Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Сирия: балалуу аялдарды Кыргызстанга кайтаруу машакаты


Сириядагы лагерлердин бири. Архивдик сүрөт.
Сириядагы лагерлердин бири. Архивдик сүрөт.

Кыргыз өкмөтү ушул тушта Сирияда качкындар лагерлеринде кармалып турган кыргызстандык келиндерди балдары менен чогуу алып келгени жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен ЮНИСЕФ уюмунун өкүлү Кристин Жольмдун 30-октябрда жолугушуусунда айтылды.

Расмий маалыматка ылайык, Сирия менен Иракта атайын лагерлерде кыргызстандык 200дөй келин 400гө чукул бала-чакасы менен отурат. Былтыр расмий Бишкек "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен 79 баланы кайтарган.

Кыргызстандык Зарема Жумагулова чиедей төрт баласы менен ушул тушта Сириянын түндүк-чыгышындагы Ал-Хасака аймагында күрддөр көзөмөлдөгөн "Ал-Хол" лагеринде отурат. Анын бир тууган эжеси Аиданын "Азаттыкка" билдиришинче, сиңдиси мекенине кайтып келүүнү саат санап күтүп жатат.

"Биз бийликке кайрылып эле келе жатпайбызбы. Ошонун жыйынтыгы чыгып, эми алып келебиз деп жатышат. Аз күн калды. Сиңдим менен байланышып турам, лагерде отурат, баары жакшы, келебиз деп сүйүнүп, күтүп жатышат".

Зарема Жумагулованы эки баласы менен Сирияга Түркия аркылуу 2014-жылы күйөөсү алып кеткен. Ошол кезде балдарынын улуусу төрт, кичүүсү бир гана жашта болгон. Келиндин күйөөсү көп өтпөй мерт болгон жана ал жактын мыйзамына жараша бир айдан кийин башын башкага байлаган экен. Келин андан эки балалуу болуп, ал күйөөсү да согушта өлгөн.


Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жайында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген. Расмий Бишкек аларды кайтарууга бир канча жылдан бери аракет кылып келет.

Бул маселени Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 28-октябрда Бириккен Улуттар Умунун балдар корунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Кристан Жольм менен талкуулады. Президенттин басма сөз кызматы анда балалуу келиндерди алып келүүгө аракет жасалып жатканын билдирди.

"Коопсуздук кеңешинин катчысы жакынкы мезгилде Түндүк Сириядан балалуу энелерди алып келүү маселесине токтолду. Ал Кыргызстан өз жарандарын репатриациялоо (ред.: мекенине кайтаруу) жараянын ишке ашыруу менен балдарга баладай мамиле жасоо принциптерин, тагыраак айтканда, алар тууралуу купуялуулукту сактоо, ошондой эле репатриацияланган балдардын энелери менен туруктуу байланышын камсыз кылуу принциптерин карманарын билдирди. Марат Иманкулов бул ишке тартылган бардык мамлекеттик органдар кайтып келе турган балдарды тосуп алуу жана аларды коомго аралаштыруу үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүүгө камданганына ишендирди",-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Сириядан кайта албай жаткан кыргызстандыктардын ата-эне, туугандары бир канча жолу өлкө жетекчилерине кайрылып, жардам сурап келишкен.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин мүчөсү, "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул багытта атайын программалар керектигине, кайтарылып келгендерге адистер жардам бериши зарылдыгына токтолду.

"Кыргыздарда "адашкандын айыбы жок, айланып ордун тапкан соң" деген сөз бар. Эми болор иш болуптур. Денеңде анча-мынча мүчөң ооруса кесип салбайсың да. Алар биздин жарандар, биздин мекендештер. Алар ал жакка адашып кеттиби, адашпай кеттиби, же мажбурлап алып кетиштиби, айтор ошол жакка кетишкен. Аларды кайтарып алып келүү туура. Бул жакта алар үчүн коомго кошуу боюнча өзүнчө программа керек. Кайтып келгендер идеологиялык кандай таасирден өттү, кандай акыбалда болушту, ошонун баарын жакшылап иликтеп, жардам берүү керек. Бирок бул жерде чыныгы адистер болушу керек. Психологияны, динди билген адистер болсо жакшы болот эле. Айрыкча балдар менен иштөө зарыл. Алардын айрымдары ымыркайында кеткен. Көбү ошол жакта төрөлгөн. Алардын көргөнү азыркы абал болуп жатпайбы. Алардын уядан көргөнү башка тил, башка маданият, башка чөйрө болду. Аларга эң мыкты адистерди тартып, ушул багытта иштеш керек. Алып келгенден кийин олуттуу иштер болушу керек",-деди Кадырбеков.


Былтыр жазында кыргыз өкмөтү "Мээрим" деп аталган гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен 79 баланы алып келген. Алардын теңи Ирак, Сирия жана Түркияда төрөлгөнү белгилүү болгон. Алар Кыргызстанда реабилитациядан өтүп, бул жактагы туугандарына кайтарылган. Учурда кайтарылган балдардын көбү мектепке окуп жатат.

Талдоочу Орозбек Молдалиев Кыргызстан кайтып келгендерди коомго аралаштыруу жаатындагы башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алууну сунуштады:

"Ошол балдар башка чөйрөдө чоңойду. Согушту жана башка нерселерди көрдү. Аталарынан ажырап, энелери улам бир күйөөгө тийгендери да бар. Ошол келиндердин арасында "биздин күйөөлөрүбүз жихадда жүрөт, биз алар менен болушубуз керек" деп, Сирияга баарын билип-аңдап кеткендери да бар. Ошондуктан мунун баарын кылдат караш керек. Буларды дерадикалдаштыруудан өткөрүү зарыл. Буга байланыштуу атайын программалар бар. Мисалы, Германия өңдүү Батыштагы өнүккөн мамлекеттерде атайын адистер иштеп чыккан программалар бар".

Буга чейин атайын кызмат Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгонун билдирген. Өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топко кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ)бул топтун мүчөлөрүнүн Сирияда жана Иракта атайын лагерлерде кармалып турган аялдары менен балдарын мекенине кайтарууга жардам көрсөтүү үчүн атайын фонд түзгөн. Ал аталган аймактардан өз жарандарын алып кетүүнү каалаган өлкөлөргө каражат берет.

2013-2017-жылдар аралыгында Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, кайра келгендери да бар. Азыр эркиндикте жүргөн адамдар да күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG