Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

"Азовсталдагы" кармаш, генералдардын өлүмү тууралуу кабарлар


"Азовсталь" заводу тарапта чыккан түтүн.
"Азовсталь" заводу тарапта чыккан түтүн.

Орусия "Азовсталь" заводунун ичиндеги жайкын тургундарды чыгарып кетүүгө жол ачып, үч күнгө ок атууну токтоторун жарыялады. Москванын бул билдирүүсү бир аз ишенбестик менен кабыл алынды. Себеби буга чейин макулдашуулар бир нече жолу бузулуп, Киев буга орус күчтөрүн айыптап келген.

Заводдун өзүндө эки күндөн бери айыгышкан салгылашуу жүрүүдө. Украина согуш башталганы 12 орус генералы жок кылынганын билдирүүдө, Москва эки гана генералдын өлүмүн мойнуна алган.

Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, 5-7 май күндөрү эртең мененки сегизден кечки алтыга чейин заводдогу жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор ачылат. Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-майда жасаган кайрылуусунда, Киев дагы бул маалда ок атышууну токтотууга кепилдик берерин айтты.

"Ал жактагы адамдарды жер төлөдөн чыгарууга убакыт керек. Азыркы кырдаалда биз урандыларды тазалоо үчүн оор техника колдоно албайбыз. Баарын кол менен жасоого туура келет".

Заводдогу "Азов" полкунун командири Денис Прокопенко заводду аягына чейин коргоого убада берди:

"Жетимиш суткадан бери Мариуполдогу гарнизон душмандын күчүнө каршы туруп келатат. 25-апрелден бери "Азовсталь" заводун тегерете коргоп турабыз. Баскынчылар заводдун аймагына өткөнүнө эки сутка болду. Кан төгүү менен коштолгон айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат. Кырдаал кыйла оор. Бирок эч нерсеге карабай биз коргонуу буйругун аткарып жатабыз,"-деди ал.

Украинанын вице-премьер-министр Ирина Верещук 4-майда Мариуполдон 344 кишини аман-эсен чыгарып кеткенин айтып, бул үчүн Улуттар Уюмуна жана эл аралык Кызыл Чырым эл аралык комитетине ыраазычылык билдирди.

"Театрга урулган сокку 600дөн ашык адамдын өмүрүн алды"

Ал арада Associated Press агенттиги 4-майда тараткан маалыматка караганда, Мариупол театрына урулган соккудан 600дөй жайкын тургун набыт болду.

Бул украин бийлигинин буга чейинки эсебине салыштырганда эки эсе көп. Орус армиясы сыртында "Балдар бар" деген жазуу илингенине карабай 16-мартта театрдын имаратына сокку урган. Ал кезде Киев 300дөй карапайым тургун набыт болгонун билдирген.

Ал эми Associated Press өз маалыматын аман калган 23 кишинин жана куткаруучулар менен кеңири маектерге таянып жарыялаган.

Евробиримдиктин жаңы санкциясы, Кремлдин эскертүүсү

Буга чейин Евробиримдик жыл соңуна чейин орус мунайына эмбарго киргизүү планын жарыялаган. Көп өтпөй Словакия, Венгрия жана Болгария орус мунайынан баш тартпастыгын билдирди. Расмий Киев муну сынга алып, бул мамлекеттер Орусиянын Украинада жасаган кылмыштарына түздөн түз катыштыгы бар деп кабыл алынарын эскертти. Кремл Евробиримдиктин мындай чечиминин азабын европалыктар тартарын айтууда.

"Бул эки миздүү канжардай. Бизге зыян келтирүү менен азабын өздөрү тартып жатышат. Алар эмитеден эле жапа чеге баштады. Анткени Европанын тургундары үчүн санкциялардын баасы күн сайын өсүп жатат",-деди Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Евробиримдик ошондой эле Сбербанкты жана башка дагы эки ири орус банкын эл аралык SWIFT системасынан ажыратууну сунуштады.

Бул чаралар күчүнө кириши үчүн Евробиримдикке мүчө 27 мамлекеттин макулдугу керек.

Мунайга эмбарго киргизилсе, орус экономикасына чоң сокку урулат. Мунайгаз сектору орус бюжетинин теңинен көбүн түзөт. Москва Европага көгүлтүр отундун 70%, ал эми мунайдын 60% сатат.

Согуш башталган эки ай ичинде Евробиримдик Орусияга мунай үчүн 20 миллиард, ал эми газга 30 миллиард евродон ашуун акча которгон.

Ал арада The New York Times басылмасы Ак үйдөгү өз булактарына таянып, АКШ бөлүшкөн чалгын маалыматтар украин армиясына орус генералардын жок кылууга жардам бергенин жазды.

Басылманын маалыматына караганда, америкалыктар украиналыктарга реалдуу убакыт режиминде орус командалык пунктарынын геолокациясын бөлүшүп турган.

Украина бул маалыматтарды өздөрүнүкү менен салыштырып, орус аскерлеринин телефондон сүйлөшкөндөрүн угуп, ал жакта жогорку даражалуу офицерлер болгону ырасталгандан кийин гана сокку урган.

Украина билдиргендей, согуш башталганы майданда 12 жогорку даражадагы орус офицери курман болду. Ал эми Орусия эки генерал-майору Андрей Суховецкий менен Владимир Фроловдун гана өлүмүн ырастаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG