Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:51

"Украина эч качан багынбайт". Зеленский Конгресске кайрылуу жасады


Зеленский жана Байден
Зеленский жана Байден

Украинанын президенти Владимир Зеленский согуш башталганы биринчи жолу чет өлкөгө чыгып, алдын ала маалымдалбаган сапар менен АКШ барды.

Конгрессмендер Капитолийде украин президентин сый-урмат менен тосуп алышты. Айрымдары төргө өтүп бараткан Владимир Зеленскийдин колун кармап, тилектештигин билдиришти.

Согуш башталганы аскердик кочкул жашыл кийимге өткөн Зеленский Вашингтонгго да ушул формада барды.

21-декабрда ал Конгрессте кайрылуу жасаганда, Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүүдө Украинага жардам көрсөткөнү үчүн америкалыктарга ыраазычылык билдирди.

"АКШ конгрессинде сиздер менен жана бардык америкалыктар менен баарлашуу мен үчүн чоң сыймык. Кыйынчылыкка, кырсык жана каргашалуу сценарийлерге карабастан, Украина кулаган жок. Украина багынган жок жана күрөшүп жатат",- деген Зеленский орус агрессиясынын мизин кайтарууну украиналыктардын жалпы коопсуздук үчүн күрөшү деп атады.

Ал Конгресске кайрылуусунда АКШнын Украинага жөнөткөн аскердик артиллериялары жетишсиз болуп жатканын, украин аскерлери америкалык техника, танктарды, учактарды башкарууга жөндөмдүү экенине ишендирди.

Кайрылуунун соңунда Зеленский өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелосиге Бахмутта алдыңкы катарда согушуп жаткан украиналык жоокердин колу коюлган Украинанын желегин тапшырды.

Зеленский конгрессмендерге кайрылуу жасагандан мурда АКШ президенти Жо Байден менен ак үйдө жолугушкан.

“Биздин көз караштар окшош: эркин, көз карандысыз, гүлдөп өнүккөн жана коопсуз Украина деген көз караш. Экөөбүз тең бул согуштун аякташын каалайбыз. Путиндин ар намысы болсо, туура нерселерди жасаса, "аскерлерге "чегингиле" деп айтса, уруш бүгүн эле токтомок. Бирок андай болбойт",- деди Байден.

Байден жана Зеленский маалымат жыйынында.
Байден жана Зеленский маалымат жыйынында.

Associated Press жана CNN президент Жо Байдендин администрациясындагы булактарына таянуу менен кабарлагандай, АКШ Украинага кезектеги аскердик жардамдын алкагында Patriot зениттик-ракеталык комплексинин батареясын берет.

Маалыматка караганда, бул жолку жардам топтомунун жалпы баасы 1,8 миллиард долларды түзөт. Бул комплекс Украина үчүн атайын өндүрүлгөн эмес, Американын армиясындагы жабдыктардан деп болжолдонууда. Комплексти берүүнү Коргоо министрлиги жактырышы керек.

Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык зениттик-ракеталык комплекстин дараметин сындап, ал орусиялык С-300 сыяктуу иштебестигин, "эски система" экенин айтты. Анын сөзүн Интерфакс жарыялады. "Россия-1", "Биринчи канал" өңдүү орус телеканалдарда украин президентинин Вашингтонго барганын шакабага алган көрсөтүүлөр даярдалды.

Украиналык аскерлер.
Украиналык аскерлер.

Ал тапта Донецк облусунун Бахмут жана Авдеевка райондорунда айыгышкан салгылашуу уланууда. Энергетикалык инфратүзүмдөргө сокку урулгандыктан, Украинанын миллиондогон эли Рождествону жарыксыз тосуп жатышат. Би-Би-Си радиосу Орусия аннексияланган Запорожье аймагына танк жана башка аскердик техника өткөрбөө үчүн бетондон чеп жасап жатканын маалымдады.

Киев жана эл аралык коомчулук Москваны ал жактагы согуш кылмыштары үчүн айыптап келатат. Орусия дооматтарды четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG