Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:04

Жапаров Борбор Азия лидерлеринин Ашхабаддагы жыйынына катышат


Ашхабад шаары.
Ашхабад шаары.

Президент Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанда болот. Бул тууралуу 4-августта мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жыйынына катышат.

Жыйында соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук-коммуникациялык тармактарда кызматташуу, коронавирус пандемиясына каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланып, жыйынтыгында президенттердин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат.

Жыйындан тышкары Садыр Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн экономикалык форумуна жана лидер аялдардын форумуна катышат.

Садыр Жапаров Түркмөнстандын борбору Ашхабадда быйыл июнь айында да болуп, бул өлкөнүн экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө, кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышкан жана жетекчилик менен жолугушууларды өткөргөн.

Аталган жыйын Кыргызстанда өтүшү керек болчу. Бирок өткөн жылы Кыргызстандагы октябрь окуяларынан кийин Түркмөнстан жыйынды Ашхабадда өткөрүүнү сунуштаган.

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин саммитин уюштурууну Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев сунуштап, алгачкы жолу 2018-жылы Казакстанда өткөн. 2019-жылы Ташкентте уюштурулган. Үчүнчү саммит 2020-жылы август айында Бишкекте өтүшү керек эле, бирок коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга калтырылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG