Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

COVID-19: Орусия менен Украина эмделбегендердин азабын тартууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украина ЮНИСЕФтен коронавируска каршы Moderna вакцинасынын 3 миллион дозасын алды. Өлкө бир нече аптадан бери коронавирустун дагы бир катуу толкунунан жабыркап келатат. Орусияда 5 региондун бийлиги вирусту ооздуктоо үчүн эс алуу күндөрүн узартууну чечти.

ЮНИСЕФ Украинага вакцинадан тышкары вируска каршы дары-дармек жеткирди. БУУнун программасынын алкагында Киев ушуну менен COVID-19га каршы 7,4 миллион доза вакцина акысыз алды.

7-ноябрда Украианада вирус дагы 17 миң кишиге жукканы ырасталды. Салыштыра кетсек, эки айдай мурун күнүмдүк көрсөткүч 2 эсе аз болчу. Бир суткада 440тан көп бейтап оорудан көз жумду. Жалпы жонунан пандемия башталгандан бери коронавирус Украинада 72 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды.

Эпидемиологиялык абал курчуганы, бийлик бир топ шаарларда катаал чектөөлөрдү киргизген. Бирок карантинге, эмдөөлөргө каршы чыккандар да жок эмес. Өткөн жуманын аягында Киевде акцияга чогулгандар вакцина алып же албоо ар бир жарандын жеке укугу экенин айтып жатышты. Аларга саламаттык сактоо министри Виктор Ляшко мындайча жооп кайтарды:

"Менимче, ошондой акция уюштуруу биздин медиктерди, коронавирустан жакындарын жоготкон жарандарыбызды мазактоо. Ишенсеңер, реанимация бөлүмүндө эмдөөгө каршы андай маанай тез эле жок болот. Жасалма сертификаттар болсо ал жакта жардам бербейт".

Кошуна Орусияда, аннексияланган Крымды кошуп санаганда, 8-ноябрдагы статистикага ылайык, 24 саатта коронавирусту 39 400 киши жугузуп алганы аныкталды, COVID-19 диагнозу тастыкталган 1 190 киши каза тапты.

5 регион 30-октябрдан 7-ноябрга чейин жарыяланган эс алуу күндөрүн узартууну чечти. Айрым жерлерде карантиндик чаралар эмки жумага чейин сакталмакчы. Башкача айтканда, массалык иш-чараларга тыюу салынат, кафе, ресторандар тамакты алып кеткенге гана сатышат, кээ бир жерлердеги азык-түлүк дүкөндөрү кызматкерлери толук эмделген болсо гана иштей алат.

Айрым аймактарда спорттук мелдештерге, чач тарач, мончо, фитнес-клубдарга баруу үчүн эмдөөнү тастыктаган QR-код көргөзүү зарыл.

Москва шаарында 8-ноябрдан тарта 60 жаштан улуу адамдар вакцина албаган болсо, социалдык карталары блоктолот.

Орусияда COVID-19 оорусуна кабылгандар сентябрда кескин өсө баштаган. Башка өлкөлөрдөн айырмаланып, ал жакта өлүм-житимдин статистикасы да өсүүдө. Бийлик муну эмдөөнүн солгун жүрүшү менен түшүндүрөт.

Эң кызыгы, эс алуу деп жарыяланган жумада пандемия башталгандан бери инфекциялангандардын бир күндүк көрсөткүчү эң жогорку чекке жетти.

Ал тапта Кошмо Штаттар 8-ноябрдан тарта COVID-19дан толук эмделген жүргүнчүлөргө өлкөгө кирүүгө уруксат берди. Чет жактан келгендерге чектөө 18 ай мурун салынган эле. Айрым жүргүнчүлөр сапарын бир жарым жылга жылдырууга аргасыз болгон.

"Кайсы бир күнү чек аралар ачылыш керек эле. Эпидемия кайрадан баш көтөрсө жапса болот. Азыр чек аралардан эркин өтүүгө жол ачылганда мүмкүнчүлүктөн пайдаланалы. Америкада жакындары жашаган тааныштарыма өзгөчө оор болду. Кыска мөөнөткө болсо да, чек аралардын ачылганы жакшы деп ойлойм", - деди Париж аэропортундагы франциялык аял.

Бирок Америкага кирүү үчүн сайылган вакцина АКШнын дары-дармекти көзөмөлдөгөн мекемеси же Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылууга тийиш. Алардын катарына Pfizer, Moderna, Johnson & Johnson, AstraZeneca, Sinovac жана Sinopharm кирет. Орусиялык "Спутник V" ал тизмеде жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG