Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:53

Украина: Славянск жана Краматорск үчүн стратегиялык кармаш


Орус армиясынын ракетасы Славянск шаарындагы базарга тийген. 6-июль, 2022-жыл.
Орус армиясынын ракетасы Славянск шаарындагы базарга тийген. 6-июль, 2022-жыл.

Лисичанск шаарын өз карамагына алганын жарыялагандан кийин орус армиясы болгон күчүн Донецк облусундагы Славянск, Краматорск шаарларына салды. Бул калаалар үчүн кармаш стратегиялык жана символикалык мааниге ээ.

6-июлга караган түнү орус армиясы Славянск шаарын аткылоону күчөттү. Эки жайкын тургун мерт кетип, онго чукулу жараат алды. Жергиликтүү бийлик калаа тургундарын коопсуз жактарга чукул чыгып кетүүгө чакырды.

107 миңдей калкы бар Славянскини 2014-жылы орусиячыл жикчилдер басып алган. Алтургай ал жакка өздөрүнүн баш кеңсесин ачышкан. Эксперттердин пикиринде, мындай тандоо жөн жеринен болгон эмес. Славянск шаары Киевден Харьков аркылуу Орусияга кеткен кан жолдун боюнда жайгашкан.

Украин аскерлери анда дароо калааны бошотууга киришкен. Ал жактагы Карачун тоосунда айыгышкан салгылашуу жүрүп, украин армиясы дароо ийгиликке жетише алган эмес. Үч айдан кийин гана, 2014-жылдын июнь айында украиналык күчтөр орусиячыл жикчилдерди толук кууп чыгышкан. Ошондон бери Славянск Киевдин көзөмөлүндө болчу.

Ал эми коңшу жайгашкан Краматорск шаары дагы 2014-жылдын жазында орус күчтөрүнүн карамагына убактылуу өтүп, кайра кайтарылган. Бул калаада стратегиялык жактан маанилүү деп саналган аскердик аэродром жайгашкан.
150 миңдей калкы бар Краматорск 2015-жылы Донецк облусунун Киев көзөмөлдөгөн бөлүгүнүн административдик борборуна айланган.

Краматорскиде ири машине куруучу заводдордун бири жайгашкан. Ал жакта негизинен тоо-кен өндүрүшүнө керектелчү машинелер чыгарылчу. Согуш башталганы заводдун ишмердүүлүгү токтотулган.

Быйыл апрель айында калаадагы темир жол вокзалы "Балдар үчүн" деген жазуусу бар орусиялык ракета менен аткыланган. Анда 50дөн көп адамдын өмүрү кыйылган. Арасында балдар да бар эле.

Луганск жана Донецк облустарынын айрым бөлүктөрү сегиз жылдан бери орусиячыл жикчилдердин колунда. Алар 2014-жылы "Референдум" делген добуш берүү өткөрүп, "Луганск элдик республикасы" дегендер өз алдынча "көз карандысыздык" жарыялашса, "Донецк элдик республикасын" түздүк дегендер Орусияга кошулуу өтүнүчү менен кайрылган.

Батыш бул референдумдарды тааныган эмес. Ал эми Киев өнөктүктү Москва уюштурган "фарс" деп атаган.

Алар өз алдынча "республикаларды" жарыялап алышкан. Эми Москва эки облуска толугу менен көзөмөл орнотууну көздөп жатат.

Быйыл 21-февралда Кремл бул жикчил аймактардын көз карандысыздыгын расмий тааныган.

Британиянын Чалгын кызматынын 6-июлда тараткан билдирүүсүндө "орус күчтөрү учурда Славянск шаарынан 16 чакырым түндүктө жайгашкан болушу мүмкүн" деп белгиленген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 6-июлга караган түнү жасаган кайрылуусунда ракеталардан коргонуу системасын жаңылоо керек экенин баса белгиледи.

Ал эми 5-июлда Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет Орусияны "Украинага жөн жерден согуш ачканы" үчүн кескин айыптап, карапайым тургундар кабылган азап-тозокту токтотууну талап кылды. Ал билдиргендей, 24-февралда башталган согуш 10 миңдей жайкын тургундун өмүрүн алды. Бачелет бул сан кыйла жогору болушу мүмкүн экенин айтты.
70 жаштагы Бачелет быйыл бул кызматтагы төрт жылдык мөөнөтү аяктаган соң эс алууга кетет.

Женевада өткөн Адам укуктары боюнча кеңештин жыйынына видеобайланыш аркылуу катышкан Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Эмине Жапарова Орусияны адамдарды жапырт уурдоого, анын ичинде Херсондун мэрин уурдоого айыптап, аларды токтоосуз бошотууну талап кылды.

"Бүтүндөй улут азап чегип, кайгыга батып турат",- деди Эмине Жапарова.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG