Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Түркмөн лидери конокторун Каспий жээгинде тосту


Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери бейрасмий жолугушууда.
Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери бейрасмий жолугушууда.

Түркмөнстанда Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу өтүп жатат. Президенттердин алгачкы диалогу бейрасмий форматта өтүп, өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов конокторду Каспий деңизинин жээгинде тосуп алды.

Жолугушуу деңиз жээгиндеги "Аваза" курортунда болуп өттү. Курорт Түркмөнбашы шаарынан 12 чакырым алыстыкта, Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан. Президенттер келерден бир күн мурун шаарга кирген жолдор жабылып, жергиликтүү калктын күнүмдүк жашоосу үзгүлтүккө учураганы айтылууда.

"Аваза" туристтик аймагындагы көчөлөр.
"Аваза" туристтик аймагындагы көчөлөр.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, иш-чара аяктаганга чейин "Аваза" түркмөн жарандары үчүн жабык болот. Мындан тышкары Түркмөнбашы шаарынын чоң көчөлөрүнүн боюндагы үйлөрдүн терезелерин ачууга тыюу салынган. Ал күндөрү коомдук транспорт менен таксилер дагы токтотулганы белгилүү болду.

"Түркмөнстан.news" сайты президенттердин жолугушуусуна даярдыктын коомчулукка тийгизген таасири тууралуу жазды. Анда 3-августтан баштап "Авазадагы" мейманканалардан жергиликтүү туристтер чыгарылып, Балканабат шаарына убактылуу жөнөтүлгөнү жазылат.

"Аваза" туристтик аймагы.
"Аваза" туристтик аймагы.

Ал эми Turkmen.news басылмасы жеке булактарына таянып, Түркмөнбашы аэрпортунда башка учак каттамдары токтотулгандыктан, шаардагы таксилердин баасы кескин көтөрүлүп кеткенин кабарлады.

Басылма ошондой эле, күтүүсүз жерден мейманканалардан чыгарылган кээбир туристтер Балканабатка убактылуу жайгашууга аргасыз болгонун, бул шаардагы турак жайдын ижара акысынын дээрлик үч эсе кымбатташына алып келгенин жазат.

Азербайжан - Түркия - Түркмөнстан саммити

Ал ортодо Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен бейшембиде телефон аркылуу сүйлөшүп, Түркмөнстанга болгон сапарын кийинкиге жылдырды. Ошентип августка пландаштырылган Азербайжан - Түркия - Түркмөнстан үч тараптуу саммитинин качан өтөөрү азырынча айтыла элек.

Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары саммиттин жылышын Түркиянын токойлорунда чыккан өрткө байланыштырды. Бирок бул чечимге 1-августта Түркмөнстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун алдында өткөн митинг түрткү болгону айтылууда. Анда ондогон түркмөнстандык активисттер кармалып, кыйноого кабылганы кабарланган. Кийин кармалган он активисттин тогузу бошотулуп, бирөө мыйзамсыз митинг өткөрүү беренеси боюнча административдик жазага тартылган.

Блогер Фархад Дурдиев.
Блогер Фархад Дурдиев.

"Консулдуктун ичинде таяк жедим" деген түркмөнстандык активист жана блогер Фархад Дурдиевдин кабыргасы сынып ооруканага жеткирилген. Ал түрк полициясына арыз менен кайрылып, өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу менен өзү жеке байланышканын айтат.

"Мени консулдуктун жанында өзүмдүн мекендештерим эле кармап имаратка киргизишти. Ал жакта беш кызматкер бар экен. 10 активистти консулдуктун ичинде сабашты. Көрсө, Стамбулда жашаган эле башка түркмөнстандык жигиттерди жалдап мени карматышыптыр. Кийин бизди бир автобуска салып шаардын мен көрбөгөн жерине алып барып таштап салышты. Мен ооруканага барсам кабыргам сыныптыр, башкаларынын колдору сынган. Дароо полицияга кайрылып арыз жаздык, кийин ички иштер министри менен сүйлөшүп, ага бизге кылган мамилени түшүндүрдүм. Ал бул ишти териштирүүгө сөз берди", - деди түркмөнстандык Дурдиев.

Эскерте кетсек, 1-августта активисттер Түркмөнстандын Стамбулдагы консулдугунун алдында Гурбангулы Бердымухамедовдун авторитардык саясатына каршы акцияга чыгууга аракет кылышкан.

Укук коргоочу уюмдун маалыматына караганда, нааразылык акциясына катышкан 10 активист түрк полициясы тарабынан камакка алынган.

"Түркмөнстан хроникасы" басылмасы жазгандай, 5-августта түркмөн консулдугунда дипломаттар тарабынан сабалган Дурдиев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен телефон аркылуу сүйлөшүп, түрк министри жакынкы күндөрү Дурдиев менен жолугушаарын айткан. Мындан тышкары, Сойлу камакка алынган активисттердин баары бошотуларын билдирген.

Серепчилер Эрдогандын Түркмөнстанга пландалган сапарынын кийинкиге жылдырылышы дал ушул кармоолор менен байланышы бар экенин айтышууда. Түркмөнстандын Стамбулдагы консулдугу окуя боюнча комментарий берген жок.

Ал эми Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган акыркы жолу Түркмөнстанга 2015-жылы барган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG