Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Орусияда коронавирустун жаңы түрү табылды


Орусиядагы оорукана
Орусиядагы оорукана

Орусияда COVID-19га кабылган жана илдеттен көз жумгандар көбөйүүдө. 20-октябрда статистика кайрадан эң жогорку чекке көтөрүлдү. Орусиялык окумуштуулар өлкөдө коронавирустун дельта штаммынын жаңы түрү табылганын билдиришти. Бейшембиде Латвияда улуттук карантин киргизилди.

Күздүн келиши менен дүйнөнүн айрым жерлеринде COVID-19 илдети кайрадан баш көтөрүп жаткандай. Октябрдын ортосунан бери Орусияда коронавирус жайылып, ооругандар, дүйнө менен кош айтышкандар кескин өсүп жатат.

20-октябрдагы маалыматтарга ылайык, бул оорудан 1 миң 28 киши көз жумду, 34 миң 37 киши инфекцияны жаңы жугузуп алганы аныкталды.

Шаршембиде президент Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейинки жуманы эс алуу күндөрү деп жарыялады.

"Эмдөө коронавирусту жугузуп алуу, оорунун өтүшүп кетүү, өлүм тобокелчилигин кескин азайтарын дагы бир жолу кайталайм. Жергиликтүү жетекчилерди эмделгендердин санын көбөйтүүгө чакырам. Албетте, элди да вакцина алууга үндөйм".

Бийлик мындай чарага вирустун жайылышын токтотуу аракетинде барып жатат.

Москвадагы оорукана. 20-октябрь, 2021-жыл
Москвадагы оорукана. 20-октябрь, 2021-жыл

Ал тапта окумуштуулар өлкөдө коронавирустун дельта штаммынын жаңы түрү табылганын билдиршти. Азыр бул мутация башкаларга караганда канчалык жугуштуу экени аныкталып жатат. Эпидемиология илимий-изилдөө институтунун өкүлү Камил Хафизовдун айтымында, жаңы варианттын Орусияда гана эмес, бүт дүйнөдө жайылуу ыктымалдыгы өтө жогору. Илимпоз андан вакцина гана коргой аларын белгиледи.

Мунун алдында Британиянын саламаттык сактоо министри Сажид Жавид дельтанын жаңы варианты тарап жатканын бышыктаган. Өлкөдө коронавирусту жугузуп алган бейтаптардын 10% вирустун дал ушул түрү табылганы айтылган. Бирок адистер өтө тынчсызданууга негиз жок деп эсептешет.

Адистер Орусияда COVID-19га байланышкан статистика эмдөө солгун жүрүп, вакцинадан баш тарткандан көп болуп жаткандыгы үчүн өскөнүн белгилешет. Бийлик калкты эмделүүгө чакырып, бул үчүн лотерея ойнотуп, ар кандай чараларга барууда. Бирок көз карандысыз сурамжылоолор көргөзгөндөй, орусиялыктардын дээрлик жарымы вакцина алууну каалабайт. Өткөн аптадагы маалыматка караганда, 146 миллион калктын 29% гана толук эмделди.

Ал тапта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Орусияда иштелип чыккан "Спутник V" вакцинасын жактыруу жараянын жандандырды. Уюмдун расмий баркчасындагы маалыматка ылайык, инспекторлор тобу жакында Орусияга барып, текшерүүлөрдү жүргүзөт жана документтерди толтурат. Өткөн айда жактыруу жараяны препаратты чыгарган заводдордун бириндеги эреже бузуудан улам токтоп калганы кабарланган.

Рига, Латвия. 14-октябрь, 2021-жыл
Рига, Латвия. 14-октябрь, 2021-жыл

Ал эми Латвияда 21-октябрдан тарта бир айга өлкөнүн бүт аймагында толук карантин киргизилди. Коронавирусту жугузуп алгандар акыркы жумаларда кескин көбөйүп, ооруканаларда орундар жетпей калды. Медициналык кызматкерлерге күч келип, жабдуулар тартыш болууда. "Тез жардам" кызматы бейтаптардын бардыгын тейлей албай калды. Ооруканалар карантиндик режимде иштеп, башка бөлүмдөр жабык турат. Эмки жумадан баштап амбулатордук жардам берүү токтойт.

"Оорукананын кызматкерлери абдан чарчашты. Иштей албай баратышат. Алар жалпы коомдун жүрүм-турумуна нааразы. Көп киши азыркыга чейин "пандемия жок, анын бизге тиешеси жок" деп санашат. Азыр ооруканалар үчүн карантинден башка арга жок", - дейт Ригадагы Страдиня ооруканасынын башкы дарыгери Риналдс Муцинш.

Өлкөдө окуу жайлар, ишкана, кеңселер онлайн режимге өтүштү. Эң керектүү товар саткан дүкөндөр гана ачык болмокчу. Эң негизгиси, кечки саат 8ден таңкы саат 5ке чейин комменданттык саат киргизилди.

Латвияда да илдеттин жайылышын эмдөөнүн солгун жүрүшү менен байланыштырышат.

21-октябрга карай кыргызстандыктардын арасынан дагы 114 кишиден коронавирус аныкталды. Мурда ооруп жаткандардын экөө каза болду.

Ооруга чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.


Акыркы эки күндөн бери COVID-19га чалдыккандардын саны жүздөн ашып жатат. Сентябрдын этегинен бери инфекция жуктуруп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү негизинен 60-90дун тегерегинде болуп келди.

Коронавируска каршы республикалык штабдын расмий эсебине ылайык, өлкөдө бул ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 180 миңден ашты. Алардын 2643ү көз жумуп, 175 миңдейи айыкты.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат. Аны 18 жаштан өткөн жарандар алса болот. Вакцина эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн. Кыргыз өкмөтү Кытай, Европа, Түркия жана Орусия өндүрүшүндөгү препараттарды алып келген.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар кайра көбөйүүдө. 21-октябрга карай кыргызстандыктардын арасынан дагы 114 кишиден коронавирус аныкталды. Мурда ооруп жаткандардын экөө каза болду.

Ооруга чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

Акыркы эки күндөн бери COVID-19га чалдыккандардын саны жүздөн ашып жатат. Сентябрдын этегинен бери инфекция жуктуруп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү негизинен 60-90дун тегерегинде болуп келди.

Коронавируска каршы республикалык штабдын расмий эсебине ылайык, өлкөдө бул ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 180 миңден ашты. Алардын 2643ү көз жумуп, 175 миңдейи айыкты.

Өлкөдө COVID-19 илдетине каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат. Аны 18 жаштан өткөн жарандар алса болот. Вакцина эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн. Кыргыз өкмөтү Кытай, Европа, Түркия жана Орусия өндүрүшүндөгү препараттарды алып келген.

21-октябрга карата 1 миллион 639 миңден ашуун адам эмделди. Алардын 931 миңден көбү бир дозаны, калганы эки дозаны тең сайдырышты.

Жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн 2,5 миллиондой адам эмделиши кажет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө коронавируска кабылгандардын саны 243 миллионго жакындап калды. Алардын 5 миллионго жакыны жашоо менен кош айтышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG