ушул тапта медиктерди жана жарадар аскерлерди чыгарып кетүү жараяны жүрүп жатат.

Луганск облусунун губернатору Сергий Гайдай билдиргендей, 7-май күнү түштөн кийин орус аскерлери 90 адам жашырынып турган мектептин имаратына бомба ыргытышкан. Куткаруучулар отуздай адамды сактап калышты, эки адамдын сөөгү табылды. Калгандары урандылардын алдында калды.

"Мектепке авиабомба тийди. Тилекке каршы ал толугу менен талкаланды. Азыр куткаруучулар урандылардын алдынан аман калгандарды издеп жатышат. Ал жакта алтымыштай адам жашырынып турган. Албетте, куткаруучулар колунан келгенин жасашат. Бирок адамдардын тирүү калуу мүмкүнчүлүгү аз. Жакшыдан үмүт кылып туралы. Кимдир бирөө аман калар",-деди Луганск облусунун губернатору Сергий Гайдай .

Белогоровка ушул тапта орус армиясынын катуу аткылоосуна туш болуп жаткан Лисичанск айылынан он чакырым алыстыкта жайгашкан.

"Азовсталдагы" жайкын тургундар чыгарылды

Мариуполдогу «Азовсталь» заводунда эки айдан бери жашырынып турган жайкын тургундардын баары чыгарылды. Бул тууралуу украин бийлиги билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 7-майда белгилегендей, ушул тапта ал жактагы медиктерди жана жарадар аскерлерди чыгарып кетүү жараяны жүрүп жатат. Ал ошондой эле калаа ичиндегилерди да коопсуз жактарга эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридорлорду ачуу аракети уланып жатканын кошумчалады.

"Албетте, биз аскерлерибизди, Мариуполду коргоп жаткан баардык баатырларыбызды чыгарып кетүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Бул аябай кыйын болгону менен өтө маанилүү. Анын себеби эмнеде экенин баары эле түшүнүп турса керек. Бирок үмүтүбүздү өчүрбөйбүз жана ишибизди токтотпойбуз. Күн сайын ишке ашчу дипломатиялык жолдорду издеп жатабыз",-деди Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Орусиянын Коргоо министрлиги 8-майда тараткан билдирүүсүндө түнү жасалган ракеталык сокку менен Одессадан анча алыс эмес жердеги украиндердин аскердик кемеси жок кылынганын кабарлады. Ошондой эле Змеиный аралынын үстүнөн эки тик учакты атып түшүргөнүн маалымдады. Бул билдирүүлөр канчалык чын экенин согуш маалында бышыктоо кыйын. Украина тарап бул тууралуу комментарий бере элек.

Белогоровкадагы авиабомба тийген мектептин имараты. 8-май, 2022-жыл.
Белогоровкадагы авиабомба тийген мектептин имараты. 8-май, 2022-жыл.

Путин менен Зеленскийдин билдирүүлөрү

Кремлдин сайтында орус президенти Владимир Путиндин согуштун 77 жылдыгына байланыштуу чет элдик лидерлерге багытталган куттуктоосу 8-майда жарыяланды. Анда ушул тапта дагы орус аскерлери «ата-бабаларындай эле өз жерин нацисттерден бошотуу үчүн күрөшүп жатканын айтып, «1945-жылдагыдай эле жеңиш биз тарапта» болот деп белгиленет.

Ушул эле күнү украин президенти Владимир Зеленский да кайрылуу жасап, Орусиянын Украинага кол салышын нацисттик Германиянын Экинчи дүйнөлүк согуштагы аракеттерине салыштырды.

"Быйыл биз "Эч качан" деген сөздөрдү башкача айтып, башкача угуп жатабыз. Бул бизге катуу тийип жатат. Биз аны суроо белгисиз менен айтып жатабыз",-деген Зеленский "зулумдар жоопкерчиликтен качып, бункерге жашырына албастыгын" кошумчалады.

Айрым аналитиктер Путин 9-майда Мариуполдо Жеңиш парадын өткөрүшү мүмкүн экенин боолгоп жатышат. Согушка чейин 400 миңдей адам жашаган шаардын көп бөлүгү жер менен жексен болгон. Айыгышкан салгылашуулар ушул маалда «Азовсталь» заводунун айланасында гана жүрүп жатат. Калаанын өзүндө жүз миңдей карапайым тургун бар экени айтылып келет.

Азов деңизинин боюнда жайгашкан бул стратегиялык шаарды орус армиясы өз көзөмөлүнө толук алса, 2014-жылы аннексияланган Крым жарым аралы менен өлкө чыгышындагы жикчил аймактарды байланыштырууга жол ачылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG