Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Түркия-Кытай: кечиккен вакцина, талкууга түшкөн келишим


Уйгур демонстранты. Стамбул шаары. 2019-жыл.
Уйгур демонстранты. Стамбул шаары. 2019-жыл.

25-декабрда расмий Бээжин Түркия менен кылмышкерлерди өз ара экстрадициялоо тууралуу келишимди ратификациялады. 2017-жылы кол коюлган келишим дем алыш күндөрү Кытайдын Бүткүл Элдик Конгрессинде жактырылып, мамлекеттик медиа каражаттары документ "терроризмге" каршы иштерде колдонуларын билдирди.

Кытай менен Түркиянын ортосундагы «Кылмышкерлерди өткөрүп берүү» келишимин Кытай Элдик Конгрессинин Туруктуу комитети 25-декабрдагы курултайында бир тараптуу кабыл алды. Бул келишимге 2017-жылы ошол кездеги эки өлкөнүн юстиция министрлери кол коюшкан.

Келишим бир канча жободон туруп, байкоочулар белгилегендей, негизинен уйгурлар жана башка кытайлык аз улуттарды ич ара экстрадициялоо маселесине такалат. Анда саясий кылмышкерлер жана Кытайдын диний себептерден улам жазалоого туш болгон жарандарын Түркия экстрадициялабайт деп жазылган. Ошондой эле келишимде Анкара кытайлык жарандарды артка кайтаруудан баш тартуусуна жол берген дагы көптөгөн учурлар камтылган. Мисалы, депортациялоо өтүнүчү жөнөтүлгөн өлкөдөгү адам «саясий кылмыш» жасады деп эсептелсе, ал адам көчүп келген өлкөнүн жараны болсо же башпаанек укугунан пайдаланып жатса, расмий Бээжиндин депортациялоо өтүнүчү четке кагылат.

Бул келишимди Кытай тарап кабыл алганы менен, түрк парламентинин талкуусуна коюла элек.

Бүгүнкүгө чейин Түркия бир да уйгурду, же башка мусулман качкындарын Кытайга депортациялаган эмес. Тескерисинче, Түркияга келип башпаанек сураган миңдеген кытайлык уйгурларга жана башка мусулмандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, түрк жарандыгын алып, жаңы жашоо баштагандары миңдеп саналат.

Анткен менен, британиялык «Гардиан» басылмасы өткөн аптада Кытай бийлиги Түркияга «кылмышкерлерди өткөрүп берүү» келишимине кол коюу үчүн басым жасай баштаганын жазып чыкты. Макалада мындай кысым үчүн расмий Анкаранын Кытайдан сатып ала турган коронавируска каршы вакцинасы колдонулуп жатканы жазылган.

Түрк өкмөтү коронавирус вакцинасын сатып алуу боюнча кытайлык «Sinovac» фирмасы менен кол алышкан. Бирок 50 миллион доза вакцинаны Кытайдан Түркияга жеткирүү эки жолу түрдүү себептерден улам кийинкиге жылдырылган. Алгачкы үч миллион доза 11-декабрда келет деп, кийин 28-декабрга жылганы кабарланган. Акыр аягы үч миллион доза кытайлык вакцина 30-декабрда гана Анкарага жеткирилген. Бул кечигүү тууралуу Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа «Твиттердеги» баракчасында түшүндүрмө берди.

«Бээжинде жана кытай бажысында коронавирус жуктуруп алгандар көбөйгөндүктөн чек арадагы текшерип өткөрүү иштери убактылуу токтотулган. Ушул себептен улам күтүлүп жаткан вакциналарыбыздын келиши бир-эки күнгө кечигип жатат. Кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо кабардар кылабыз», - деп жазылган маалыматта.

Коронавирус вакцинасы Түркиядагы уйгурлардын экстрадициясына байланыштуу кармалып жатканы социалдык тармактарта айтылууда. Айрымдары түрк парламенти кытайлык кылмышкерлерди кайтаруу келишимине бир түндө кол койгонун жана ошон үчүн гана Кытай вакциналарды Түркияга жөнөткөнүн жазышты.

Анткен менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу коронавирус вакцинасынын кечигүүсү Түркиядагы уйгурлардын жагдайы менен байланышы жок экенин билдирди.

«Биз Кытайдын Тышкы иштер министрлигинен вакцинаны экспорттоого уруксат сураганда, кошумча маселе катары уйгурларга болгон мамилебизди да айттык. Керек болсо делегация жөнөтөрүбүздү эскерттик. Пандемия да акырындап бүтүп баратат, биз уйгурлардын абалын текшериш үчүн делегация барсын деп сурандык. Биз уйгурларды саясий иштерде колдонбойбуз, алардын укуктарын коргойбуз».

Анын бул сөзүн утурлай Түркиядагы уйгурлардын эки фондунун жана бир диаспорасынын өкүлдөрү да расмий билдирүү жарыялашты.

«Түркия кечээ, бүгүн жана эртең да Чыгыш Түркстандык боордошторунун көйгөйлөрүн чечүү максатында жанында болоруна ишенебиз. Ал эми социалдык тармактарда жазылып жаткан келишим түрк парламентинен өткөнүн, мындан улам уйгурлардын Кытайга экстрадициясы каралары жана коронавирус вакцинасы бул келишим өткөндө гана жөнөтүлөрү тууралуу сөздөрдү түрк өкмөтүн шылдыңдоо жана кемсинтүү катары кабыл алабыз».

Буга чейин Түркия Кытайдагы саясий лагерлерде 1 миллиондон ашык уйгур жана башка азчылык өкүлдөрү кармалып турганын билдирип, Бээжинди мындай жайларды жабууга чакырган. Ал эми Кытай Шинжаңда мусулман азчылыктарынын укугу бузулуп жатканы тууралуу Түркиянын билдирүүсүн четке каккан.

Түркияда азыр болжол менен 50 миңге жакын кытайлык уйгурдун качкын статусу бар деп болжолдонууда. Андан тышкары дагы миңдеген шинжаңдыктар убактылуу же туруктуу жашоого уруксат, же болбосо Түркиянын жарандыгын алышкан. 2014-2015-жылдары жүздөгөн уйгур жана башка азчылык өкүлдөрү Кытайдан Мьянма, Вьетнам, Таиланд, андан соң Малайзияга мыйзамсыз өтүп келишкен. Алар Түркиянын Куала-Лумпурдагы элчилигинде атайын документ алып, башка өлкөлөргө чыкканы да айтылууда.

2021-жылы Түркия менен Кытай дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгын белгилейт. Кытай 20 миллиард долларлык соода көлөмү менен Түркиянын Азиядагы эң башкы соода өнөктөшү болуп келет.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер расмий Анкара менен Бээжин 2010-жылы өз байланыштарын стратегиялык кызматташтык деңгээлине көтөргөндөн кийин мурдагыдан кыйла ыкчам ылдамдыкта өнүгө баштаган.

XS
SM
MD
LG