Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Ташиев "интимдик кызматтан колдонгон" аткаминерлердин тизмеси бардыгын айтты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев WhatsApp мессенжери менен Telegram каналдардагы тайпаларды текшерүүдө интимдик кызмат көрсөткөн 200дөй кыз аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, бул тайпалардын уюштуруучулары жана кыздар менен кардарларды байланыштырып турган эки адам кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

“Бул кыздардын кызматын жогорку кызматтагы адамдар, мамлекеттик кызматкерлер пайдаланган. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары, чиновниктер, депутаттардын жардамчылары, кеңешчилери, ишкерлер, коомдук ишмерлер бар. Ал кыздардын кызматын кимдер колдонгондор тууралуу бизде толук тизме бар. Бизде интимдик кызмат көрсөткөндөрдү калкалаган мамлекеттик кызматкерлерди тактоо иштери жүрүп жатат”.

Ташиев 30-ноябрда Балыкчы шаарында атайын кызматтын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, өлкөдө 1-декабрга чейин интимдик кызмат көрсөткөн жайларды жабуу тапшырмасын бергенин айтты. Эгерде кайсы бир аймакта сойкукана табылса жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милициянын жетекчилери кызматтан алынарын кошумчалады.

Ноябрь айында атайын кызмат Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн бир катар жайларды аныктап, алардын уюштуруучуларын кармады. Сойкуканаларда иштейт делген ондогон кыздардын бетин ачык көрсөтүп, айрымдарын паспорту, ата-энесинин аты-жөнү жана телефон номуру менен кошо сүрөткө тартып жарыялаган. Атайын кызматтын күнөөсү далилдене элек кыздарды ачык жарыялап, жеке маалыматын жайылтканы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Атайын кызмат муну “алдын алуу иштери” деп түшүндүрдү.

Акыйкатчы Жамила Жаманбаева тийиштүү мамлекеттик органдарды “сойкуканадан кармалды” делген кыздардын жана аялдардын укугун коргоону камсыздоого чакырды.

Кыргызстанда сексуалдык кызмат көрсөтүүнү кылмыш деп атоого негиз болуучу мыйзам же ченемдик акт жок. Андай иш менен алектенгендер жазаланбайт, кармалган учурда “бейбаштык” же “коомдук тартипти бузуу” сыяктуу беренелери менен айып пул салынат. (BTo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG