Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Украин бийлиги Батыштын куралы "жемишин" бере баштаганын жарыялады


Американын HIMARS ракеталык системасы.
Американын HIMARS ракеталык системасы.

Украинадагы согушта Батыштын артиллериясы өз жемишин бере баштаганын президент Владимир Зеленский билдирди. Өлкө чыгышында айыгышкан салгылашуу уланууда. Орусиянын Коргоо министрлиги салгылашууларга катышкан аскерлерге кыска мөөнөткө эс алууга жана күч топтоого уруксат берип жатканын расмий жарыялады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 7-июлга караган түндөгү кайрылуусунда Славянск, Бахмут шаарлары үчүн айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле Батыштагы өнөктөштөрү берген артиллерия акыры натыйжа бере баштаганын кошумчалады.

"Батыш артиллериясы, өнөктөштөрүбүздөн алган курал-жабдык мыкты натыйжа бере баштаганы акыры сезилип жатат. Биздин коргоочулар баскынчылардын логистикасы үчүн маанилүү делген кампаларга жана башка турумдарына так соккуларды уруп жатышат".

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 6-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен сүйлөшүп, "Америкадан жана башка өнөктөштөрдөн оор курал-жабдык жеткирүү кадамдарын тездетүү координацияланганын" жазды.


Кулеба ушул эле жаатта Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок менен сүйлөшкөнүн, Украинага кошумча курал-жабдык жеткирүүнүн зарылдыгын белгилегенин билдирди.

Орусия аскерлерине тыныгуу берди

7-июлда Орусиянын Коргоо министрлиги салгылашууларга катышкан аскерлерге кыска мөөнөткө эс алууга жана күч топтоого уруксат берип жатканын расмий жарыялады.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын Луганск облусун толук өз көзөмөлүнө алышканын билдирген. Анткен менен облус губернатору Сергей Гайдай бул маалыматты четке кагып, айрым кыштактарда кармаш уланып жатканын жазды.

"Луганск облусу толугу менен орус армиясынын көзөмөлүндө эмес. Айрым айыл-кыштактар эки тарапка бир нече жолу өттү", - деди ал.

Донецк облусунун губернатору Павел Кириленко Авдеевка калаасындагы аткылоодон эки кишинин өмүрү кыйылганын Телеграм каналына жазды. Аймактагы орусиячыл жикчилдер украин күчтөрүнүн чабуулу төрт жайкын тургундун өмүрүн алганын айтып жатышат. Бул маалыматтын чын-төгүнүн бышыктоо мүмкүн эмес. Орусиянын армиясы Харьковдо жүздөй украин аскерин жана бир катар курал-жабдыкты жок кылганын билдирди.

"Малотарановка районунда эки америкалык HIMARS реактивдүү системасы жана авиациялык ракеталар сакталган эки кампа таамай сокку менен жок кылынды", - деди Орусиянын Коргоо министрлининин өкүлү Игорь Конашенков.

Украин күчтөрү орус тараптын мындай билдирүүсүн четке какты.

Ал арада Орусиянын армиясы Змеиный аралына учак менен чабуул коюшканын жарыялады. Конашенковдун маалыматына караганда, чабуул 7-июлдун таңында жасалып, бир топ украин аскерлери жок кылынган. Андан мурда украин армиясы аралга өз желегин орноткону белгилүү болгон.

Одесса облустук администрациясынын жетекчиси Сергей Братчук аралга чабуул жасалганын ырастап, бирок канча адам курман болгонун же жабыркаганын тактаган жок. Аянты чакан болсо дагы бул арал портко жакын болгону үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Британиядагы кризистин таасири

Британиядагы премьер-министр Борис Жонсонду кызматтан кетирүү менен коштолгон саясий кризистин Украинадагы кырдаалга болжолдуу таасири тууралуу талкуу жаралды. Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы эксперттерге таянып билдиргендей, Британиядагы ички маселелер Батыш альянсынын туруктуулугуна жана Европанын Украинага жардам көрсөтүү боюнча чечкиндүүлүгүнө кедергисин тийгизиши ыктымал. Британия - Украинага эң көп аскердик жардам көрсөткөн экинчи өлкө.

7-июлда Жонсон кызматынан жана башкаруудагы Консервативдүү партиянын төрагалыгынан кеткенин жарыялап жатып, дүйнөдөгү эң мыкты иштен кетип жатканына өкүнөрүн айтты.

Бир аптага жетпеген убакытта кабинеттин элүүдөн ашуун мүчөсү жана жогорку аткаминерлер Жонсон менен иштөөдөн баш тартып, кызматынан кеткен. Премьер 5-июлда дайындаган финансы министри Надхим Захави бейшембиде Жонсонду отставкага кетүүгө чакырды. Ушул эле күнү шейшембиде дайындалган билим берүү министри Мишель Доунлан кызматтан баш тартты.

Би-Би-Си жана The Sun Жонсон консерваторлор партиясынын жаңы жетекчиси шайлангыча премьердин кызматын аткара берерин жазышкан. Партиянын курултайы эрте күзгө белгиленген. Жонсон так дата эмки жумада жарыяланарын билдирди.

Премьерге нааразылык бир нече жаңжалга байланыштуу күчөгөн. Кабинеттин мүчөсү эки эркек кишиге асылганы ачыкка чыккандан кийин Жонсонго буга чейин да ушундай жорукка барган адамды жогорку кызматка дайындаган деген доомат артышкан. Андан тышкары өкмөт башчы өзү коронавирус күчөп турган маалда карантин эрежелерин бузуп, резиденцияда отуруш өткөргөн деп айыпталган.

YouGov жүргүзгөн сурамжылоого караганда, өкмөттүн ишин британдардын 60%, премьердин ишин 71% жактырбайт.

Жонсондун отставкасы сөзсүз жаңы шайлоо өтүүгө тийиш дегенди билдирбейт. Бирок оппозиция аны талап кылууда. Социологдор Консервативдүү партия шайлоодо утулуп калышы мүмкүн деп боолголошот.

Жонсон партияны жана өкмөттү 2019-жылдан бери башкарып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG