Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:58

Түркияда жоголгон Жазгүл аман-эсен табылды


Стамбулда табылган кыздын сүрөтүн Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу таратты.
Стамбулда табылган кыздын сүрөтүн Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу таратты.

Түркиянын Стамбул шаарында дээрлик эки аптадан бери дайыны чыкпай жаткан кыргызстандык кыз аман-эсен табылды.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев бул тууралуу 5-июлда "Азаттык" радиосуна кыздын жанында туугандары бар экенин, кыскача тергөө иштеринен кийин Кыргызстанга жөнөтүлө турганын билдирди.

"Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбековдун жана Түркиянын ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташтын жеке көзөмөлүнүн, тыгыз иштөөсүнүн натыйжасында Стамбулдун Кадыкөй районунда кыз аман-эсен табылды, анын туугандары жанында. Улан Ниязбековго жана Мехмет Акташка ыраазычылык билдиребиз. Кыскача тергөө иштери болот, ошондон кийин кыз туугандары менен чогуу Кыргызстанга жөнөтүлөт", - деди Казакбаев.

Стамбулга Бишкектен учак менен жетип, андан ары автобус менен Болгариянын Варна шаарына жөнөп кетмекчи болгон кыздын жоголушу коопсуз миграция маселесин күн тартибине чыгарды.

Стамбулдан ары Болгарияга кетмек

24-июнда Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна жоголгон кыздын апасы кайрылып, ал эки күндөн бери байланышка чыкпай жатканын кабарлаган. Анын айтымында, кызы Бишкектен Стамбулга чейин учак менен барып, андан ары Болгариянын Варна шаарына автобус менен жетиши керек болчу.

Ал жакка кандай максатта барары маалымдалган эмес. Кыздын качан, кандай шартта жоголгону тууралуу маалыматтар да жок.

Социалдык тармактарда тараган маалыматтарда ал акыркы жолу таанышынын Инстаграм баракчасынан апасына "телефону жоктугун, кыйналып атканын" билдирип, ошол бойдон байланышка чыкпаганы айтылат.

Кызды Түркиянын полициясы издөөгө киришкен. Сабиха Гөкчен аэропортунун миграциялык кызматы анын эч тоскоолдуксуз Стамбулга киргенин тактаган. Андан кийин кайда кеткени белгисиз болгон.

Издөө иштери Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин көзөмөлүндө экенин Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев 3-июлда “Азаттыкка” билдирген.

"Миграцияга чыгуу кинодогудай эмес"

Түркияга Кыргызстандан миграцияга көбүнчө кыз-келиндер иштегени барышат.

2014-жылдан бери Түркияда жашап, иштеп келе жаткан Айпери Сейитбекова тигүү цехтеринде же бала багып, үй кызматчысы болуп иштеген аялдардын укуктары көп учурда корголбой турганын айтып берди:

“Бул илгертен эле келе жаткан маселе. Себеби, ага көп көңүл бурулбай келет. Негизи эле Түркиядагы кыз-келиндердин эмгекке болгон укугу жакшы корголбойт. Мен дайыма биздин кыздарга "бул жерде жашоо кинодогудай, сериалдагыдай эмес" деп айтып келем. "Бул жерге келе жатканда барар жериңдин толук дарегин, кабыл ала турган адамдын толук аты-жөнүн, иштей турган ишиңдин тартибин, жардам сурай ала турган деңгээлде же жок дегенде учурашкандай болуп тилди үйрөнүп ал" деп кеңеш айтып келе жатам. Ошол жердин милиция бөлүмүнүн, миграция кызматынын номурларын да билип алууну сунуштайм. Бирок тилекке каршы, улан-кыздар Кыргызстандагы ар кандай агенттиктер аркылуу келгендиктен, алданып, жоголуп кеткен учурлары көп болууда”.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2020-жылы Түркияда адам сатуунун жалпы 282 курмандыгы расмий аныкталган. Алардын арасында кыргызстандыктар да болгон.

Жеке агенттиктер жоопкерчилик менен иш кылышы керек

Соңку жылдары жүздөгөн жарандар Англия, Болгария, Германия сыяктуу ондогон Европа мамлекеттерине мезгилдик жумушка кетип жатат. Бул багыттарга кызыккандардын саны Орусия Украинага басып киргенден кийин дагы көбөйгөн. Ошол эле учурда жарандарды Европага ишке орнотууну убадалаган агенттиктердин, компаниялардын саны артууда.

“Инсан Лейлек” коомдук фондунун негиздөөчүсү Гүлнара Дербишова Түркияда дайынсыз болуп жаткан кыз миграцияга кандай жагдайда чыгып кеткенин аныктап, эгер жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин кызматын колдонгон болсо, аларды дыкат изилдеп чыгуу зарыл экенин айтат:

"Бир шаарга транзит аркылуу жеткирип жатканда менчик агенттикттер жеткиче толук коштоп жүрүшү керек. Азыр байкашымча көп мигранттар виза алгандан кийин өздөрү билет алып, өз алдынча кетип жатышат. Алардын коопсуздугун ким көзөмөлдөйт? Жеке менчик агенттиктер жумуш таап, виза алып бергенден кийин жоопкерчилик албай жатышат. Аларга карата мыйзам да жок. Натыйжада кыз же анын ата-энеси күнөөлүү болуп чыга келет. Андыктан ар кандай жеке агенттикттер кардары жумушка жетип, киргенче көзөмөлгө алышы керек. Бул кыздын да кайсы агенттик менен кеткенин изилдөө керек. Былтыр он чакты мигрант жеке агенттик аркылуу Түркияга кетип, жумушсуз калгандан кийин ал агенттик лицензиясы жокко чыгарылган".

Жарандарды чет мамлекетке жумушка орнотуу агенттигинин директору Алмаз Алыбаев “эгер миграцияга чыгып кетип жаткан жаран мамлекеттик органга катталып койсо, Стамбулда болгондой кырдаалдарда өзүнө да, мамлекеттик органга да жеңил болот” деп билдирди.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, Стамбул шаарында дайынсыз болуп жаткан кыз жеке агенттиктер менен келишим түзгөн эмес:

"Азыркы маалымат боюнча, келишим түзбөй кеткен. Бирок дагы да карап атабыз. Жеке менчик компаниялардан сурап жатабыз. Азырынча оң жооп ала элекпиз. Эгер агенттик аркылуу кеткен болсо, биз аларды чакырып, сурап, издөө ишин жеңилдетмекпиз".

Ушул тапта Кыргызстаниш менен камсыз кылуу боюнча 181 менчик агенттиктин расмий иштөөгө уруксаты бар. Алар жарандарды 20дан ашуун мамлекетте иш менен камсыздай алышат.

Иштөөгө расмий уруксаты бар агенттиктердин тизмесин чет мамлекетке жумушка орноштуруу агенттигинин сайтынан табууга болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG