Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:14

УКМКнын "укуругу" интимдик кызмат көрсөткөндөргө жетти


Иллюстрация
Иллюстрация

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкө аймагында 1-декабрдан тарта интимдик кызмат көрсөтчү бир да жай болбой турганын билдирди. Ал мындай жайлардын уюштуруучуларынан тартып, кызмат көрсөткөн кыздарга чейин кармалып, жоопкерчиликке тартыларын, учурда аларды калкалаган мамлекеттик кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатканын эскертти.

Мунун артынан "чет өлкөлүк жарандарга интимдик кызмат көрсөтчү салон ачкан" деп мурдагы аким кармалганы белгилүү болду.

Ташиевдин билдирүүсү

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев 1-декабрга чейин интимдик кызмат көрсөткөн жайларды жабуу тапшырмасы мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине берилгенин 30-ноябрда билдирген. Ал "интимдик кызмат көрсөткөн оюн-зоок жайларды, мончо жана сойкуканаларды уюштургандарга бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердигин көзөмөлдөө зарыл" экенин айткан.

Ташиев өлкөнүн беделине көлөкө түшүргөн "жаман көрүнүштү" токтотуу аракети буга чейин да болгонун, бирок аягына чыкпай келгенин белгиледи.

"Айрымдар муну бир жолу жүргүзүлүп, анан унутулчу операция деп ойлошу мүмкүн. Андай эмес. Биз көп ишти жүргүздүк, жүргүзүп жатабыз. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн алкагында баңгизаттарды сатуу, сойкулук кызматтарды көрсөтүү боюнча кымбат баада кызмат көрсөтүүчү "элиталык" сойкуканалар аныкталды. Булар мамлекеттик жогорку кызматкерлерди, ишкерлерди тейлеп келишкен. Телеграм, соцтармактарда ондогон топтор аныкталды. Ал топтордо 200дөн ашуун сулуу кыз-келиндер акча үчүн интимдик кызмат көрсөтүшөт, алардын акысы 500 доллардан 5 мин долларга чейин. Бул иште айрым "инстажылдыздар", бай ишкерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин кыздары иштешет. Ыкчам жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында булардын баарында иштеген жана алардын иштерин уюштурган адамдар аныкталып, кармалды".

Ташиев бул топтордун уюштуруучулары жана кыздар менен кардарларды байланыштырып турган эки адам кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалганын, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” беренеси менен кылмыш иши козголгонун кошумчалады.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Мындай жайлардын жана кыздардын кызматынан мурдагы жана азыркы мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин мурдагы жана азыркы депутаттары, ишкерлер жана башка жарандар пайдаланып келишкенин, учурда да пайдаланып жатышканы аныкталганын билдирди.

“Бул кыздардын кызматын кимдер колдонгондор тууралуу бизде толук тизме бар. Алар дагы бизде каттоого алынды. Эгер дагы ушундай иштерин кайталай беришчү болсо, алардын да аты-жөнүн, кызматын, сүрөтүн ачык чыгарабыз. Эч кандай кызматы, макамы, креслосу сактап кала албайт. Биз күрөштү аягына чыгарабыз, Кыргызстанда эч ким биздин өзүбүздүн аялдарыбыздын, кыздарыбыздын интим кызматынан пайдалана албайт".

"Таасирлүү адамдар гана иштетет"

Ташиевдин сөзүнө удаа эле Бишкекте чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөткөн жайдын уюштуруучулары жана ээси кармалганы кабарланды. УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта сойкукана экс-аким жана ири ишкер «Б.К.А.» аттуу жарандын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги тууралуу жазылган.

Маалыматка ылайык, кармалган ишкер Ак-Суу базарынын ээси экени жана ал уюшкан топтун курамында бул кылмыштуу ишке катышканы такталган. Ал сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берген жана андагы кыздардын кызматынан өзү да пайдаланган.

Ишкер Кылмыш кодексинин 159-беренеси (сойкулукка тартуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 30-ноябрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Атайын кызмат сойкукана уюштурууга үйүн берген экс-акимдин тек-жайы тууралуу ачык маалымат берген жок.

Юстиция министрлигинин реестриндеги расмий маалыматка караганда, Ак-Суу базарынын ээси катары Курманбек Анарбекович Байтереков көрсөтүлгөн.

Анын инициалдары УКМКнын маалыматына туура келет. Байтереков Дордой базарындагы Ак-Суу базарынын ээси. Байтерековдун атына катталган "Ак-Суу" жоопкерчилиги чектелген коом 2015-жылы каттоодон өткөн. Курманбек Байтереков 2005-жылдан 2011-жылга чейин Кочкор районунун акими болуп иштеген. Дагы бир документтер боюнча ал "Кристалл здоровья" ишканасына ээлик кылат.

Азырынча экс-акимдин жакындары жана адвокаттар анын кармалышы жана УКМКнын маалыматында айтылгандар боюнча комментарий берише элек.

Жарандык активист Алмаз Темирбек бул окуялар тууралуу өз ою менен бөлүштү:

Алмаз Темирбек
Алмаз Темирбек

"Албетте, мындай иштерди карапайым адамдар уюштура албайт. Сойкукана уюштуруп, чет элдиктер болобу, өзүбүздүн жарандар болобу, аларга кыздарды сатып жүргөн адамдардын артында криминалдык чөйрөдө болобу, жогорку бийликте болобу, күч кызматтарында болобу, калкалоочу адамдары болот. Алардын артында таасирдүү адамдары сөзсүз болот. Акыркы окуялар көрсөттү: бизде ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер канчалык деңгээлде кылмыштуу топтор менен коюн-колтук алышып кетишкенин көрдүк".

Ноябрь айында атайын кызмат Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн бир катар жайларды аныктап, алардын уюштуруучуларын кармады. Сойкуканаларда иштейт делген ондогон кыздардын бетин ачык көрсөтүп, айрымдарын паспорту, ата-энесинин аты-жөнү жана телефон номуру менен кошо сүрөткө тартып жарыялаган.


УКМК адатта кылмышка шек саналып кармалгандардын сүрөтүн жарыялаганда көзүн жаап коёт. Бул жолу кайсы бир соттун чечими менен кылмышкер деп расмий түрдө таанылбаган, күнөөсү далилдене элек кыздарды ачык жарыялап, жеке маалыматын да жайылтканы коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Атайын кызмат муну “алдын алуу иштери” деп түшүндүрдү. Бул окуя коомчулукта талкууга түшүп, адамдын жеке жашоосунун купуялуулугу бузулду деп сынга кабылган.

“Сойкуканадан кармалды” делген кыздардын жана аялдардын укугу корголушун камсыздоо зарылдыгын Акыйкатчы Жамила Жаманбаева да тийиштүү мамлекеттик органдарга эскерткен.

"Сойкулукка кылмыш жоопкерчилиги жок"

Кыргызстанда сексуалдык кызмат көрсөтүүнү кылмыш деп атоого негиз болуучу мыйзам же ченемдик акт жок. Андай иш менен алектенгендер жазаланбайт, кармалган учурда “бейбаштык” же “коомдук тартипти бузуу” сыяктуу беренелер менен айып пул салынат.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Тилек Оторовдун "Азаттыкка" маалымдаганы боюнча, акча үчүн сексуалдык кызмат көрсөткөндөргө карата кылмыш жоопкерчилиги жок, ал эми аны уюштурган жана көмөктөшкөндөргө карата жаза бар.

Тилек Оторов
Тилек Оторов

"Кылмыш кодексинин 159-беренеси - Сойкулукка тартуу боюнча миңден эки миң эсептик көрсөткүчкө чейинки айып пул салуу же 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Ал эми 160-берене - Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү беренеси боюнча мүлкүн конфискациялоо же аны колдонбостон, миңден эки миң эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салынат же жети жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган".

ИИМдин маалымдашынча, 2023-жылдын он айында Кылмыш кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен 39 кылмыш иши козголуп, 21и соттук кароого жиберилген. Жети иш убактылуу токтотулган.

Тыюуга болобу?

Укук коргоочулардын белгилөөсүндө, сойкулук - жалпы дүйнө жүзүндө өзү менен кошо адам сатуу, кулчулук, маңзат соодасы сыяктуу кылмыштуу иштерди алып жүрөт. Кыргызстанда да сойкулук ири шаарларда гана эмес, район борборлорунда, чакан шаарчаларда да бар экендигин белгилеген укук коргоочу Азиза Абдирасулова муну тыюунун тескери жактары күч аларын айтууда.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Азыркы учурда сойкулук менен алектенгендер өздөрүнүн саламаттыгын текшерип, алдын алуу ишин колдонуп келишет. Эгер катуу тыюу салынса, жазалоо жолдору ачылса, анда алар көмүскөгө кетишет. Саламаттыгын текшертпейт, мындан жыныстык жол аркылуу жугуучу илдеттер көбөйөт. Булар менен иш алып барган бейөкмөт уюмдарга да кайрылбай калышат. Экинчиден, суроо-талап болгону үчүн товар болот дегендей эле, мындай кыздардын кызматынан пайдаланып келген эркектер кайда барат? Зордуктоо көбөйөт деген коркунуч бар. Сойкулукту жоюу маанилүү, бирок аны жоюудан коомго коркунуч алып келүүчү жагдайлар тууралуу ойлошубуз керек. Бийлик, күч органдары бул маселени алгач коомчулукта талкуулашы керек эле. Мамлекет сойкулукту тыйып коет дегенге көзүм жетпей турат. Андай жолго барган кыздарды тирүүлөй өрттөп жиберген ислам өлкөлөрүндө деле сойкулук гүлдөп атканы белгилүү".

Кыздарды, жашы жете электерди сексуалдык эксплуатациялоого максатында соодалоо - дүйнөлүк деңгээлде аягы тыйылбай келе жаткан маселе экенин эл аралык адистер белгилеп келишет.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, адам сатуудан жылына 150 млрд доллар киреше түшсө, мунун 70% кыздарды жана жашы жете элек өспүрүмдөрдү сексуалдык эксплуатациялоодон алынат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG