Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:21

Грузияда «чет элдик агент» мыйзамына каршы акция уланууда


Тбилиси. 2024-жылдын 14-майы.
Тбилиси. 2024-жылдын 14-майы.

Грузияда талаштуу «чет элдик агент» мыйзамына каршы нааразылык акциясы уланып жатат. «Азаттыктын» грузин кызматынын маалыматына караганда, бүгүн 15-майда да борбор калаа Тбилисиде миңдеген демонстрант чогулууда.

Бир нече аптадан берки коомчулуктагы нааразылыкка, АКШнын жана Европа Биримдигинин сынына карабастан бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын демилгеси жана аракети менен аталган мыйзам долбоору 14-майда парламентте толук кабыл алынган.

Президент Саломе Зурабишвили тынч митингдерди колдоп, бул мыйзамга вето коёрун айткан. Мамлекет башчынын чечим кабыл алышына мыйзамда 10 күндүк мөөнөт каралган.

Бирок «Грузин кыялынын» жана парламенттеги ага өнөктөш фракциялардын депутаттары президенттин ветосун ашып өтүүгө добушу жетиштүү экенин билдиришкен.

Бүгүн 15-майда Зурабишвили Тбилисиде бул өлкөгө иш сапар менен барган Латвия, Литва, Эстония жана Исландия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен биргелешкен пресс-конференция өткөрөт.

Кечээ мыйзам парламентте 84 «макул» жана 30 «каршы» добуш менен кабыл алынгандан кийин полиция коопсуздук чараларын күчөтүп, демонстранттарды топтолуп турган жеринен сүрүп чыгарган, кеминде 13 киши кармалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG