Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:03

Киевге БУУнун баш катчысы барганда ракета түштү


Киев шаарындагы Орусиянын ракетасы түшкөн турак жай.
Киев шаарындагы Орусиянын ракетасы түшкөн турак жай.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Киевде жүргөн учурда орус күчтөрү украин баш калаасына ракеталык сокку урду. Андан “Азаттыктын” украин кызматынын журналисти каза болуп, ондогон киши жараат алды.

Украинанын башка шаары – Мариуполдогу “Азовсталь” заводунда миңдеген тургундар жана аскерлер дале орус күчтөрүнүн камалоосунда турат.

Киевге ракета соккусу

Орус армиясы 28-апрелдин кечинде Киевге беш жолу ракета атты. Алардын айрымдары аскердик объектилерге тийсе, калганы турак жайларды талкалап кетти. Башка имараттар да жабыр тартты.

Киев шаарынын тургуну, окуянын күбөсү Валера Турин журналисттерге буларды айтты:

“Биринчи сокку бул жактан болду. Абдан катуу үн чыкты, менин кеңсеме тийди окшойт деп ойлодум. Он секундадан кийин дагы бир сокку урулду. Ал өтө эле жакын жерге түшүптүр. Мен дааратканага жашынып жатып калдым”.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, соңку ракеталык аткылоодон “Азаттыктын” украин кызматынын журналисти Вера Гирич набыт болду. Анын сөөгү таңга маал үйүнөн урандынын арасынан табылды. Куткаруучулар ракета тийген үйлөрдөн калган тургундарды куткарып чыкты. 10 чакты киши жабыр тартып, анын бешөө ооруканага жаткырылды.

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко шаардагы кырдаал дале кооптуу бойдон калууда деп билдирди.

“Кырдаал кооптуу бойдон жана орустар дагы деле Киевди бутага алууда. Алардын максаты Украинанын борбору, басып алгысы келет. Бирок украин аскерлери аларга басып алууга мүмкүнчүлүк бербейт. Ошентсе да улам-улам аткылоодо. Алдыңкы сааттарда, алдыңкы күндөрдө дагы сокку жасашы мүмкүн. Ага кепилдик жок. Биз үчүн азыр адам өмүрүн сактап калуу башкы орунда турат”.

Орусия мурдараак сүйлөшүүлөрдөн кийин Киев, Чернигов жана башка түндүктөгү багыттар боюнча аскерлерин артка тарткан. Бирок ага карабай, бул аймактарда авиациялык жана ракеталык соккуларын токтоткон жок. Луганск, Донецк, Харьков, Запорожье, Херсон, Николаев жана Одесса облустарында чабуулун дагы күчөттү.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков 29-апрелдеги билдирүүсүндө төмөнкүдөй маалыматтарды таратты:

“Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын аймагындагы атайын операциясын улантууда. Алыс аралыктагы жогорку тактыктагы курал менен Киев шаарындагы ракеталык-космостук “Артём” ишканасы талкаланды. Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү орус-украин чек арасында Украинанын 13 учкучсуз аппаратын жок кылды”.

Мариуполду камалоо уланууда

Орусия Киевге соңку чабуулдарын Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш жүргөн учурда жасады. Ал ага чейин орус аскерлер кыргын жасаган Буча, Ирпень жана Бородянка аймактарын өз көзү менен көрүп келген.

Украин президенти менен биргеликте жасаган билдирүүсүндө, Гуттериш буларга токтолду:

“Украина бүгүн жандүйнө чыдагыс оорунун очогу болуп турат. Өзүм Киевдин айланасын кыдырып чыккандан кийин мен буга күбө болдум. Адамдардын өлүмү, кыйроо, адам укуктарынын жана согуш мыйзамдарынын бузулушу таптакыр акылга сыйбай турат. Улуттар Уюму бул кылмышка баргандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн түрдүү механизмдерди караштырып жатат. Мен Москвада айтканымдай, биз Орусиянын Украинага кол салуусун анын аймактык бүтүндүгүн жана Улуттар Уюмунун жобосун бузуу деп эсептейбиз”.

Донецк облусундагы Мариупол шаары согушта таптакыр талкаланды. Азов деңизинин жээгинде жайгашкан шаардын дээрлик бардык аймагын орус аскерлери басып алган.

“Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен камоодо калды. Орус аскерлери заводго улам-улам чабуул жасап жатат.

Украинанын расмий бийлиги заводдун алдындагы тоннелдик лабиринттерде миңден ашуун жайкын тургундар баш калкалап жатканын маалымдап келет. Киев аларды чыгарып кетүү үчүн коопсуз жол уюштурууну Орусияга бир нече жолу сунуштаган. Андан майнап чыга элек.

Улуттар Уюмунун баш катчысы мунун алдында Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда да ушул маселени көтөргөн. Антониу Гуттериш Зеленский менен кездешүүдө да ушул маселени сүйлөштү.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Гуттериш менен чогуу чыккан сөзүндө мындай деди:

“Биз азыр “Азовсталь” заводундагы камоону ачып, анда жаткан адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн Улуттар Уюмунун аракеттери абдан маанилүү болуп турат. Биз муну талкуулоого өтө көп убакыт кетирдик. Заводдо камалган адамдардын жакындары сыяктуу эле мен дагы оң жагына чече аларыбызга ишенем. Адамдарды аман куткарып калышыбыз керек”.


Орусия өзү “атайын операция” деп атаган, иш жүзүндө Украина үчүн болуп жаткан согуш эки айдан ашык убакыттан бери уланууда. Москва кеңири масштабдагы кол салуусун 24-февралда баштаган.

Бул аралыкта эки тараптан тең, аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. Украинанын аймагын 5 миллиондон ашык адам таштап чыгып кетти.

Украина: согуштан качкан балдар, майданда калган ата-энелер
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:35 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG