Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:53

Лукашенко-Путин: Беларус Орусиясыз отуруп калабы?


Орусиянын жана Беларустун президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко, Минск, 19-декабрь, 2022-жыл.
Орусиянын жана Беларустун президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко, Минск, 19-декабрь, 2022-жыл.

19-декабрда Минскиде Орусиянын жана Беларустун президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко жолугушту. Андан соң эки лидер чогуу маалымат жыйын өткөрүп, негизги көңүлдү Батыштын санкциялары күчөп турган маалда “Беларус Орусияны ар тараптан колдой турганына” бурушту.

«Бул планетада экөөбүз окшошкон агрессорлор, эң зыяндуу жана уулуу адамдар экенибизди билесиңер!» деген Лукашенко учурда “орус жана беларус элдеринин келечеги аныкталып жатканына” токтолду. Ал “санкциялар маалында Орусия Беларуссуз кырдаалдан чыкса болорун, бирок Беларус Орусиясыз отуруп каларын” да айтты.

Путин менен Лукашенко газ жана атомдук энергетика, транспорт, жүк ташуу жана космос багытында кызматташтыкты чыңдоону макулдашты. Лукашенко кийинки жылы Беларус орус газын атайын бир белгиленген баада сатып аларын жарыялады.

Маалымат жыйында Орусиянын Украинага басып киргени жана согушка Беларустун аралашуусу мүмкүнбү же жокпу – сөз болгон жок.

Путин эки коңшу биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүнү макулдашканын айтса, Лукашенко беларус армиясы «атайын курал-жабдыкты» коё берүү үчүн учактарды жана экипажды даярдап жатканын кошумчалады. Ал ошондой эле Москва Минскиге "С-400" жана "Искандер" ракеталык комплекстерин бергенин, алар даярдыкка келтирилгенин айтты.

Бир нече күн мурун Лукашено Украинаны Беларуска кол салды деп айыптап, өз аймагында орус армиясынын бөлүктөрүнүн көбөйгөнүн «союздук мамлекеттин батыш чегиндеги кырдаалдын курчушу» менен түшүндүргөн.

Киев Минскинин мындай дооматын четке каккан.

Орусиянын Коргоо министрлиги Беларуста батальондук тактикалык машыгуу өтүп жатканын дүйшөмбүдө маалымдап, “талаада таң заардан күн батканга чейин тыным жок” деген аталашта видео жарыялады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жекшембидеги телекайрылуусунда мамлекеттик чек арага такай артыкчылык берилерин, украиндер Орусия менен анын союздашы Беларустун ар кандай сценарийлерине даяр турарын айтты.

"Украинага жана украиндерге каршы бул согушта бардык ыктымал сценарийлерге, ар кандай акылдан адашкан идеяларга даяр турушубуз керек. Минскинин колун канчалык толгосо да аларга эч кандай жардам бере деле албайт” - деди украин лидери.

Соңку бир нече айдан бери Беларуста орус-беларус армиясынын биргелешкен аракеттери байкалууда. Декабрдын башында Лукашенко Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушканда орус жана беларус аскерлери “бир топ, бирдиктүү армия катары” даярдыктан өтүп жатканын айткан.

Быйыл февралда Орусия жакын союздашы Беларустун аймагын Киевге кол салуу үчүн старт катары колдонуп, ал жерде жайгашкан армиясын украин жергесине киргизген.

Өткөн аптада жогорку даражадагы украин генералы Валерий Залужный Economist басылмасына Орусия 200 миң аскерин Украинага кеңири масштабда кол салуу үчүн даярдап жатканын, Украинанын чыгышынан, түштүгүнөн, алтургай Беларустун аймагынан кийинки жылдын кыш-жаз айларында чабуул баштарын айткан.

Минск Москва «атайын операция» деп атаган Украинадагы согушка аралашпай турганын бир нече жолу билдирген.

Батыш аналитиктери Беларустун чакан жана аскердик күжүрмөн даярдыгы жок армиясы Украинадагы урушка аралашкан күндө да майданда чечүүчү роль ойной албай турганын белгилешет.

Орусиянын дрон чабуулу

Украинада орус армиясынын чабуулунан кийин калкты электр жарыгы менен камсыздоо иши ургаалдуу жүрүп жатат. Президент Владимир Зеленский бир күндө 6 млн. кишиге жарык берилгенин жарыялады.

Ал арада Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Москва "атайын операция" деп атаган согушка катышып жаткан аскер бөлүктөрүн кыдырып чыкканы 18-декабрда белгилүү болду.

Украинанын борбору Киевдин жылуулук системасы ракеталык чабуулдан кийин калыбына келтирилгенин шаар мэри Виталий Кличко Телеграмдагы каналына 18-декабрда жазды. "Жылуулуктун бардык булактары штаттык түрдө берилүүдө", - деп белгилеп, жекшембиде көп кабаттуу үйлөрдүн маселеси чечилерин кошумчалады.

16-декабрда орус куралдуу күчтөрү Киевди көздөй 40 жолу ракета аткан. Алардын дээрлик бардыгын украин аскерлери атып түшүргөнүн украин медиасы маалымдады. Анткен менен чабуулдан кийин борбор калаада электр жарыгы өчүп, суу жана жылуулук менен камсыздоо кыйын болуп калган.

Жекшембиде Киевде абанын температурасы нөлдөн төмөн болду.

Украин президенти Владимир Зеленский ишембидеги кечки телекайрылуусунда Орусиянын "террордук чабуулунан" кийин иш тынымсыз жүрүп жатканын айтты.

"Бүгүнкү күндө энертика тармагы эң маанилүү. Бир күндө дээрлик 6 млн. украиналыкка электр жарыгын берүүгө жетиштик. Оңдоо иштери тынымсыз жүрүп жатат",- деди Зеленский.

Жума күнү Украинанын жалпы аймагына ракета менен 100дөй чабуул болуп, электр жарыгы жана суу менен камсыздаган ишканаларга бутага илинип, калктын көбү жарыксыз калган. 24-февралдан берки эң оор бомбалоонун бири деп сыпатталды.

Би-Би-Си Харьков шаарында жана облусунда электр энергиясы толук өчүп, Киевдин айрым райондорун караңгылык каптаганын жазган.

Октябрь айынын ортосунан бери орус куралдуу күчтөрү Украинанын энергетика тармагын бутага алып, иштен чыгарып келатат. Натыйжада бардык ири ГЭС жана ЖЭСтер (жылуулук электр станциялары) жабыркады.

Украина өзүнүн энергетика тармагына жасалган чабуулду аскер кылмышы деп эсептейт. АКШ Сенатынын эл аралык мамилелер комитети Орусиянын Украинага каршы аракетин геноцид деп тааныган резолюция кабыл алган.

Шойгунун сырдуу сапары

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Москва "атайын операция" деп атаган согушка катышып жаткан аскер бөлүктөрүн кыдырып чыкканы 18-декабрда белгилүү болду.

“Аскер мекеменин жетекчиси атайын операция жүрүп жаткан зонанын алдыңкы тилкесиндеги орусиялык бөлүктөр жайгашкан райондорду айланып учуп карап чыкты”, – деп айтылат Коргоо министрлигинин Телеграм каналына жарыяланган маалыматта.

Билдирүүдө Шойгу "майдандагы жоокерлер" жана "командирлер" менен сүйлөшкөнү белгиленет. Бирок министр кайсы жерге барганы так айтылган жок.

Шойгу аскердик тик учакта баратканы тартылган кыска видеодо жердеги бош жаткан тилкелерден башка эч нерсе көрүнбөйт.

Министрдин майданга барганы тууралуу кабар президент Владимир Путин өлкөнүн жогорку жетекчилиги, анын ичинде Шойгу менен чогуу Орусиянын Украинадагы аскердик өнөктүгүн талкуулаган жыйындан кийин белгилүү болду.

17-декабрда Путин Украинанын аймагында согушка катышып жаткан аскер күчтөрүнүн бириккен штабына барып, жетекчилер менен жолуккан. Бул жолугушуу кайда өткөнүн Кремль жарыялаган жок. Орус президенти 24-февралда армиясы Украинага басып киргени майданга барып кабар ала элек.

Согушту иликтеген институт (ISW) Кремль мындай иш-чаралар менен Путинди согуш маалындагы жигердүү лидер катары көрсөтүп, Орусиянын жетекчилигине, айрыкча Коргоо министрлигине айтылып жаткан сынга жооп бергиси келет деп сыпаттайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG