Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:16

Кличко Киевге кантип жарык берет?


Киевдин мэри Виталий Кличко шаар тургундары менен, 14-март, 2022-жыл.
Киевдин мэри Виталий Кличко шаар тургундары менен, 14-март, 2022-жыл.

Украинанын энергетика тармагы катуу жабыркагандыктан, өлкө боюнча жарык маал-маалы менен өчүрүлө башталды. "Укрэнерго" мамлекеттик ишканасы күн сайын график жарыялап турат. Ушул тапта мындай режим баш калаа Киевде жана Чернигов, Черкасы, Киев, Житомир, Сумы, Харьков жана Полтава облустарына киргизилди.

Күн сууктаган сайын эл электр энергиясын көп пайдаланып, Украинанын электр тармактар ишканасы жарык менен камсыз кылуу үчүн улам талкаланган жерлерин оңдоонун аракетинде. 4-ноябрдын таңында Киевде 450 миң батир жарыксыз калды.

Киевдин бийлиги орус армиясынын соккусунун айынан баш калаа жарыксыз калышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу шаар мэри Виталий Кличко 5-ноябрда өткөн улуттук телемарафондун эфиринде айтты.

“Биз азыр колдон келгендин баарын жасап жатабыз. Ачыгын айтсам, душман шаарыбызды жылуулуксуз, жарыксыз жана суусуз калтырып, баарыбызды кырып салгысы келет. Биз мындай кырдаалга даяр болуп, андан чыгуу үчүн ар кандай сценарийлерди караштырып жатабыз”, - деди мэр.

Кличко шаардыктарды электр жарыгын болушунча үнөмдөөгө кайрадан үндөдү. Ал шаардыктарды суу, тамак-аш, жылуу кийим-кече, генераторлорду камдап алууда да чакырды. Баш калаада Рождество жана Жаңы жыл майрамдары адаттагыдай массалык түрдө белгиленбейт.

Мэрдин сөзүнө караганда, ушул тапта Киевде 3 миллиондой киши түнөп жатат. Андан дагы көп киши жакынкы облустардан күндүз келип иштеп кетет. Шаар бийлиги электр энергиясы такыр тартыш болуп калса, киевдиктерди кайсы бир убакка чейин шаар сыртындагы жакындарыныкына барып турууга кеңеш бермекчи.

Ошондой эле баш калаада келип жылынып алганга 1000ге чукул атайын пункт уюштурулат. Ал эми медициналык жайлар кадимкидей ыргакта ишин улантат. “Биз ар кандай сценарийге даярбыз жана кол куушуруп отуруп калбайбыз”, – деди Кличко.

Киев шаардык администрациясынын муниципалдык коопсуздук башкармалыгынын жетекичиси Роман Ткачук шаарда энергетикалык кризис тереңдесе, эл эвакуациялана турганын билдирди. Ал учурда кырдаал көзөмөлдө экенин да тактады.

Электр энергиясын үнөмдөө үчүн Киевде көчөдөгү жарыктар өчүрүлүүдө.
Электр энергиясын үнөмдөө үчүн Киевде көчөдөгү жарыктар өчүрүлүүдө.

Орус армиясынын 31-октябрдагы жапырт чабуулунда Киевге ракета түшкөн эмес, бирок Киев облусундагы баш калааны суу жана жарык менен камсыз кылган тармак катуу жабыркаган.

Орус армиясы Украинанын эң маанилүү инфраструктурасына сокку урууну улантууда. Ушул тапта өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасынын 40% "катуу жабыркады". Анын кесепетинен электр энергиясы өчүрүлүп, айрым жерлер жарыксыз, жылуулуксуз калууда.

Москва Украинанын жылуулук-энергетикалык системасын бутага алган жапырт чабуулун аннексияланган Крым жарым аралына украин күчтөрү урган соккуга жооп деп билдирген. Киев андай дооматты четке каккан.

Майданда катуу кармаш

Украинанын куралдуу күчтөрүнун башкы штабы орус күчтөрү Чернигов, Сумы, Харьков, Донецк, Запорожье, Херсон жана Николаев облустарынын эл жашаган 35 аймагына сокку урганын 6-ноябрда эртең менен билдирди.

Билдирүүдө “баскынчылар убактылуу ээлеп турган аймактарын колдон чыгарбоо үчүн Бахмут, Авдеев жана Новопавловск багыттарында кармаш жүрүп жатканы” айтылат.

Украин президенти Владимир Зеленский өлкөнүн куралдуу күчтөрү майданда эмне болуп жатканын "ийне-жибине чейин талдап", максатка кантип жетүүнү тактаганын айтты.

“Биз фронттун бардык багыттары боюнча кырдаалды, энергетикалык жагдайды, чек аралардагы абалды ийне-жибине чейин талдап чыктык. Куралдуу күчтөрдүн башчысы, чалгындын жетекчиси, премьер-министр, коргоо министри, чек аранын башчысы баяндама жасады. Душман эмнеге камынып жатканын билебиз. Ага жооп беребиз жана өз жерибизди бошотууну улантабыз".

Башкы штаб Луганск жана Донецк облустарынын чыгышында орус армиясынын чабуулунун алдын алганын бир күн мурун кабарлады. Украинанын абадан коргоонуу системасы орустар учурган ирандыктардын бир нече дронун жана “Калибр” үлгүсүндөгү эки канаттуу ракетасын атып түшүргөнүн билдирди.

Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо азырынча мүмкүн эмес.

АКШ Украинага берчү 400 миллион долларлык жаңы аскердик жардамдын алкагында 1100 Phoenix Ghost камикадзе учактарын, 250 зооттолгон автоунаа жана танктарды берет.

Курал-жарактын көбү Украина үчүн атайын чыгарылат. Ушундан улам аны жеткирүү 2023-жылы аяктай турганы айтылды.

Өткөн жума күнү АКШнын президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Киевге барып, Вашингтон Украинага жардамын уланта турганын билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путин дүйнө чоң окуялардын тарыхый чегинде турганын, алдыда Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң коркунучтуу жана маанилүү он жылдык күтүп жатканын октябрда “Валдай” дискуссиялык клубундагы сессияда билдирген.

Ал Орусия Батыштагы жана НАТОдогу алдыңкы өлкөлөр менен мамиле курууга бир канча жолу аракет кылганы менен дайыма терс жооп алып келгенин айткан. "Дүйнөлүк иштерде Батыштын өз алдынча үстөмдүк кылуу доору аяктап баратат”, – деп белгилеген Путин.

Орусиянын лидери Украина "жасалма мамлекет" болуп түзүлгөнүн дагы кайталап, аны негиздеген Орусия гана Украинанын коопсуздугуна кепил болуп бермектигин белгиледи. Ал Орусия Украинага өзөктүк курал менен сокку урбай турганын кошумчалап, Москва мындан саясий да, аскердик да пайда таппай турганын айткан.

Орусия Украинага быйыл февралда кол салган. Сегиз айдан ашкан согушта Москва 6 миңдей жоокерин жоготконун билдирсе, Киев каршы тарап 70 миңдей аскеринен айрылганын кабарлаган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG