Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:27

"Путиндин саламаттыгы начарлаганын ырастаган маалымат жок"


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын армиясы Украинанын аймактарын аеосуз аткылоону улантууда. АКШнын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уильям Бернс "орус президенти Владимир Путиндин саламаттыгы тууралуу имиштерге" комментарий берди.

Украинадагы экинчи ири шаар Харьковдун калк жыш жайгашкан райондордун бири ракеталык соккуга дуушар болду. Бул тууралуу шаардын мэри Игорь Терехов кабарлады.

Маалыматка караганда, 21-июлдун таңында жасалган чабуул эки адамдын өмүрүн алды. Жыйырмадан ашуун киши жараат алды. Орус күчтөрүнүн аткылоосунан Никополь районунда эки жайкын тургун мерт кеткени кабарланды. Тогуз киши, анын ичинде балдар жаракат алган.

Донецк облусундагы Краматорск, Константиновка, Бахмут шаарларына сокку урулганы маалым болду. Николаев облусунун губернатору Виталий Ким аймакка жети ракета атылганын билдирди.

Орус армиясынын активдүүлүгү тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 20-июлда жасаган билдирүүсүнөн кийин күч алды. Ал Кремл Украинадагы "аскердик тапшырмасын" кеңейткенин, эгер Батыш Киевди курал-жабдык менен камсыздай берсе, орус армиясы дагы алдыга жыларын эскерткен.

Украинаны коргоо боюнча Байланыш тобуна кирген 50 мамлекеттин өкүлдөрү менен жолугушууда АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Лавровдун мындай билдирүүсү алар үчүн күтүүсүз болбогонун айтты.

"Путин бир нече жолу бул Донбасска гана багытталган чектелген аскердик операция экенин айтып келген. Бирок аракеттери анын ниети такыр башка экенин көрсөттү. Биз өнөктөштөрүбүз менен анын амбициялары чоң экенин билгенбиз. Мунун баарын Лавров бүгүн ырастады. Бул балким, орусиялыктар үчүн күтүүсүз болгондур. Анткени Путин аларга ар дайым калп айтып келген".

Остин Вашингтон Киевге HIMARS реактивдүү артиллериялык системасынан дагы төрттү жөнөтөрүн жарыялады.

Украинанын биринчи айымы дагы Конгрессте жасаган кайрылуусунда балдарды коргоп калуу үчүн абадан коргонуу системалары керек экенине басым жасады.

Запорожьедеги Москва дайындаган бийлик украин күчтөрү атомдук электрстанцияга сокку урганын, бирок реактор жабыркабаганын кабарлады.

Украинанын куралдуу күчтөрү соңку бир сутка ичинде 111 орус жоокерин жана 17 даана техникасын жок кылышканын 21-июлда маалымдашкан. Бул билдирүүлөрдү көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Украинанын биринчи айымы Олена Зеленская. 20-июль, 2022-жыл. Вашингтон.
Украинанын биринчи айымы Олена Зеленская. 20-июль, 2022-жыл. Вашингтон.

"Путин куландан соо"

Ал эми АКШнын Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Уильям Бернс Вашингтондун эсебинде Украинадагы согушта орусиялык 15 миң аскер мерт кетип, 45 миңден ашууну жарадар болгонун билдирди.

Орусия марттан бери Украинадагы жоготуулары тууралуу маалымат бере элек. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Москва чоң жоготууларга учурап жатканын моюнга алган.

Бернс ошондой эле орус президенти Владимир Путиндин саламаттыгы тууралуу комментарий берди. Ал "америкалык атайын кызматтарда орус президентинин ден соолугун начардыгын ырастаган маалымат жок" экенин айтты.

Маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда 70 жаштагы Путиндин "саламаттыгында маселе бар" деген кеп-сөз айтылып келет.

"Президент Путиндин саламаттыгы тууралуу ар кандай имиштер таркап келет. Бирок биз билгенден ал куландан соо", - деди Бернс.

Ал арада Брюсселде Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин дипломаттары Орусияга каршы санкциялардын жаңы айлампасын макулдашты.

Ага ылайык, Орусиядан алтын импорттого тыюу салынды жана Сбербанктын активдери камакка алынды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG