Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Түркияда 216 дарыгер коронавирустан көз жумду


Түркиялык дарыгерлер бейтапты текшерген соң үйдөн чыгууда. Анкара шаары. 2020-жылдын 27-апрели.
Түркиялык дарыгерлер бейтапты текшерген соң үйдөн чыгууда. Анкара шаары. 2020-жылдын 27-апрели.

Түркияда 216 дарыгер коронавирустун айынан көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 9-декабрда басма сөз жыйынында билдирди.

Министр ошондой эле өлкөдө бир миллион жүз миңге жакын дарыгер жигердүү иштеп жатканын жана Түркияда коронавирусту жуккандардын жалпы санынын 10% дарыгерлер экенин кошумчалады.

Министр Кожа Түркияга декабрь айынын аягына чейин кытайлык «Sinovac Biotech» компаниясынын коронавируска каршы вакцинасынан 50 миллион доза келе турганын жана алгач бул вакциналар медиктерге сайыларын маалымдады.

Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу быйыл 11-мартта катталган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 9-декабрда Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 15 531 кишиге жетти. Вирус жугузуп алгандар жарым миллиондон ашып, алардын 448 миңге жакыны айыгып чыкты.

Түркияда 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлдү. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок тургундар үйлөрүнөн чыкпоого тийиш.

Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок. (ElB)

XS
SM
MD
LG