Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Украина ракеталык аткылоого карабай данды экспорттой берет


Орусиянын ракеталык аткылоосуна кабылган Одессадагы порт.
Орусиянын ракеталык аткылоосуна кабылган Одессадагы порт.

Орусия эки күн мурда дан экспорттоо боюнча Стамбулда кол коюлган келишимге карабастан Одессанын портуна сокку урганы кабарланды. Муну менен Орусия украин портторунан дан азыктарын ташып чыкчу кемелердин коопсуздугуна коркунуч жаратты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 23-июлдагы Одессадагы портко урулган ракеталык соккуну “жапайычылык” деп атап, Москванын бир күн мурун, 22-июлда дан азыктарды экспорттоо боюнча жетишилген келишимдин шарттарын аткарарына күмөн санай турганын билдирди.

"Орусиянын биздин Одессага, андагы портко ракеталык чабуул койгону - пастык. Бул Орусиянын өзүнүн эле саясий позициясына болгон сокку. Буга чейин Орусия менен кандайдыр бир диалог түзүү же мунасага келүү мүмкүн экенине кимдир бирөө ишенип келсе, бул силерге сабак болсун. Орусиянын “Калибр” ракеталары мындай мүмкүнчүлүктү түп-тамыры менен талкалады. Биз дүйнөнүн буга болгон реакциясын да көрүп турабыз. Баскынчылар эч кимди алдай албайт," - деди Зеленский өз кайрылуусунда.

БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Украинанын президенти сөз кылып жаткан Орусиянын эки “Калибр” ракетасы Одессанын портундагы насостук станцияга келип тийген, дагы экөөсүн Украинанын абадан коргонуу системалары атып түшүргөн. Украинанын армиясынын өкүлү ракеталар Крым жарым аралына жакын жерден, Орусиянын Кара деңиздеги согуштук кемесинен чыгарылганын билдирди.

Киев Одессага урулган ракеталык соккуга карабастан эми гана жанданган дан экспортун токтотпой турганын кабарлады. Украинанын инфраструктура министри Александр Кубраков "айыл чарба продукциясын экспорттоону жандантуу үчүн техникалык даярдыктарды көрүп жатышканын" Фейсбукка жазды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова 24-июлда ракеталарды орус аскерлери чыгарганын мойнуна алып, алар Украинанын аскердик катерин жок кылганын айтты.

Аткылоодон бир күн мурун, 22-июлда Украина менен Орусия Бириккен Улуттар уюму жана Түркиянын ортомчулугу менен дан азыктарын Одесса, Черноморск, Южная порттору аркылуу экспорттоону жандандыруу боюнча келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Украина айына болжол менен беш миң тонна дан азыгын чыгарып турмай болгон. Жалпысынан Киев былтыркы жана быйылкы түшүмдөн чогулган 20 миллион тонна буудайды экспорттоп, он миллиард доллар пайда тапмак.

Украина дан азыктарынын, суу майдын жана жүгөрүнүн эң ири экспортер өлкөлөрдүн катарында. Орусия кол салып, портторду бөгөттөгөндөн кийин ал өлкөдөн данды чыгарууга такыр мүмкүн болбой калган. Мындан улам дүйнөдө азык-түлүктүн баасы кымбаттап, кедей өлкөлөрдө миллиондогон адамдар ачка кала баштаган.

Расмий Анкара Орусиянын аракетине “тынчсыздануусун” билдирди. Ал эми АКШнын Украинадагы элчиси Брижет Бринк Кошмо Штаттар Украинага канча убакыт талап кылынса, ошого чейин жардам көрсөтө берерин айтты.

«Биз азыр колубуздан келген жардамыбызды болушунча тез берип жатабыз. Жардамды дээрлик ар жума сайын атайын планыбызга жараша берип жатабыз. Анда узак аралыкка атуучу артиллерия, абадан жана жээктен коргонуу системалары, көптөгөн ок-дарылар жана башка көптөгөн нерселер камтылган. Биз Украинага жардам көрсөтүүнү канча убакыт талап кылынса, ошончого чейин уланта беребиз», - деди АКШнын Украинадагы элчиси Брижет Бринк.

Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин бир нече жолу дүйнөдөгү азык-түлүк кризисине Батышты айыптаган. Ал Орусияга салынган санкциялар азык-түлүктүн жана жер семирткичтердин Орусиядан экспорттолушун кыйла басаңдатканын жүйө келтирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG