Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:05

Толукбек Байзак: Ырларымды жашап жаздым


Толукбек Байзак.
Толукбек Байзак.

Толукбек Байзак өмүрүнүн отуз жылын миграцияда өткөрүп, ыр барагына сүйүү менен кусалыгын төккөн акын. Калемгердин "Күз шолоктойт тереземдин түбүндө", "Эх, кексе, Истанбул", "Жоголгон жылдар" аттуу ырлары ата журтунан алыс жүргөн мигранттын сагынычын, арманын баяндайт.

“Азаттык” жакын эле Бишкекте чыгармачыл кечесин өткөргөн акын Толукбек Байзак менен маек курду.

-Арыбаңыз, Толукбек ага. Бишкекте сиздин жеке чыгармачылык кечеңиз өттү? Ички толкундоо али да басаңдай электир?

-Бар бол, иним. Ыр кечемди Жазуучулар союзу чакан форматта бирок жакшы деңгээлде уюштуруп берди. Ал үчүн бирикменин жетекчиси Нурлан Калыбековго жана жалпы уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирем. Чыгармачылык кечеме мен сыйлаган, мени сыйлаган акын-жазуучу агаларым, поэзия күйөрмандары, калемгер ини-карындаштарым да келишти. Аларга да ыраазымын. Көп жылдан бери көрө элек таланттуу калемгерлер менен жолугушуу мени абдан толкундантты. Алардын мага болгон жылуу каалоо-тилектери шыктандырды. Ушул кечеден кийин окурмандарым көп экенине ынанып, алдыда али көп эмгектенишим керек экенин туйдум.

- Чыгармачыл адамдын көкүрөгүндө кандайдыр бир кусалык, бук жашайт дешет го. Айрыкча, бул сезим миграцияда жүргөн акынга өзгөчө тааныш болсо керек? Себеби мекенден алыс жүргөндө сагыныч, кусага жакын болот эмеспизби.

- Абдан туура айттың, мекендин баа-баркын анда жашап жатканда эмес, сыртка чыкканда көбүрөөк билет экенсиң. Сен айткан куса, бук ар бир мигрантты дайыма коштоп жүрөрү белгилүү. Ал эми чыгармачыл кишинин ичиндеги мындай бук бир чыгармага айланып кетери шексиз. Аныгында эле менин көптөгөн ырларым сагынычка, кусага толгон. Дал ушундай маанайда жазган бир ырымды окуп берейин:

“Маскөөдөгү жаңы жыл”

Кар себелейт жаан аралаш Маскөөдө,
Сууланышкан чачтарымды тараймын.
Бара жатып трамвайда элүүнчү,
Декабрдан арт жагымды караймын.

Караймын да, көздөн учкан карааны,
Алыстагы Ата Журтту самаймын.
Өтүп аткан бу жылды да узатып,
Чачтарымын ак талдарын санаймын.

Санаймын да, сагындырып ар убак,
Мени күткөн асылдарды айаймын,
Жок дегенде көңүлдөрүн көтөрүп,
Ырым менен сооротууга жараймын.

Мекен баркын сырттан гана сезесиң,
Мейли кайдан жаңы жылды тоспогун.
Силерге арнап бир чөйчөктү көтөрөм,
Бар болгула, менин азиз досторум!

- Сиздин дээрлик 30 жылдай өмүрүңүз, жалын чагыңыз чет жакта өткөн экен. Бул ырыңыз чынында эле ошол өткөн өмүргө саресеп салып кылчая караган, ары кусалык коштогон ыр болуптур. Дегеле миграция чыгармачылыгыңызга олуттуу таасир тийгизсе керек?

- Ооба, менин отуз жылдай өмүрүм, жаштыгым чет жакта өттү. Миграция чыгармачылыкка сөзсүз таасирин тийгизбей койбойт экен. Анткени сен бөтөн элде жүргөндө баары бир жарты киши сыяктана берет экенсиң. Өткөндө интернеттен бир сүрөт көрдүм, анда бир айкелчи мигранттын тулку боюн жасап, ичин көңдөй кылып коюптур. Бул эстелик Европанын бир мамлекетине коюлуптур. Мен мигрантты дал ошол ичи бош айкелге окшош, жарты адам элестетем. Өзүмдү да ар качан жарты сезип жүрдүм. Ырларымда да жалгыздыкты, мекенди, адамды сүйүүнү, жан дүйнөнү аңтарган кусалыкты, сагынычты ырдадым. Эмнени туйсам, ошону ырдадым. Башкача айтканда, жашап жаздым. Атактуу Алыкул акын айткандай “ырларыма жалган айткан жокмун”. Ага ырларым да күбө.

Эгемендик, эх кайран эгемендик

Эгемендик, эх кайран эгемендик,
Эркиндик деп кыйкырдык, чебелендик,
Ээсиз элди ээрчиткен эрен чыкпай,
Эчен жылдар дүйнөнү тегерендик.

Курсак дедик күнкорсуз түзүмүңдү,
Көрсөк дедик көлөкөң, үзүмүңдү,
Бирок чиркин "чөөлөрдөн" башкасынан,
Ким көрдү экен пайдаңды, үзүрүңдү.

Кан жолдордо кан кустук, куйкаландык,
Кас жоолорго туш болуп уйпаландык,
Кандарыбыз баш болуп саткын чыгып,
Канча жерди соодалап, сыйпаландык.

Эчен кылым жоголбой жеңе келдик,
Эзип жааган жамгырдай себелендик,
Эсен болгун Ата журт койчусу жок,
Эсен болгун эсилим эгемендик.

- Сиз өзүңүзгө тагдырлаш калемдештер менен чет жерде да чыгармачыл иш-чараларда жолугуп турдуңузбу? Дегеле чыгармачыл мигранттар өзүн өнүктүрүүгө убакыт бөлө алышабы?

- Чынында эле чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиздин ичинде чыгармачыл адамдар абдан көп. Өзгөчө мен көбүрөөк жашап калган Москвада. Анда чыгармачыл уюмдар, адабий бирикмелер өз ишмердүүлүгүн колдон келишинче жүргүзүп жатат. Сыртта иштеп жүрсө да жан дүйнө баалуулугуна маани беришкен мындай мекендештерге ыраазы болом. Мен да алар менен тыгыз байланышып, иш-чараларына катышып турдум. Бул арада биздин элдин таланттуу эл экенине чындап ишендим. Айрыкча адабий чөйрөнү мисалга алсам, абдан таланттуу акын-жазуучуларды көрдүм. Арасында дүйнөлүк деңгээлдеги акындар да жок эмес. Демек, мындай урпагы бар элдин келечеги кенен.

Бирок ичинен билген адам катары сырттагы мигранттарга мамлекеттин колдоосу абдан зарыл экенин айтып койгум келет. Аларды шайлоодо гана эстегенибиз өкүнүчтүү. Эгерде сырттагы мекендештердин эртеңин сактагыбыз келсе, аларга жардам берип, эне тилдүү бала бакча, мектептерди түптөөнү ойлонушубуз керек. Мамлекет ушул жагынан көп иш жасаса жакшы болмок.

- “Жер жарылса акын жүрөгү аркылуу өтөт” дейт эмеспи, дегеле, дүйнөдө болуп жаткан абалды сиздин да калемиңиз кыйгап өтпөсө керек?

- Туура. Дүйнөдөгү болуп жаткан орчундуу окуяларга акын киши кайдыгер карай албайт экен. Мисалы, Украинадагы согуш, кечээ жакында гана Түркия, Сирияда болгон зилзала жүрөктү канатты. Анткени дүйнөлүк каргашалар ар бир адамга мейли экономикалык жактан, мейли саясий жактан алалы өз таасирин тийгизбей койбойт экен. Аны жон терибиз менен сезип турабыз. Ушул берилген суроого Түркиядагы зилзала тууралуу жазган ырымды окугум келди:

Урандылар

Канча максат күм-жам болду,
Канча кыял урады.
Канча үйдүн очогу өчүп,
Күйбөс болду чырагы.

Урандылар, урандылар,
Канча өмүр бар жайраган.
Табылат деп тирүү жандар,
Канча үмүт бар байлаган.

Урандылар, урандылар,
Тыңшайлычы, угалы,
Акыретте сурагы бар,
Сынагыбы бу дагы.

Урандылар, урандылар,
Жүрөктөрдө уранды.
Ар убакта шыбыраган,
Унуттукпу кудайды?

Зилзаладан, урандыдан,
Издей албайм күнөөнү,
Ачкөздүктөн кутулбаган,
Накта адамзат күнөөлүү.

Урандылар, урандылар,
Тыбырчылайм жаталбай.
Урандылар алдындагы,
Жүрөгүмдү табалбай.

- Москва, Стамбулда эмне иштер менен алек болгонуңуз көп окурмандарга да кызык болсо керек. Дегеле Кыргызстандан кеткенден кийинки учуруңузду айтып берсеңиз?

- Мен чет жерде жүргөндө алдымдан учураган жумуштун баарын жасадым десем болот. Анткени ал жакта иш тандай албайсың. Жашоо үчүн анык жанталашуу сырт жакта болот. Башың иштеп, тилиң чечен болсо, жакшы иш табасың. “Башың иштебесе, кол менен буттун шору” деген кеп буга мисал. Мен көбүнчө котормочулук, андан кийин логистика багытындагы жумуштарда иштедим. Алгач барганда кара жумуштардан деле качкан жокмун. Негизи жашоодо зор максаттар менен жашоо өтө маанилүү экен. Кайсы бир акын “Улуу иштерди жасоо үчүн ааламда, улуу максат керек экен адамга” деп туура белгилеген. Улуу максаттарды койбосок жашоодон да тез чарчайт экенсиң. Ушул багытта да бир ырымды окуй кетейин:

Арман

Чарпылдым айдыңында өмүрүмдүн,
Чабыттап көктөмүндө көңүлүмдүн.
Чарчадым чындык көрүп чыркыраган,
Чаң басып тээ түпкүрүн жүрөгүмдүн.

Каржалган жылдар гана жазык болуп,
Кан жолдо жаштык гана азык болуп.
Канча эшик каккыладым бирок, баары,
Калышты түбөлүккө жабык болуп.

Кыялдар мен ишенген жалган болуп,
Кишилер мен сыйлаган балбал болуп.
Кайрадан жан талаштым жашаганга,
Көөдөнгө касиетүү арман толуп.

Ак боз ат өмүр өтөт айланганы,
Арыйсың көр тирликке байланганы.
Карыткан адамдарды жылдар эмес,
Карытат ишке ашпаган армандары.

- Эми кайрадан сиздин тиричилик Стамбулда уланат экен. Ушул учурларда акындын жүрөгүн эмнелер толгонтуп жатканы кызык?

- Мени жашоодо көп эле нерселер толгонтот. Дегеле толгонбогон күнүм да жок. Дагы көп чыгарма жаратсам дейм. Миграцияда жүргөн менин тагдырлаш мекендештерим мекенге аман-эсен келишсе экен деп тилейм. Мекеним кырсыктан алыс болуп, тынчтыкта жашаса дейм. Жараткан бей-бечараларга, жетим-жесирлерге ырайым кылса дейм. Адашкандар өзөгүбүзгө кайрылып келсек дейм. Айтор толгонуп эле турам. “Толкуну жок деңиз да деңизби” дегендей, дагы да толгонуп, толкуп эле туралы тирүүлүктө.

Истанбул

Сага кер мурут кезде келгемин,
Эми сакалдуу болгондо кайтамын,
Сага жаштыгымы бердим,
Сага мастыгымы бердим.
Сага денемен бир кесим эт бердим…
Сага жанымын бир бөлүгүн калтырдым…
Муну да аз дедиң…
Жаз дедиң бир дастан, жаз дедиң,
Сулуу болуп кулпундуң маңдайымда,
Шербет болуп тамшанттың таңдайымда,
Ээх, кексе Истамбул!

Жети дөбөңөн соккон шамал,
жети жолу айланып,
Мармарага түшкөн сымал,
жети жолу мен да айланып,
дал жети жыл сенде калдым.
Көр оокаттын азабынан,
көп максатым күм-жам болуп,
күйдүм-жандым.
Кѳп нерсени сенден таптым,
кѳп нерсеми жоготтум…
Сага ашык болгонуман,
жаштыгымы короттум.
Ээх, кексе Истамбул!

Сенде калдым узак жылдар,
канча күлдүм кайгырдым.
Эчен жолу кеттим сенден,
бирок канча кайрылдым.
Мени тарткан магнит сымал,
көчөлөрүң, буйткаларың,
сепилдериң, көк тиреген мечиттериң,
анан дагы акын жандуу жетимдериң,
ташы топурагы алтын Истамбул, Истамбул…

- Былтыр “Көчмөн дүйнө” аталышындагы алгачкы ыр жыйнагыңыз жарык көрдү. Башкалардай китеп артынан китеп чыгарганды көңүлүңүз сүйбөдү окшойт?

- Былтыр жарыкка чыккан “Көчмөн дүйнө” аттуу поэтикалык эмгегим менин отуз жылдык көчмөн жашоомдун жыйынтыгы болду. Ушул китепте болгон арманым, махабатым, сагыныч-кусалыгым камтылган. Бирок кээ бир өз элегимден өтпөгөн ырларым кирген жок. Дагы иштешим керек деп чечтим. Буга чейин эле чыгармачылыкка абдан жоопкерчилик менен мамиле кылып келдим. Дагы деле ушул ойдомун. Анткени менин чыгармачылыктагы айрым устаттарым ушуга үйрөткөн.

Кызыгы, устаттарымдын ичинен бир китеп чыгарбай өмүрдөн өтүп кеткендери да бар. Бирок шедевр ырлары эл ичинде окулуп, ырдалып жүрөт. Бул тагдыр ушундай экен да. Мен да арбын жылдар бою китеп чыгарбай келдим. Эми бул китебимдеги ырларымдын тагдыры кандай болот ал келечектин иши. Аманчылык болсо дагы китептерим чыгып калат деген изги тилектемин.

Аялды түшүнүштүн кереги жок

Аялды түшүнүштүн кереги жок.
Аялды сүйүш керек ченеми жок.
Аялга мээрим берип, кѳнүл берип,
азапты тарттырбайлы себеби жок.

Түгөнгүс түйшүк тартар өнөкөтү,
түгөнбөс ошондо да берекети.
Түбөлүк шыктандырган,суктандырган,
Аялзат Жараткандын керемети!

Энебиз,эжекебиз,карындашың,
Асыл жар,кыздарыңдын табылбасын.
Кайсы өлкө,сактай билсе аялзатын,
билемин эч убакта жаңылбасын.

Жыгылсаң колтугуңдан жөлөп,колдойт.
Керекпи катарлашып Мекен коргойт.
Улутту сактай турган аялзаты,
аялсыз эч убакта улут болбойт!

Аялды таарынтпайлы себеби жок.
Аялсыз өлкөнүн да кереги жок.
Аялдуу ушул дүйнө кандай сонун,
Аллахтын мындан өткөн белеги жок!

Деңизсиңби алыстагы азгырган

Деңиз окшоп алыстагы азгырган,
Толкун окшоп оюнкараак, наз кылган,
Кандай жансың ээликтирген, эңсетип,
Сүйүүң менен кышты дагы жаз кылган.

Кандай жансың кышты дагы жаз кылган,
Шарап сымал акылымды мас кылган.
Түйшүк салып түнү боюу уктатпай,
Түйшөлдүрүп түмөн ырды жаздырган.

Алдай албайм тилим начар, келегей,
Жандай албайм, акым да жок кенедей.
Ансыз деле азап тарттым жашоодо,
Жолун таппай, жээкке урунган кемедей.

Деңиздейсиң албуут, терең, жан алып,
Мен деңизчи ашык болгон карарып.
Толкунуңда чабалактайм балыктай,
Бирде өлүп, бирде кайра жаралып…

Алыстагы мухитсиңби азгырган,
Толкун сымал эркелеген, наз кылган.
Мынча неге ээлендирдиң, эңсетип,
Махабаттай кышты дагы жаз кылган.

Өмүр

Кызыктуу бир түш белем өмүр деген,
Чалкыган сүйүү менен, көңүл менен.
Мухиттей жакын болуп, закым болуп,
Мөлтүрөп карегимден төгүлбөгөн.

Бул өмүр бир берилген карыз белем,
Кызытып кан кайнаткан жарыш белем.
Милдети бу кудайдын азап белем,
Жалтактап жолоочудай жашап келем.

Кээде өмүр куу тагдырдын союлундай,
Кээде өмүр махабаттын коюнундай,
Бул өмүр эң бир жакшы түшүмө окшош,
Бул дүйнө ким бирөөнүн оюнундай.

Мекендин мейкининде толгоно албай,
Жоголгон жолборс сымал комдоно албай,
Тасмадай өмүр өтүп көз алдыман,
Жаткансыйм чала уйкудан ойгоно албай.

Издеткен эркиндикти жеңилбеген,
Көксөткөн кереметти көрүнбөгөн,
Жылт эткен ачуу, таттуу күндөрү бар,
Көз ирмем бир түш окшойт өмүр деген.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG